Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:17

Саясат

Жоогазын ыңкылабы: Ошто бийлик 18-мартта кулаган

2005-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразыланган 3000 чакты пикетчи ошо кездеги өлкө жетекчиси Аскар Акаевдин отставкасын талап кылышкан. Агездеги президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Кубанычбек Жумалиев, Ош облус губернатору Кубанычбек Жолдошев акция катышуучулары менен сүйлөшүүгө барбай койгондуктан, жаалданган жарандар 18-мартта түш оой облустук бийликти басып алышкан.

Ош, элдик толкундоолор. 19-март, 2005-жыл
Текст көлөмү - +
Оштогу окуянын катышуучулары эскеришинче, Кара-Кулжадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы 3000 чакты киши 2005-жылдын 9-мартынан тарта Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы борбордук аянтта президент Аскар Акаевдин отставкасын талып кылып турушкан. Бирок алардын пикири менен бийлик эсептешкен эмес.

Ыңкылапчылардын штаб башчысы Мырзабек Акматов ошо кездеги окуя туурасында кеп учугун мындайча чубады:

- Кубанычбек Жумалиев президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү, Кубанычбек Жолдошев Ош облус губернатору эле. Биз алар менен сүйлөшүп, президент Аскар Акаевди отставкага кетирүүнү ойлогонбуз. Тигилерди (К. Жумалиевди жана К. Жолдошевди – ред.) эки ирет жолугууга чакырдык, келбей белгисиз жакка качып жоголушту. Акыры 18-март күнү түш оой, саат эки ченде ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Жаалданган көтөрүлүшчүлөр бизге баш ийбей, Ак үйдүн ичине кирип кетишти. Ошо кезде аларга Дүйшөн Чотонов башчылык кылган. Акимчиликти басып алганда, Дүйшөн мага штаб жетекчиси катары биринчи талап койду: «Кабинеттер талкаланбасын, акимчиликтен эч нерсе жоголбосун!» деп буюрду. Ошол тартипти бекем сактадык.

Ыңкылапчылар белгилешинче, ошол жылдын 19-мартында Ош шаарында 15 миңге чукул киши катышкан элдик курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин режими саясий кризиске кептелгендигине токтолуп, бийликти алмаштырууга үндөгөн.

Ал эми коомдук ишмер Адахан Мадумаров топтолгондорду үй-бүлөлүк башкарууга каршы чогуу күрөшүүгө чакырган. Ара чолодо өзгөндүк ыңкылапчылардын бирине сөз тийип, ал кийинки президенттике Адахан Мадумаров жарай тургандыгын жарыялаган.

Ошол курултайдын делегаттары ырасташынча, элдин бир нече жолку өтүнүчүнө карабастан Курманбек Бакиев да, Адахан Мадумаров да облустук бийликтин имаратында көтөрүлүшчүлөр менен чогуу түнөп калууга көнбөстөн, зарыл жумуштарын шылтоолоп жылып ийишкен.

Эртеси таңга маал Ички иштер министрлигинин куралчан тобу козголоңчуларды кууп-тараткан. Бул туурасында март ыңкылабынын активдүү катышуучусу, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук лидери Керим Макеев төмөнкүчө баяндайт:

-20-мартта таңга маал генерал Садиев жетектеген спецназ көтөрүлүшчүлөрүөгө капысынан кол салып, уруп-согуп талкалаган. Имараттан куулган козголоңчулардын лидерлерин ар жерге камаган. Эртеси, 21-мартта, жаны кашайган козголоңчулар саарлап кайрадан чогулуп, облустук акимчиликти экинчи ирет басып алып, солдаттарды, милиция кызматкерлерин жана бийлик өкүлдөрүн имараттан айдап чыгышкан. Ошондо бардык жергиликтүү жетекчилер Аскар Акаевдин саясатына каршы экендиктерин ачык билдиришип, дароо ыңкылапчылар тарапка оогон.

Анткени менен «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин оюнча, март ыңкылабы аркылуу орногон бийлик ошондогу элдин үмүт-тилегин таш каптырды.

- Ошондо элдин жаңы бийликке ишеничи зор болгон, тилекке каршы, үмүт акталган жок. Акаевдин бийлигинен Бакиевдин бийлиги айырмаланбай калды, тескерисинче, ашып түштү. Бүгүн нааразычылыкты баштаган калк Курманбек Салиевич отставкага кетмейинче, тынчыбайт деген ойдомун. Эгерде бул киши (К. С. Бакиев – ред.) эстүүлүк кылып кызматын тапшырып, таза шайлоого шарт жаратса, кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Кокус ага эрки жетпесе, тагында калуу максатында элине карата күч же курал колдонсо, аны дагы Аскар Акаевдин тагдыры күтүп турат.

Мындай пикирлер менен макул эместигин президент Курманбек Бакиев былтыр Ош жергесиндеги жолугушуусунда билдирген эле:

- 2005-жылдын мартынан тартып эки жыл катар жалаң пикет жана митингдер менен алпуруштук. Эми ошол мезгил менен азыркы турмушту салыштырып көрүңүздөрчү? Азыр мен президент катары өлкөдөгү жылыштар туурасында канааттануу менен айта алам.

Ал эми Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча демилгечилердин бири, «Элим үчүн, элим менен!» коомдук фондунун директору Аманбай Сатыбаев азыркы режим өлкөнү туташ кризиске кептеди деп эсептейт:

- Кыргызстан бүгүнкү күнү Бакиевден кулуна айланды.

Айтмакчы, жергиликтүү серепчилер Кыргызстанда беш жыл мурдагыдай кырдаал түзүлгөндүгүн айтышууда. Алардын бири Санжар Тажиматовдун баамында, үйүлгөн маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүгө али да болсо убакыт бар.

- Мамлекет башчысы же өкмөт жетекчиси, ошондой эле министрлер бир иштин өтөөсүнө чыкпаса, өзү отставкага кетиши абзел. Саясий маданият ушундай. Азыркы кырдаалда, менимче, эки тарап бир үстөлгө олтуруп, сүйлөшүү жүргүзүсүү абзел. Оппозиция да эмоциясын тыйып, конкреттүү ойлорун ортого салганы оң. Кыскасы, мындайда өлкөнүн тагдыры ортодо турушу зарыл. Оппоненттерин түйшөлткөн суроолорго президенттин да аргументтештирилген жооптору болушу кажет. Эгерде ынандыраарлык жооптору болбосо, анда үлгү иретинде отставкага кеткени оң, - деген серепчи Санжар Тажиматов дагы бир ыңкылапты кыргыз эли көтөрө албастыгын эскертти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nur каяктан: Bishkek
18.03.2010 18:36
Менин эскеруум боюнча эскерсем:
Биринчи Акаевдин бийлигине каршы эл которулуп жатат дегенде суюнгом.
ББС программасын ТВ ден кунуго карап,тынчсызданып жаттым.Анан эле Бишкектеги Ак Уйдун астында толтура элдин астына чыгып Бакиев кулуп элди карап турду эле,байкадыбы же жокпу билбейм,бирок ошондо журогум шуу дей эле тушкон,анын бутуна кадимкидей элдер алаканын жайып,энкейип ийилгенин билем.Бул корунуш мага абдан эле жат корунгон.Илгерки "сказкалардагы хандардын" астына ушинтип ийилишкенин корчу элем,анан минтип ББС ден коргондо,баягы суюнуп жаткан мага буроо муздак сууну куюп жибергендей эле болгом.
Бирок аягы келип чын болду окшойт.
Бул менин эскеруум.

кимден: Болот каяктан: Ош
18.03.2010 17:57
Ошол Губернатор Жолдошев азыр Ак Жолдун депутаты элди аттырам деген Садиев дагы бир жооптуу кызматта кадимки азыркы губернатор келип элди провакатция жазатып Акаевди колдоп айтор азыр Ошто дагы Бишкекте дагы бут баягылар олтурат элге каршы чыкандар, Баяман олду Дуйшон Азимбек оппозицияда Бектур сылкада Пакистанда чыныгы лидерлер

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)