Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:51

Маданият

Каракчылык качан тыйылат?

19-июнда Бишкекте өткөн “Каракчылыкка жол жок!” акциясы автордук укук саясатын, интеллектуалдык менчик түшүнүгүн жаштар арасында жайылтуу максатын көздөдү.

Текст көлөмү - +
25 миңден ашуун контрафакттык дисктерди машине менен тепселеп быт-чытын чыгаруу менен коштолгон бул акцияга кеминде эле 3 миңге чукул эл топтолду. Чогулган элдин көзү карсылдап сынып жаткан дисктерде.

Ошондой болсо да уюштруучулар келгендерди түрдүү ырчылар менен алаксытып, микрофондон кайра-кайра каракчылыктын жаман кесепеттерин эскертип, суранып, чакырып жатышты:

- Эмне үчүн кыргызстандык артисттин, же дагы башка чыгармачыл адамдардын бүткүл дүйнөгө таанымалдары жок. Бул биздин элдин талантсыздыгында эмес. Себеби, биз кыргызстандыктар артисттердин, жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун деги эле баардык интеллектуалдык менчикти чыгаруучуларды жана жаратуучуларды баалай албайбыз. Урматтуу Кыргызстан жарандары, келгиле чыгармачыл талантуу биздин атуулдардын эмгегин балоого, сыйлоого үйрөнөлү. Чогуу Кыргызстан чыгармачылыгынын жоголуусуна жол бербейли,- деди чогулгандарга өлкөнүн Патент кызматынын жетекчиси Улан Мелисбек.

Дегинкиси, айрыкча Кыргызстандын өнөрпоздору, алардын ичинен жаш ырчылар өздөрү каракчылар менен түздөн-түз иштешип келет. Бул жерде демилге тескерисинче интеллектуалдык менчик ээлери тарабынан мыйзамсыздыкка багыт алып жатат. Ушундай пикирин Кыргызстандагы лицензияланган компакт дисктерди чыгаруучу “Sonun Music” ишканасынын жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков билдирди:

- Көбүнэсе мыйзамдардын иштебегендигинен улам ушундай маселе келип чыгууда. Буга биринчиден ошол ырчылар өзүлөрү күнөөлүү. Жаздырган ырларын каракчыларга беришет. Азыркы күндө Кыргызстанда лицензиялуу дисктерди жаздыра турган эки компания ачылды. Ошону менен бирге эле эгерде каракчылык дисктерди мыйзамдаштыра турган болсок, сатылган дисктен ырчы өзү да пайда көрмөк, аны менен катар компанияда да, мамлекет да пайда табат.

Кыргызпатенттин көпчүлүктүн алдында мыйзамсыз дисктердин зыян кесепеттерин ашкере кылышы жакшы жышаан болгону менен базарларда 10 сомдон тарта кадыресе сатылып жаткан мыйзамсыз кинотасма, музыка жыйнактарын көргөнүңдө жакынкы аралыкта “Каракчылыкка жол жок!” дей албашыбыз айдан ачык.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)