Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Талант менен ширелишкен сулуулук


Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун жылдызы, айчырайлуу талант Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак.

“Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз”(акын Жолон Мамытов.)

Маркум Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө сөз болгондо айчырайлуу сахна жылдызынын табигый сулуулугу, сырткы өң-түс келбетине жуурулушкан таланты, ички дүйнөсү баладай таза ишенчээктиги, адамгерчилиги, анан да Ак мөөрдүн элесин берген аккуунун тарегдияга жык толгон аялдык тагдыры армандуу айтылат.

Сулуулук дүйнөнү сактайт деген улуу сөз бар го. Анда сулууну ким сактайт? - деп эскерген эле улуу акын Жолон Мамытов:

-Жуурулушса талант менен сулуулук,
Сезимдерге уялады жылуулук.
Дал ошондон гүлүн ачып тазалык,
Байкалбастан бүрүн ачты улуулук.

Жылмаюусун топтоп сүйкүм ууртуна,
Келишимди топтоп, бойго, тулкуна,
Бирде болсо Дездемона ай чырай
Бет келишти бирде болуп Уркуя.

Нуру болгон кино менен кеченин,
Шаңы болгон шайыр турмуш көчөнүн
Ак жылдызды байкабаппыз шум ажал
Шарт деп бир күн колдон жулуп кетээрин

Сылык, сыйды убагында алганда
Балким, талант, ташып чыкмак андан да.
Чексиздикке эрте учаарын ким билди
Салып коюп сансыз журтту арманга?

Таттыбүбүнүн трагедиялуу тагдыры кыргыз коомунда көралбастыктын чоң тамгасы менен айтылып да, жазылып да калды. Кылымдар өтүп кыргыз театрынын тарыхындагы сулуунун тагдыры барып-барып армандуу жомок сыяктуу болуп, сахна жылдызы бул жарыкчылыкта алалбай кеткен баасы кылымдар өтсө, аты өчпөстөн, өмүрү легендага айланган өмүр болуп калар.

Улуу талантты жоготкон убак 1982-жыл болчу. Кайран Таттыбүбү 37 жаш жапжаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ошол күндөн ушул кезге чейин Таттыбүбүнүн суктандырган сулуулугу анан кейиштүү тагдыры тууралуу ар кандай баалуу да, баалай албаган ушак-айыңдар да көлөкөдөй самсый ээрчип, айтылып келет. Оо, теги кыйындын кадырына ким жетти? Бул кыргыз элинин турмушундагы арылбас шор, арылбас арман.

Таттыбүбү атак-даңка эрте жетип, 16 жаш курагында элге таанылган.

-Ак булутту аралап ай баратат
Аккуу болуп көлдөгү жай баракат
Аталбайсың Ак кууну оңой менен
Жеталбайсың айга да жел ой менен.

Деп ырдаган айчырайлуу Таттыбүбү Турсунбаева өмүр таржымалын ырга салып, көлдөгү ак кууну өзү сыяктуу сулууга салыштырып, аялдык тагдыр образын сахнада калтырып, канжанды дирилдеткен тагдыр тамашасы ай, сулуулугу өзүнө душман болуп бербеспи дейсиң.

Таланты ташып, сулуулугу туу чокусунда жанып, туш тарабы жетилип турган 37 жаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышканын карасаң. Анткенге көр пендечиликке чыланган чылгый толтура себептер бар. Аны айтып, айтпаганда не.

Ооба, мындан ары карай Таттыбүбүнүн тагдыры жомокко айланып, чыныгы реалдуу турмушта анын сулуулугу, таланты, образды жарата билгендеги чеберчилиги айтылат го. Атагы таш жарган сахна жылдызы 1944-жылдын 12-июлунда жарык дүйнөгө келген. Улуу талант Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында төрөлгөн. Чоң атасы Турсунбай жаңы көз жарган ымыркайга Таттыбүбү деген ат коет. Бул ысым кыргыз киносунда, кыргыз маданиятында кандайдыр касиеттүү сулуулукту даңазалагандай таасир берип, таттуу тилек , ары ысык, ар бир театр сүйүүчүнүн жүрөгүндө жалындап, кыргыз театрынын сахна жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева деген ысымды эстетип турганы турган.

Көрсө Таттыбүбүнүн атын койгон чоң атасы Турсунбай аты чыккан комузчу экен. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Ал эми апасы Калыйбүбү Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон дешет жакындан жакшы билгендер.

Мындай айтканда чоң, таланттуу үй-бүлөдөн төгөрөгү төп келген Таттыбүбүдөй өнөр адамынын төрөлүшү жөн эмес. Эске тутумдарда Таттыбүбүнүн балалык доору бактылуу өтүптүр. Көз тийгендей Таттыбүбүнун балалык доору ченемсиз бактылуу болгону менен зор таланттын аялдык бактысы ченелүү болуптур. Балким турмуштун закон ченеми ушундайдыр.

Өмүрүнүн акыркы жылдары жалгыз турмуш кечирип, жалындаган таланттын шоруна бүткөндөй суук көздөр, тең келген, келбегендер кол сунуп, сулууну коргоп, сактоо эмес, таламанга салганы, анын бул жарык дүйнөнү эрте кечкенине болгон себептердин бири сыяктуу караган замандашы, акын Жолон Мамытов мындай ыр жазган:

- Көргөн көрөр узун өмур пайдасын,
Бирок, айтчы, сен - өлбөстүк кайдасың?
Зор сахнаңа ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, сулуулуктун кармашын

Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче,
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.

Ойлой калсам зээним кейийт азыр да,
Оо, биз деги качан жеттик кадырга?
Ак денесин “Ала-Арчага” койбостон
Аттап-буттап алып кеттик адырга...

Ошентип, күнүмдүк турмуштун агымы ичи таза талантка бирде балын, бирде уусун ичирип отуруп, асмандан жанган жылдыз сымал Таттыбүбүнүн өз көркү өзүнө душман болуптур. Арийне аялзатынын сулуулугу-ички, сырткы дүйнөсү, жароокер жайдары сапаттары айкалышып, табигый чырайына төп келиши менен бааланган. Сулуу аялдан аруулук аңкып турса, кимди болсо да өзүнө тартып, көз жоосун арбап турат дейт сулуулук дастанын айткан бир талант.

Андай сапат Таттыбүбү эжеде бар болчу деп эскерет, Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов:

-Бир чоң концертке Таттыбүбү эже экөөбүз алып баруучу болуп калыпбыз. Мен анда жашмын. Артисттердин кийим чечкен жерине кире калсам эле, бетмаңдай турган эки сулуу көзүмө урунса эшикти жаба салыпмын сүрдөгөнүмдөн. “Кел-келегой! Чечинип, кийине бер деп, жапайыга окшоп турган мага карай, колдорун жаңсап сүйлөп жатпайбы Таттыбүбү эже. Минтип уялсаң кантип артист болосуң? деп. Ич көйнөкчөн күзгүгө каранып, жасанып жатыптыр да жарыктык десе. Шумдуктуу, андай сулууну мен башка көрбөдүм. Мойнунун узундугу, сүйлөгөндө кашкайган тиши, колдору, каш-көзү, койчу сүрөтчү тарткан бир сулууну тирүү көрдүм да. Бир күнү парктан жолугуп калдык. Сүрдөгөнүмдү айтпа. “Баякүнкү концерттен кийин Асанкан Жумакматов менен көркөм жетекчи экөө урушуп, ( каткырып) “тим эле мушташып жатышыптыр” концерттен кийин ошондой окуя болот” деп ууртундагы уячалары укмуш сулуулук тартуулап турду, ыраматылык десе...

Келдибек Ниязов мырзанын айтымында, Таттыбүбүдөй сулуулар көбүнчө театр өнөрүндө кездешкен. Театр сулуу аялдын артыкчылыгын, анын таасын талантын талап кылган.

Таттыбүбүдөй сулуунун асыл сапаттарын, табигый ажарын ачып, элдин алдына алып чыккан ушул театр болгон. Андыктан театр аркылуу “ай десе айдай, күн десе күндөй” деп сүрөттөлгөн аял сулуулугу байыркы жомоктордон тартып, классикалык чыгармаларга чейин даңазаланып келген.

Театр ишмерлери: “Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген” деп айтып келишет. Театрда сулуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши токтоло калган чыгармачылыкты кайрадан жандандыргандай болгон.

Таттыбүбү ролдорду аткарганда, башкалардай экилентип же бир өзгөчө көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. ”Ошондон улам, жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү эле” деп жазган “Адам болсон, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол” деген эскерүүсүндө драматург, маркум Токтоболот Абдымомунов.

Кыргыз театрынын тарыхында 60-70-жылдары элдин көбү театрга Таттыбүбүнү көрүш үчүн келээр эле деп айтылат. Таттыбүбү жараткан Жульетта, Дездемона, Зулайка, Ак мөөр, Уркуя сыяктуу образдар Таттыбүбү менен тагдырлаш, Таттыбүбү бул каармандардын катарында өзү да кайталангыс каарман болуп турмушта жашап калгандай таасир калтырат. Талант менен сулуулугу жуурулушуп аткарган ролдору Тбилисиде өткөн Бүткүл союздук конкурста менмин деген дүйнөлүк талантты баалагандардын колу менен “Советтик гражданин эрдиги” деген дипломго татыган. Бул окуя Таттыбүбүнүн чыгармачылыгындагы, дегеле өмүрүндөгү эң олуттуу окуя болуп калган.

Таттыбүбү атактын артынан жүгүрбөгөн, атак анын артынан жүгүргөн. Ал атагын, өзүндөгү мүмкүнчүлүктү башкалардан ажыратып караганда, агасы Нуркан Турсунбаев арман кылгандай кичине кыйтырлыгы болгондо көралбастыктын жеми болбойт беле дейсиң. Маркумдун театрдагы көрүнүктүү эмгеги “Кызыл жоолук жалжалым” пьесасындагы Аселдин ролу болгон. Ошону менен катар 60-70 жылдары Таттыбүбү деген экрандагы ысым бүт кыргыз элинин сыймыгына айланып, кыргыздын театр дүйнөсү дүңгүрөгөндөй эле болгон.

Акындын таасири, ички ыр кайрыктары ошондон жаралган болуш керек.

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
Канча оюнда жагалданып отурдук.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына
Эл-күзгүгө бир каранган экен да!

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып тураарсың
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн
Таттык,
Бастык жаркын талант көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн.

Маркум отту сүйгөң, сулуулукка, улуулукка аздек караган акын Жолон Мамытов Таттыбүбүнүн талантын, сулуулугун ушинтип жамы журттун сулуугун көтөргөн актрисага учурунда жасалган мамилени, жапайылыкка салыштыра “Жүз жашка тол кылым” деген ыр китебинде бериптир.

Сулуулугу , таланты Таттыбүбүнү башкы ролдордун биринин артынан бирин жаратууга жетелеп, башкы ролдор жалаң Таттыбүбүнүкү болуп, ал катышат деген пьесаларга эл кезекке туруп калышчу экен. “Кыргыз керемети” деген кыргыз кино дүйнөсүн дүйнөлүк аренага тааныткандардын бири ушул Таттыбүбү Турсунбаева болгон. “Ак мөөр”, «Уркуя», «Кызыл алма», «Атадан калган туяк», «Саманчынын жолу”, «Сүйүү жаңырыгы» кинолору аркылуу Таттыбүбү татына, кыргыздын кайталангыс сулуу периси болуп жашап калды.

Ошондон “Таланттын байлыгы болбойт, тагдыры болот” демекчи сулуулукту, талантты аянбай берген жараткан ага аялдык бакытты жана өмүрдү да аянбай бергенде деген арман ар бир кыргыздын, сахна жылдызын сүйгөн көрөрмандын арманы болуп кала бермек. Балким сулуулардын тагдыры ушундайдыр. Анткени Таттыбүбү кыргыздын кылымдардан легендага айланган сулуулардын жомогундай болуп кыргыз элинин жүрөгүндө, театр сүйүүчүлөрдүн эсинде жапжаш бойдон жашап калар.

Анткени, Таттыбүбү жөнүндө канчалык ушак айыңдар айтылбасын, жараткандын атаа кылган сулуулугунун, талантынын жанында арык аттап, суу кечпейт. Албетте, адамдагы улуулуктун жанында көрпендечилик менен айтылган имиштер текейге барабар кеп дешет улуу ой жүгүрткөн улуу адамдар. Ошондуктан Таттыбүбү деген улуу талант сулуу аяктрисаны эскерип жатып ал тууралуу арубак ыйык, улуу салыштыруулар Таттыбүбү деген ысымды кайталатып, жаңылап турар. Кыргыз театрын, кыргыз сулуулугун сыйлап, урматтагандар акыры Таттыбүбүнүн арбагы алдында эсептешкенге де мезгил келер. Сыйлап алаар муун өсүп чыгаар дейсиң.

Таттыбүбү Турсунбаеванын тагдыры өтө катаал келип, ал мезгилинен эрте кеткен өлүмү менен бүткөн. Кандай болгондо да ушак-айыңдар, көралбастыктар кезинде Таттыбүбүгө иренжигендей көз караштарды пайда кылбай койбогон. Ал “Ак мөөр” тасмасы тартылгандан кийин Лениндик сыйлык берилет деп турганда берилбей калышы, ”Уркуя” тасмасында да Токтогул сыйлыгына режиссёр, оператор ээ болуп, “Уркуяны” Уркуя кылган Таттыбүбүнүн унутта калышы, “Манастын уулу Семетейде” Каныкейдин ролу Таттыбүбүгө даярдалып жатып, берилбей калган мамиле табитинен үлбүрөк назик таланттын жан дүйнөсүн жабыркатып, кала берсе бул дүйнөнү таза караган сулууга жарыкчылык чөйрөсү зээнин кейитип, иренжүү менен каратып, акыры зор таланттын улуу тагдырын талкалаган.

Балким Таттыбүбүдөй сулуу ары кыйын талантты барктай алган, сыйлай алган бир эркек тагдырына туш келгенде кандай болот эле дейсиң? Сулуунун сулуудай түйшүктүү жүгүн көтөргөн эркек ар бир тагдырга буюра бербейт эмеспи. Анынсыңарындай киноактёр Болот Бейшеналиев менен Таттыбүбү Турсунбаева экөө Ак мөөр менен Болоттун ролун сахнада эмес турмушта жаратыптыр дейсиң. Эки зор таланттардын эки башка тагдыры, бирикпеген өмүр жолдору өзүнчө бир сырдуу, табышмактуу . Жаш кезинен жакын болгон Болот Бейшеналиев, Таттыбүбүнүн колун сураган экен. Эмнегедир Таттыбүбү макул болбогон деген кептер бар. Балким бул экөө биригип калса бири-биринин кадырына жетет беле деген кеп.

Таттыбүбү сулуу жана таланттуу гана болбостон жагымдуу жаркылдаган мамилеси кимди да болбосун өзүнө тартып турчу экен. А, театр өнөрүндөчү? Ошондой мүнөздөрү сахнада болобу экранда болобу түрдүү образдарды, түрдүү жагдайдагы мүнөздөрдү жаратууда диапозону кеңейип, зор тажрыйбага жетишкенде кете бергени да өзүнчө сыр. Ал ойногон каармандардын образдары бири-биринен айырмаланып турчу экен. Бирдей образдарды жарата берсе ал өзүн-өзү туурап, аткаруу ыкмасы шаблонго айланат деп түшүнгөн. Андыктан ар кандай мүнөздөрдү изденүү менен жараткан. Чыгармачылыкта көп кырдуу талантка сулуулугу шыкак берип, өнөр секисине эрте жеткенге шарт түзгөн. Демек андай адам өзү да башкалардан ошондой мамилени күтүп, жаркылдаган, жагымдуу, карамдуу мамилеге муктаж болуп турары бышык.

Дегеле кыргыз искусствосу менен адабиятында таланттуу инсандардан мезгилинен эрте ажыраганы өзүнчө эле бир кайгылуу көрүнүш. Айтсак: “ Бакен Кыдыкеева, белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу таланттар бул жарыкчылыктан эмнегедир эрте чарчагандай ой келет”- дейт бир өнөр адамы. Анысы мейли, өмүрдү узартуу, ажалдан алып калуу колдон келбес дечи. Колдон келгенин айтсак, жамы кыргыз элин арманга салган Таттыбүбүнүн сөөгү эмне себептен “Ала-Арчага” коюлбады десең? Же бул дагы колдон келбейт беле? Бул суроо кимди да болбосун жүрөгүн мыкчып, сарсанаага салып келет.

Ушундай чолок ойго чулганган көкүрөгү сокур билермандардын кылганы кыргыздын кендирин кесип келгени келген. Таттыбүбүнүн сөөгү Орок айылындагы адырга коюлган. Бир тууганы Нуркан Турсунбаев арман-пышманын дене боюна сыйдырып көтөрүп, Таттыбүбүнүн атын өчүрбөшкө аракет жасап келет. Ушул жылдын күзүндө Таттыбүбүнүн эстелиги коюлуп, улуу актрисанын күндөрүн өткөрүүнү белгилеп жатабыз дейт Таттыбүбү атындагы коомдук фонддун жетекчиси Жыпар Турсунбаева.


Акын Жолон Мамтыовдун Таттыбүбүнү эскерип жазган ырына кезек берели:

- Көргөн көрөр узун өмүр пайдасын
Бирок айтчы сен өлбөстүк кайдасың
Зор сахнаңда ойнотконуң ойноткон
Ажал талант убакыттын кармашын

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына
Эл күзгүгө бир каранган экен да

Акын Жолон Мамытовдун ыр саптарында Таттыбүбү Турсунбаевадай мыкты таланттардын жаздым болушу эчен сонун образдардын ачылбай калышына себеп болсо, экинчиден бир кылымдын үч улуу таланттарынын өмүр тагдыры армандуу делет эскермелерде. Алардын эң армандуусу Таттыбүбү Турсунбаева деп айтылып жүрөт. Бирок “өлгөндөр жаш бойдон калат” демекчи булардын жаркыраган элеси элдин эсинде жаш бойдон калды. Таттыбүбүнүн 65 жашка чыкмагын айтпаганда да канчалаган тарыхый образдар жаралмак.

Ошентсе да элдин эсинен күнү бүгүнкүдөй чыкпаган актрисанын өмүрү легендага айланган өмүр. Ошондон ал аз жашаганы менен талант катары ары сулуу адамгерчилиги бийик айым улуу актриса эл оозунда кылымдар бою өчпөй жашап калары шексиз. Бул мааниден алганда Таттыбүбү саз жашады десе болот. Балким адам болуп төрөлүп, адам болуп өлүү ушул Таттыбүбү сыяктуу ички дүйнөсү назик таза сулууларга буюргандыр деген ой келет. Ошондон улам жаратылышы таза инсандар бул жалган дүйнөнүн оош-кыйыш соккуларына туруштук бералбай эрте кететтир.
XS
SM
MD
LG