Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:57

Эл үнү / Коом

ЮНЕСКО кыргыз коомчулугунун үнүн угабы?

“Манас” дастанын коргоо комитети президент К. Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда ЮНЕСКОдо Кытайдын атынан катталган “Манас” эпосун Кыргызстандын атынан кайра каттатуу үчүн дипломатиялык, саясий жолдор аркылуу таасир этүү суралды.

Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин "Манас" эпосунун мотивдери боюнча тарткан сүрөтү
Текст көлөмү - +
Кайрылуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында талкууланып, кабыл алынып, “Манас” дастанын коргоо комитетинин экинчи жыйында ЮНЕСКОго эпосту Кыргызстандын атынан кайрадан каттоо ишин жүргүзүү жана ал үчүн дипломатиялык, саясий мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун зарылдыгы президент Курманбек Бакиевге жолдонгон катта белгиленди.

Ошондой эле президентке жолдонуп жаткан катта “Манасты” калк ичинде, дүйнөдө таанытуу иштерин күчөтүү, Кыргыз таануу улуттук борборун түзүү, манасчылар мектебин ачуу, жаңырган жылды «Манас» жылы деп расмий атоо, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтын “Манас” деп атоону караштыруу сунушталган.

“Манас” дастанын коргоо боюнча элдик комитеттин тең төрагасы, кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин
пикиринде, президентке жөнөтүлгөн катта далилдүү фактылар, түшүндүрмөлөр, сунуштар болуусу шарт. Антпесе көп каттын бири катары жоопсуз калышы ыктымал.
"Манас" эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек.
Ж. Кадыралиев

-“Манас” эпосу Кытай элинин маданий мурасы деген мындай маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланган. «Манас» эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек. Антпесе, дүйнөлүк коомчулук эпостун кайсы элге тиешелүү экендигинен адашып калышы толук мүмкүн. Ушундан улам бул катачылыкты калыбына келтирүү үчүн биз Кыргыз Республикасынын президенти, өкмөтү жана Жогорку Кеңешке кат менен кайрылуу жасамакчыбыз. Ошондой эле бул маселеде жалпы коомчулуктун колдоосу зарыл.

Кайрылуу катка алтымыштан ашуун жазуучу, саясатчы, коомдук ишмерлер кол койду.

Кыргыз элинин алп эпосу «Манас» ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан кирип калганы кыргыз коомчулугунун намысына тийип, нааразычылыктарын жаратууда.

Чынында «Манас» дастаны кыргыз элине гана таандык экендигин эч ким танбайт. Бирок Бишкекте өткөн жыйынында саясатчы, коомдук ишмерлер «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан киргизилгенин одоно ката катары баалап, бул катачылыкты оңдоп, өкмөттүк деңгээлде Кыргызстандын атынан кайра сунуштоо керектигин билдиришти.

“Айтыш” киностудиясынын аткаруучу продюсери Салтанат Турдукееванын айтымында, Кытайдын маалымат каражаттарында “Манас” эпосунун жаралган жери Кытайдагы Ак-Чий аймагы деп, кытайлык кыргыздарга гана таандык деп айтылып, жазылып, коомчулук адашууда. Ошондуктан «Манас» дастанын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилиши зарыл:
Дүйнө коомчулугу эми "Манас" дегенде Кытайды түшүнүп, адашып калышы мүмкүн.
С. Турдукеева

-Себеби, «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп, адашууга алып келиши мүмкүн. Бул катачылыкты дароо оңдоп, ЮНЕСКОго кат жолдоп, түшүндүрүү керек. Кол топтоп, ЮНЕСКОго чейин жиберебиз. Кыргыз коомчулугу кайдыгер болуп, жөн жатып калбайт.

Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев “Манас” эпосу миң жылдык мааракеси өткөрүлгөндөн кийин дастанга көңүл бурулбай, кол жазмаларды китеп кылып чыгарууга өкмөт каражат бөлбөй койгонун айтат.

- Азыркы күндө Улуттук илимдер академиясында 83 вариант бар. Чоң-кичине окуялар, же болбосо бөлүктөр болуп жалпы жонунан “Манастын” 83 варианты бар. Бул 20-жылдардан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жазылып келе жаткан варианттар. Бизде бүгүнкү күндө “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Сейтектин уулу Эрсарык” - бул Шаабай Азизовдун варианты боюнча. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Сейтектин уулу Кенен”, “Кенендин эки уулу Алымсарык”, “Кулансарык” деген варианттар бар. “Манас-1000” мааракеси өткөндөн кийин бул тармак унутулуп кала берди. Кыргызстан тарабынан керектүү өзгөртүүлөрдү, “Кыргызстан мамлекети, кыргыз эли, “Манастын” жери деген” эң негизги түшүнүктү киргизүү керек.

“Эр айым” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупованын пикиринде, ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай мамлекетинин атынан “Манасты” каттап койгону үчүн бул уюмду эл аралык сотко берүү керек.
"Манастын" Кытайдын атынан катталышы - кыргыз элин кемсинтүү.
Р. Жусупова

-“Манас” кыргыздардын нукура мурасы катары жазылбастан, Кытайдагы кыргыздардыкы деп койгону калыстык эмес. Кытай Республикасынын атынан деп чыгып калганы албетте барыбызды тынчсыздандырды. Себеби Кыргызстанда “Манас-1000” салтанаты өтсө, манасчылык өнөр биздики экенин ЮНЕСКО өзү каттап жатса, анан аны Кытай мамлекетинин атынан каттоого алышы  - кыргыз элин кемсинтүү. Ошондуктан ЮНЕСКОнун эл аралык сотко берүү керек.

Коомдук ишмер Дөөлөт Нусуповдун пикиринде, Кыргызстан тараптан “Манасты” өткөрүү боюнча ЮНЕСКОго аракет кылышкан. Бирок ал убакта, 1995-жылы Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен “Манас – 1000” деген эл аралык маанидеги иш-чаралар өткөрүлгөндүгү эске алынып, мындай сунуш кабыл алынган эмес.

Тактоо иретиндеги маалымат: Кыргызстан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү үчүн өзүнүн билдирүүсүн 2000-жылдары эле берген.

Бирок анда ЮНЕСКОнун катчылыгы «Манас» дүйнөлүк коомчулукка жакшы эле таанымал экендигин белгилеп, буга жакыныраак башка демилгени көтөрүүнү сунуштаган.

Ушундан кийин кыргыздын төкмө акындык жана дастанчылык өнөрү 2003-жылы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

 “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун ооз эки рухий дөөлөттөр мурасы тизмесине кайра киргизүү аракети тууралуу "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүндө да сөз болгон.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Салт ээси
08.01.2010 13:35
Манас деп балага ат койгонду, корунгон жерге Манастын атын коюп баркын кетиргенди токтотуш керек. Эми аянттын атын Манас коебуз деп атышыптыр, ушу кантип болсун? Эл тебелей турган аянтты кантип Манас деп коебуз? Анысы аз келгенсип кээ бир акмактар арак сактан дуконун да Манас атап алышыптыр.

кимден: Joomart каяктан: Kol
08.01.2010 09:07
kytailik kyrgyzdar menen tigiz mamile kurup alarga tushunduruu kerek. Manas eposu kyrgyz jerinde jaralganin, kyrgyzdar jaratkanin. Antpese bizde uchurda akcha, akcha, akcha dep dalai el akcha menen alek.. Egerde bir az ubakit otkondo Manas Kitaidiki dep kitailar duinogo jarialasa, men tan kalbaim. Sebebi bizde azir baari satilat, baarin satikka koushtu, echteme kalbasa kerek..

кимден: Көрөш каяктан: Турция
07.01.2010 20:22
...Азаттыктын "ынгайсыз суроолор" көрсөтүүсүн көргөндөн кийин менде бул масаленин кайда болсок да "кыргызбайлыктын" азабы экен деген шектенүү туулду. Кемчилик кытайда турган туугандарда десек да жөнү бардай көрүнөт. Чет өлкөлөрдө туулуп-өссөк да Ата-журтубуз, тарыхыбыз Кыргызстан экенин унутпай, бассак-турсак Кыргызстан атынан иш кылышыбыз керек. Ошондо деле дүйнөдөгү коомчулук эмгегиңди баалайт.
Ошентсе да Юнеско мындай чечим кабыл алаардан мурун Кыргыз коомчулугу менен кеңешип, биздин макулдугубузду алып анан иш кылуусу зарыл эле. Мындай чара жасай албаганы жана да айтып кеткендей эле Юнескодоку тийиштүү жоопкерчиликтери болгон атуулдардын кемчиликтери. Дүйнө тарыхын так билбегендиктери деп ишенем.

кимден: Таза улутчулдар уюму
07.01.2010 15:59
Бул боюнча иштер акырындап башталып атат. Бирок таламдаштарга дагы бир жолу айтып коеюн: ар кайсы талаптардын баарын кое берген туура эмес, бул кайрылууда бир гана маселе - ЮНЕСКОнун чечимине тиешелуу маселе болушу керек. Болбосо бийликти билесинер, экинчи пландагыларын аткарып, негизгисин аткарбай коет дагы, мына колубуздан келишинче аткардык деп чыгышат. ЮНЕСКОнун чечимине тиешелуу ишти жылдырып алсак, калгандары (китеп чыгаруу ж. б.) шашпай жасала турган маселе. Эн негизги маселе - ЮНЕСКОнун чечими.
"Манас" эпосу Кыргызстандын элине таандык. Муну танууга эмне учун аракет жасалып жатат? Мунун артында чон саясат жатат. Элдин эн ыйык нерсесин алып салса калганы озунон озу чачырап жок болот. Кыргызды бириктерген нерсе - бул "Манас". "Манасты" эпос катарында же адабий, маданий гана чойронун алкагында караганга болбойт. Бул кыргыз патриоттугунун символикасы, элдин энциклопедиясы, мамлекеттик доктринасы, ачыла элек сакралдуу сыры. Аны алдырсак эзели онолбойбуз. ЮНЕСКОнун азыркы чечими кандай болгон кундо да, жуз жыл болобу, мин жыл болобу талашып журуп отуруп ордуна коюшубуз керек. Андай куроштон баш тартсак эл болуудан калабыз. Эл аралык мафия Кыргызстандын тупку озогун жок кылуу боюнча долбоор баштаган. Стратегиялык тармактардын сатууга коюлушу, тил комиссиясынын жок болушу, "Манас" эпосунун тегерегиндеги талаштар - ошол "Кыргызстан сатылат" деген улкон долбоордун акыркы суртумдору. Азыр да болсо кеч эмес. Бирок убакыт барган сайын азайып баратат.

кимден: Рысбек каяктан: Тула Россия
07.01.2010 14:16
Aske azamatsin seni koldoybuz ...
Kanatbek kiska oylonbo bul "MANAS"eposu kitaylik kyrgyzdardyn
atinan emes kitaydyn atinan basilisinda unutpa ...
Egerde kitaydagy Kyrgyz tuugandarybyz oshoncholuk kaalasa bul ishtin amalga awywyn... Kyrgyzstan'dy oz mamleketin unutpasyn ...
kitayda jawasa da siymiktasyn "MANAS" menen urp adatarybyzdy amalga awyryp kyrgyz ekeni menen siymyktanyp jawasa jakshy bolot

кимден: Корош каяктан: Кыргызстан
07.01.2010 12:16
Манас Кыргыздарга таандык эпос экенин дүйнө жүзү билет. Башкага ооп кетпесин биз да билебиз. Муну билбеген Юнесконун тийштүү адамдары. Бул ката алардын кемчилиги. Эми эскертип оңдотуп кою биздин жетекчилердин иши. Дароо эле аракет болушу керек эле, биротоло элдин оозуна карап иш кылганга көнүп кеттик көрүнөт. Балким бул да каныбызда болгон кенебестиктир.

кимден: немис каяктан: Германия
07.01.2010 03:38
Кыргызстанда азыркы бийликтин негизги максаты, алек болгон иш-чарасын баарыбыз билебиз, алар бийликти бир колго алуу, аны бекемдөө, Кыргызстандын байлыктарын талап-тоноо да. Ал эми кыргызды кыргыз кылган руханий байлыктары, кыргыз тили, жаштарды патроттуулукта тарбиялоо деген ыйык нерселерди көмүскөгө салып, унутуп коюшкан. Азыркы учурда Кыргызстанда кыргыздар сыймыктана тургандай бийлик тараптан жасалып аткан кандай иш чаралабыз бар? Бул терс көрүнүш Акаевдин учурунда деле бар болчу. Кытай баарыбызга белгилүү болгондой бай мамлекет болуп калды, алар азыр руханий байлыктарга жакшы көңүл буруп атышат, бирок кытай эли мурда кедей мамлекет болуп турганда деле намыстуу болушкан, эч качан кытайдын руханий байлыктарын көмүскөгө калтырчу эмес, дайыма бийик кармашчу, сыймыктанышчу. Кытайдагы кыргыздар Кыргызстандагы кыргыздарга караганда намыстуу экен да, алар аракет кылып атышат, Манасты келечектеги урпактарга сактап, мураска калтыралы деп ЮНЕСКО менен иштешип атышат, бирок өкүнүчтүүсү Кытай мамлекетинин атынан болуп калды.
Эми азыркы Кыргызстандагы бийлик качан тоюп бүтөт, качан талап-тоноосун токтотот, качан бийликти колго алып бүтүп, качан кыргыз мамлекетибиздин экономикасын көтөрөт, элдин жашоосун оңдойт деп күтүп отура беребизби? Бир чечкиндүү аракет кылалы кыргыздар, сунуштар, пикирлер болсо айткыла, эмне кылабыз?

кимден: Aske
07.01.2010 02:00
Урматтуу туугандар, кытайдагы кыргыздар дүйнө үчүн кытай экенин унутпасак.

кимден: Ozgon каяктан: Ozgon
07.01.2010 00:32
Manas KYRGYZ dyn taryxy. Manas Kyrgyz dyn kelechegi. Manas KYRGYZ dyky !!! Jashasyn KYRGYZ dar. Bir kun kelet Manas menen biz but duynogo Enesaylyk Ala tooluk Kyrgyzdardy tanytabyz . Al kundorgo az kaldy Kudayim buyursa.

кимден: Kanatbek каяктан: Europe
06.01.2010 23:44
О, ала-тоолук кыргыздар! Ашыкча кетпесеңиздер! ЮНЕСКО деле кыргыз мурасын сактайлы деп ушул кадамга барды го. Ал ЮНЕСКО акчасы Кытайдагы кызыл-суулук КЫРГЫЗ манасчыларына тиймек болчу да. Кыргызстанда "Манасты" ансыз да сактап калабыз го. Кеп Жусуп Мамайдан кийин да Кытайдагы кыргыздарда манасчы сакталып калышы керектигинде эмеспи!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу