Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:59

Маданият

Ж. Жекшеев:“Манас" эпосун Кыргызстан кайра сунуштоодо

ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине «Манас» эпосу Кытайдын атынан кирип калганы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Аларга ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы улуттук комиссиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев жооп берет.

x
Текст көлөмү - +
- Жыпар мырза, Кыргыз мамлекети тарабынан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү өтүнүчү мурда сунушталды беле?

- Кытай Эл Республикасы бере элек кезде эле “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесине киргизүү тууралуу өтүнүч Кыргызстан тарабынан 2000-жылы уюмга жиберилген. Бирок бул уюм бизге мындай жооп узаткан. Жооп катында алар «Манас» эпосунун Кыргызстанда жок болуп кетүү коркунучу жоктугун белгилеп, «ал түгүл дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, «Манас-1000» деген салтанат өткөрдүңөр, адам заттын баары, дүйнө эли кыргыздардын «Манас» эпосу бар экендигин жакшы билет, ошондуктан азыр карап, каттоонун кажети жок»- дешкен. Ошондон кийин дароо экинчи номинацияны даярдап, кыргыздардын төкмө акындык жана Манас айтуучулук өнөрүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине сунуштап, аны 2003-жылы өткөргөнбүз. Бул адамзаттын тарыхындагы эң бир баа жеткис өнөрү деп таанылып, алтын тамгалар менен дүйнөлүк маданий мурас катары жазылган.

- Эмне үчүн, кандай себептерге байланыштуу Кытай мамлекетинин атынан “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирип кетти?

- Чынында «Манас» дастаны кыргыз элине гана таандык экендигин эч ким танбайт. “Манас” эпосу Кытай мамлекетинин атынан эмес, кытайлык кыргыздардын унутулуп бараткан эпосу катары, дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилди. Кытайда “Манас” эпосун өнүктүрүү үчүн, колдоо катары 55 миллион юань каражат бөлүнүп, абдан жакшы мукаба, жасалга менен кыргыз элинин “Манас” эпосу 18 том болуп жарык көргөн. Мындай каражатты Кыргызстандын бийлиги да учурда бөлүп бералбайт, 18 томдук эмес 5-6 томдугун дагы чыгара албайт.

-
Бул катачылыкты жөнгө салуу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар?


- «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынынын атынан киргизилгенин одоно ката катары баалап, бул катачылыкты оңдоп, өкмөттүк деңгээлде кайра сунуштоолор болуп жатат.

Чынында эле «Манас» эпосу дүйнөлүк мурас катары дал кыргыз элинин атынан көрсөтүлүшү керек. Антпесе, дүйнөлүк коомчулук эпостун кайсы элге тиешелүү экендигинен адашып калышы толук мүмкүн. Ушундан улам бул катачылыкты калыбына келтирүү үчүн биз Кытай өкмөтүнө, алардын тышкы иштер министрлигине, Кытайдагы ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясына кат жолдоп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар биздин шартка макул. Биринчи Кыргызстанды жазып, анан Кытай мамлекетин жазууга да макул. Себеби “Манас” эпосу Кытайдагы азчылык улуттардын бири - кыргыздарда унутулуп баратканы эске алынып, алардын Үрүмчүдөгү улуттар аралык маданий мурастарды изилдөө, өнүктүрүү инситуту аркылуу сунушталып, ЮНЕСКОнун тизмесине кабыл алынып кетти. Бул жерде Кытайдын расмий бийлиги тарабынан эмес, коомдук уюмдардын атынан сунушталган.

Ошондой болсо дагы «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп, адашууга келиши мүмкүн. Ошондуктан бул катачылыкты дароо оңдоп, ЮНЕСКОго кат жолдоп, түшүндүрүү иш-аракеттерин көрүп жатабыз.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлиги ЮНЕСКОнун катчылыгына тизмеге оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла турган болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Манас” эпосу Кытай мамлекетинин же алардын тышкы иштер министрлигинин атынан эмес, Синзян-Уйгур автономдуу районундагы улуттук коомдук кордун атынан киргизилгендиги жөнүндө маалымат менен кабардарбыз. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлиги макулдашып, ЮНЕСКОнун катчылыгына тизмеге оңдоо киргизүү өтүнүчү менен кайрыла тургандын болду. Биз дагы 16-октябрда эле бул боюнча тынсызданган катыбызды тышкы иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Кытай мамлекети “Манас” эпосу кыргыздарга гана таандык экенин танбайт. ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстанды биринчи жазууга, кыргыз элине гана таандык дастан экенин кошумча маалымат менен билдирүүгө да макул.

Кытайда жашаган боордош кыргыздар дагы “Манас” эпосубуз менен кыргызстандыктар сыяктуу эле сыймыктана алат. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай мамлекетинин атынан киргени намыска тийгени менен бул дастандын Кытайда жашаган боордош кыргыз туугандар арасында өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.



Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз каяктан: Чуй
26.10.2009 19:05
Эсиңерде болсун!Манас атабыз кыргыздын эң ыйык мурасы,эгер "Куран ыйык пы, же Манас атабыз ыйык пы? дегенде, кыргыз ойлонбой туруп МАНАС деп жооп берет! Эгер аткаминерлер Манас дастаныбызды сактабай калсаңар анда иш абдан чоң чатак болот!
Пикирге жооп

кимден: Т. Чоротегин каяктан: Прага ш.
28.10.2009 17:56
Урматтуу замандаш! Маселе ЮНЕСКОнун тизмесине дастандын Кытай тарабынан киргизилишинде эле эмес. Бир миллиард үч жүз миллион сандуу ханзулардын арасында байырлаган 150 миңдей кыргыздын арасында "Манас" дастанын айткан азганактай кыргызды колдоп жатканы үчүн ЮНЕСКОго да, ошондой сунушту жолдогон кытайлык бийликтерге да ыракмат айтуу керек. Эч ким "Манасты" кыргыздардан тартып алып жаткан жери жок. Эки маселени чаташтырбайлы. Эгемен кыргыз мамлекети турганда, андагы мамлекеттик тил кыргыз тили болуп турганда бул тилдеги дастандар да сакталат деп ишенем.
Башкы маселе - ЮНЕСКОго кол куушуруп барбай туруп эле, эгемен өлкөнүн өкмөтүнүн жана бай атуулдарынын каржылоосу аркылуу "Манас" дастаны тууралуу маалыматты бүт дүйнө жүзүнө (анын ичинде кыргыздардын өздөрүнө да) кеңири жайылтууда турат. Менимче, биз "Манас" дастанынын жалпы сюжетин же эпизоддорун киного тартууда, мультфильмдерде, театрда, көркөм өнөрдө чагылдырууда Кыргызстан өзү эле сырттан жардам издебестен иш-аракет кыла алат жана ошого милдеттүү деп санашыбыз керек. Бул дастанды азыр эч бир башка улут (анын ичинде ханзулар) кыргыздардан тартып алып жаткан жери жок. Кытай цивилизациясынын мурдагы көчмөн кыргыз цивилизациясынын маданий мурасынан башка да далай мактанаарлык салымдары бар.
Эгерде "Улуу Памирде бир ууч кыргызыбыз бар, алардын арасында дастанчылык өнөрү менен алектенгендер азаюуда, аларга жардам бере көргүлө" деп азыркы Ооганстан өкмөтү ЮНЕСКОго кайрылса, расмий Бишкек анын сунушун да колдоого алышы абзел.
Себеби бул сыяктуу сунуштар кыргыз диаспорасынын маданий кыртышын гана чыңдап, өнүктүрүп жатат, андан башка мындай сунуштун эч залалы жок.

кимден: Акила каяктан: Бишкек-Баткен
26.10.2009 13:12
Кыргызстанда 100дөн ашык партия бар.Ой тообоо-бирөөнүн оозунан Ата-Мекен,Манас үчүн күйгөн сөз чыкпады-арзыматтар!Аа,БЭКти айтпайдым-уятыңар болсо,тарап кеткиле!!!Ушул азыркы Кыргызстандын ахвалы - Оозундагы нанын бирөөгө жедирип отурат!!!

кимден: От каяктан: Бишкек
26.10.2009 11:49
Мындай жагдайда эл аралык скандалга чейин барсак да Манас атабызды сактап калыш керек болучу!!!! Жакында "Манас атабыздын арбагы колдосун" деп айталбай калабыз.Анткени расмий түрдө Манас дастаны(эпосу) Кытайдыкы болуп калды(Улуу Кытай эпосу).Бул бийлике кереги жок экен ! Оооо жараткан кудай ,Манас атамдын арбагы! Кечирим сурайм ,сени сактай албадык ,сенин урпактарын маңкурт, майда,коркок,кошоматчы бийлик менен байлык деп, жерибизди сатып ,кыргызды жок кылып атат...

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
26.10.2009 11:02
ай, капырай десе!
ушул кантип болсун!
Кана жанагы "эл үчүн ичкен ашын жерге койгон" САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР менен "эл үчүн" күйүп-бышкан БЕЙӨКМӨТТҮК УЮМДАР?
элдин ойлосоңор тээ тиги Кытайдагы фонддорго окшоп сунуштабайт белеңер?
тайган өзбектердин, боз үй казактардын атынан катталган болсо, эми минтип МАНАСыбыз кытайлардын атынан катталып калыптыр го.
УЛУТ менен УРПАК силерди эч качан кечирбейт.

кимден: mmmmmmm каяктан: oshol
25.10.2009 20:23
a anda manastyn urpaktarybyz dep suiunup any tuu tutup jursok,korso kytaidyn tuugandary turbaibyzby,
anda talas kytaiga karaiby ?dep erteng ak jolchular, talasty berip koet okshoit, shabashka tushurup, ortodon bolup alayk ,kachaar jeribiz bar,kyrgyz tolkusa, rossiya tolkubait dep,Akaevdi korup Bakiev oskon eken, oi tobooo

кимден: Акила каяктан: Баткен-Бишкек
25.10.2009 15:10
Кытайлар башка белгилуу соода маркаларды (Сони,Адидас ж.б.) уурдагандай, Кыргыздын намысын, тарыхын, калпагын алыптыр да!!! Саясий партиябыз дегендердин бироосу да кынк этпегени тан калтырат! Арзыматтар!!! Кытай Кыргызды акыры барып биздин бир областыбыз десе тан калбайм!

кимден: Акила каяктан: Баткен
25.10.2009 14:23
Уктап калып, эми аракет кылганынар кандай? Кытай туура кылыптыр, болбосо силер дагы эле уйкуда журмоксунор! Айла жок, кыргыз чиновниктердин азыркы тусу ушундай. Эч бир оздорунун шалаакылыгын моюнга алышбайт!!!...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)