Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:46

Саясат

Болот Байкожоев: “Ууру түрмөдө отуруш керек”

Өлкөнүн экономикалык абалы, соңку саясий кырдаал тууралуу республиканын эмгек сиңирген экономисти, эксперт Болот Байкожоев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Текст көлөмү - +
- Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалга сиздин көз карашыңыз кандай?

Болот Байкожоев: Бул этапты экиге бөлүш керек. 7-апрелге чейин бүт экономика Бакиевдердин үй-бүлөсүнө иштечү. 7-апрелден кийин жаңы бийлик келип көп саясий окуялар болуп, экономиканы кичине төмөндөтүп койду, чек араны жаап ж.б.

Убактылуу өкмөткө 14 киши келгенден кийин ар бири өз милдетин аткарыш керек эле. Күч блок өзүнүн ишин, экономикалык блок өзүнүн ишин жасаш керек эле. Бүгүнкү күндө экономикалык блок да, күч блогу да өз милдетин аягына чейин жакшы аткаралбай калышты. Эмне үчүн? Булар бийлик, кызмат талашып, кайсы партиядан канча киши болуш керек деп атышат.

- Эл арасында Убактылуу өкмөттүн кадр саясатына нааразы болгондор бар. Сиз ушул кадр саясатын азыркы бийлик кандай чечиш керек деп ойлойсуз?

Болот Байкожоев: Бакиев бийликке келгенде жалаң Акаевдин кадрларын алып келди, баягы ууру кылган шумпайлардын баарын койду. Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт ошол эле жол менен баратат. Кайра эле ошол уурдаган шумпайларды коюп атат. Эмне үчүн бүгүнкү күндө люстрация тууралуу мыйзамды койбойт? Бул мыйзам – тазалоо.

Ууру деген түрмөдө отуруш керек. Бүгүнкү күндө башка адистер жок деп шылтоо кылып атышат. Кандай принцип менен булар тандап атат, мен түшүнбөйм. Ошон үчүн бул Убактылуу өкмөткө эл туура, таамай, принципиалдуу өз баасын берип атат. Элди ойлош керек. Элди калп эле сөз менен алдап сүйлөбөй, иш менен көрсөтүш керек, чөнтөк жөнүндө ойлобой. Бүгүнкү күндө баягы эле уурдамай жол менен баратабыз. Качан бийликке таза адамдар келет? Аз кыргыздар үчүн ойлонуш керек, канча кан төгүлдү. Эртең уурдагандарды кан урат. Ошон үчүн азыр эл үчүн иштеп бериш керек.

- Сиз да мурда оппозициянын катарында жүрүп, Бакиевдин, Акаевдин бийлигине каршы күрөшүп жүргөн адамдардын бирисиз. Ушул тапта Убактылуу өкмөт саясий-экономикалык кризистен чыгып кетүү үчүн эмне кылыш керек деген ойдосуз?

Болот Байкожоев: Мен ойлойм, бийликке келгенден кийин программа менен чыгыш керек. Программаны элге жарыялаш керек, эл менен чогуу ушул программаны аткарыш керек. Ал иштер бүгүнкү күндө жасалбай атат. Бүгүнкү күндө көчөдө жүргөн кайырчылардай сурагандан башка эч нерсе билбейт.

Өзүбүздүн канча деген резервдер турат. Ар бир резерв бир тыйынга чейин туура кетип, туура пайдаланып, ошондой иштерди жүргүзүш керек. Бийликке түшүнгөн, билген, таза, профессонал адамдарды коюш керек. Анан эл ошону көзөмөл кылып туруш керек. Бул бир жолу. Саясат эмес, экономика биринчи орунда болуш керек. Биздики тескерисинен, башы ылдый жакта турат, буту өйдө жакта турат, башкача айтканда саясат экономиканы башкарып атат. Экономика болсо анан кийин саясат болуш керек деген сөз.

Экономикалык программа болуш керек. “Бүгүн муну жасай албасам мен башым менен жооп берем” деген адамдары коюш керек.

- Ошондой адамдар барбы?

Болот Байкожоев: Кыргызстанда бар. Бирок жаңы бийликке андай адамдар кереги жок. Анткени алар уурулукка, калпычылыкка барбайт деген маани.

- Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Сиз да саясий партия менен катышасызбы?

Болот Байкожоев: Бүгүнкү күндө ушул кебетебиз менен парламенттик шайлоого барсак эмне менен бүтөрүнө көзүм жетпейт. Мен көзү ачыктык кылган жокмун, бирок мен көрүп турам, бул чоң чатак менен бүтөт.

Мен ойлойм, эртең парламентке Бакиевден өткөн шумпайлар келгенге мүмкүнчүлүк болуп атат. Ошондуктан элдер ойлонуш керек, убакыт бериш керек, түшүндүрүш керек, бул шайлоону бир аз артка жылдырыш керек.

Мына, Роза Отунбаеваны шайладык, ал өз жоопкерчилигин алсын, өзүнүн айланасына таза адамдарды чогултуш керек. Эл ишенгенден кийин анан шайлоого барыш керек. Элдин турмушу менен, мамлекет менен ойнобош керек. Анткени эл чыдап-чыдап анан жарылат. Дагы бир жарылса эмне менен бүтөт? Анда аябай кыйын акыбалга келебиз.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айбек каяктан: ак асаба
04.08.2010 15:34
Болот Байкожоев сен кимди алдайсын? Билебиз силердин ким экенинерди? Ысык Кол банкын кимге иштетип жургонун белгилуу.

кимден: Аликбек каяктан: Кызыл-Кыя
04.08.2010 09:42
Уурулар кайра эле чон-чон кызматтарга келип атат го. Же УО да бакиевтерге окшоп озулорунун жеке проблемаларын чечуу учун бийликти басып алыштыбы?

кимден: ЭЛ каяктан: Болотун пикири100%чындык
04.08.2010 04:14
Болотун пикирин мен 100% колдоймун!
Азыркы бийлик ЭЛДИН ОЙ-МАКСАТЫНА КАРШЫ кетиб жатат!
Элдин биримдигин ойлобой, кайра болуб-жарууга баратат.
Отунбаеванын командасы акаев менен бакиевчилерден тузулгону бул факт, ошондуктан революциянын идеясына "Эжекебиз" чыкынчылык калды деб эсебтеймин!

кимден: kyrgyz
03.08.2010 23:57
Ekspert katary achyk, tak synyshynyzdy baykagan jokmyn. Jalpi sozdor.

кимден: asia каяктан: vengria
03.08.2010 20:44
en tuura aitkansyz bolot ake.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)