Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:48

Борбор Азия

М. Эшимканов: Өнүктүрүү фонду каржыны башкаруунун жаңы ыкмасы

Өнүктүрүү фондундагы акчаларды башкарууга MGN Group компаниясынын активдери жетиштүү эмес болчу. Ошондуктан аталган фонд ал компания менен келишимди үздү. Бул тууралуу Өнүктүрүү фонддун төрагасы Игорь Чудинов 18-мартта билдирди. Оппозиция болсо бийлик мындай фондду өлкөдөгү каражатты өз каалагандай пайдалануу үчүн гана түзгөн, деп сындап жатышат.

Игорь Чудинов
x
Игорь Чудинов
Текст көлөмү - +
Өнүктүрүү фонду MGN Group менен түзгөн келишимин үзгөнүн аталган компаниянын жетекчиси Евгений Гуревичке Италияда кылмыш иши козгологону тууралуу маалыматтар калкып чыккандан кийин 10-мартта жарыялаган.

Фонд өткөн жылы сентябрь айында өзүнүн карамагындагы активдерди башкаруучу компанияларга тендер жарыялап аны MGN Group жеңип алган. Өнүктүрүү фондунун башчысы Игорь Чудиновдун айтымында, бирок ал келишим бир нече себептерден улам ишке ашпай турган:

- Биринчиден, биздин акча ресурстарыбызды башкаруу үчүн МGN Group компаниясынын активтери жетиштүү эмес болчу. Өткөн жылдагы биздин ишибиздин жыйынтыгын чыгарып жатып, фонддун активдеринен түшкөн кирешелерден улам бул келишимге муктаждык деле жок экенин түшүндүк. Ал келишим бир тараптан үзүлдү.

Игорь Чудинов MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич Орусиядан келген кредитти Өнүктүрүү фонду аркылуу ыйгарып алышы тууралуу сөздөрдү туура эмес деп четке какты:

- Каржы министрлиги Өнүктүрүү фондуна Орусиядан кредитке келген 286 миллион доллар акча каражатты өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө жүз миллион доллар Камбар-Ата-2 улуттук долбоорго жумшалды. Андан сырткары 17 миллион кыргыз банктарында депозит болуп турат. 71 миллиону болсо Өнүктүрүү фондунун эсебинде турат. Анткени быйыл бир нече ири долбоорлорду каржылоо боюнча пландар бар.

Өткөн жылы октябрь айында MGN Group компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич “Азаттыкка” маек куруп

Өнүктүрүү фонддун байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимкановдун айтымында, Кыргызстан Өнүктүрүү фонддун түзүү менен глобалдык каржылык шартта каражаттарды башкаруунун жаңы ыкмасын колдонуп жатат:

- Буга чейин Кыргызстан он сегиз жылдын ичинде эки миллиард доллар карыз алган. Ал карыздардын баары мамлекеттин, өкмөттүн мойнуна түшкөн. Анын төлөмдөрү биздин өзүбүздүн ички социалдык маселелерибизди чечиш үчүн улам жылып келе берген. Биринчи жолу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борборду агенттик, анын ичинде биз иштеп жаткан Өнүктүрүү фонду ким карызды алат, ким көзөмөлдөйт, ким ал карыздын кепилдигин алып иштетет деген жаңы тышкы карыздар менен, тышкы грант, инвестиция менен иштөө жөнүндө жаңы заманбап механизм баштады.

Антсе да оппозиция өкүлдөрү бул айтылгандарга ынбай келишет. Элдик кеңештин жетекчиси Мукар Чолпонбаевдин баамында, мындай фондду бийлик өз кызыкчылыгына карап түзгөн:

- Бийлик бул фондду эптеп Кыргызстанда чогулган акчанын баарын бир жерге топтоп, өздөрү пайдалануу үчүн түзгөн болчу. Бул “үй-бүлөгө” багытталган. Фондго көзөмөл жүргүзгөнгө Максим Бакиевдин эн жакын досу, анын капчыгы деп койсок болот Евгений Гуревичти атайын алып келишкен. MGN Group компаниясында негизги фигуралар Максим, Гуревич анан Надель экенин баарыбыз эле билебиз. Эми Өнүктүрүү фонду түштөн кийин эптеп сөз менен кутулуунун айласын издеп жатат.

Мамлекеттик корпорация Өнүктүрүү фонду президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке карайт. Фонд өзү 2007-жылы түзүлгөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.03.2010 19:35
286 миллион доллар акча каражатынын 100 миллиону Камбар-Ата-2 долбооруна жумшалыптыр, 17 миллион депозиттерде, ал эми 71 миллиону Өнүктүрүү фондунун эсебинде деп айтып жатат, а калганычы? бул жакта 90 миллион акчанын кайда экени жөнүндө эч бир информация берилген эмес.

кимден: Чокчолой баатыр каяктан: Бишкек
24.03.2010 00:34
Ушул Эшимкановго ким соз берди экен!!!...

кимден: Бека
23.03.2010 16:30
Аналитик.Туура айтыпсын!

кимден: Аналитик каяктан: Ала Тоо
21.03.2010 14:18
1990-жылдан бери Кыргызстанда 200 дой уй-було абдан байып алышкан.Кээлери эрте менен абдан кедей болуп уйдон чыгып кетип, кечинде миллиондогон доллар кредиттерди алып, миллионер болуп кайтышкан. Четтен келген 2 миллиярд кредиттен баштап, темир-тезекке чейин талап-тоноп чириген бай болуп чыга келишти. Эми алар оздорун "ак соок", "олигарх", "тын чыкма" деп эсептешип, жакыр Кыргыздарды шылдындаганга отушту. Кыргызстанды ушу кунго чейин дал ушул жеп-ичерлер башкарып келишуудо.Буларды улут кызыкчылыгы, этникалык Кыргыздардын тагдыры, чек-ара маселеси, территориялык бутундук, улуттук коопсуздук такыр кызыктырбайт. Баары Бишкекке топтолуп алышып, оз айылдарын да унутуп калышты. Бул байлар ар дайым Кыргыз жерин сатып жиберууго даяр.

кимден: Айым каяктан: Братислава
19.03.2010 18:48
Биз эгемендуу болгонубузга 20 жылдын тегереги болуп калды. Ушул убакыттын ичинде биз алга кадам шилтебей эле, артка чон-чон кадам шилтеп кетип жатабыз. Бул факт ото окунучтуу, бирок чындык. Мени тан калтырган нерсе бул эмне себептен биз кылган катабызды кайра ондоп, андан уйронбойбуз... Акаевдин учурунда Акаевдин баласы жана аялы башкарчы эле, ал эми Бакиевдин учурунда так ошондой эле сурот. Мындай ишти болтурбаш учун, мындай нерсени кайталантпас учун, бизге томонкудой закон керек: Президенттин туугандары жана уй-булосу окмоттун ишине кирише албайт деген. Мен Казакстанда иштеп жургондо бир казак адам айтты эле: Эй, кыргыздар, силерде бирде намыстуу эркек жокпу,- деп... Ошондо ушул соз мага октой тийген. Ал убакта Бакиев жаны келген кези болчу, мен айткам: Жок, келечек дале алдыда! Азыр ойлонсом ото эле Бакиев жонундо оптимист окшойм... Мага Путин Мырзанын тактикасы абдан жагат. Азыркы кунго чейин эч ким анын кыздары жонундо билбейт. Балким, биздин урматтуу башкаруучуларыбыз дагы Путиндин жолун жолдойт! Үй-бүлө башкаралбаган, эч качан эл башкаралбайт!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)