Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:59

Саясат

БШКга 28 партия тизмесин тапшырды

10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялар үчүн БШКга талапкерлеринин тизмесин тапшыруу мөөнөтү 30-августта аяктады. Бул маселеге байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна БШК мүчөсү Жаркын Бапанова жооп берди.

Текст көлөмү - +

- Кечээ күнү партиялар тарабынан тизмелерди берүүнүн мөөнөтү соңуна чыкты. Сиздерге канча партия талапкерлердин тизмесин тапшырды?

Жаркын Бапанова: Бизге 28 саясий партиялар өзүлөрүнүн тизмесин тапшырды. Он күңдүн ичинде жумушчу тобубуз ошонун барын карап чыгышат. 10-сентябрга чейин биз туура берген документтердин барын каттайбыз.
БШК мүчөсү Жаркын Бапанова "Азаттыктын" студиясында

- Ал жерде үч талап аткарылыш керекпи?

Жаркын Бапанова: Ооба, гендердик 30 пайыз, жаштардыкы 15 пайыз, башка улуттан 15 пайыз, ошонун баарын катташ керек. Бизге документти алып келген күнгө чейин 500 миң күрөө төгүш керек.

- Ушул партиялардын ар бири 120дан талапкер көрсөтүүгө милдеттүүбү, же андан аз берсе болобу?

Жаркын Бапанова: Баары тең 120 талапкерди көрсөттү, андан ылдый да, өйдө да эмес.

- Азыркы мезгилде биринчилерден болуп тапшырган партияларга уруксат берилип, өнөктүк жүргүзүүгө уруксат алган партия барбы?

Жаркын Бапанова: Жок, ал 10-сентябрдан башталат.

- Шайлоо мезгилинде бурмалоого жол бербеш үчүн кандай чаралар көрүлүүдө, колдо көрүнө турган сыя сүртүү киргизилет деген маалымат чыккан эле. Ал канчалык аткарыла турган болуп атат?

Жаркын Бапанова: Бизде үгүт жүргүзгөнгө атайын инструкцияны чыгарганбыз, анда эмнени жазаганга мүмкүн, эмнени жазаганга мүмкүн эмес деп. Азыр көрүп атасыңар шаарда эч бир партиянын үгүт жүргүзгөн билборддору жок, штабдарында эле илинип турат, башка эч жерде жок. 10-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Үгүт иштерин туура эмес жасаса чара көрүлөт. Азыркы маалыматка чейин 5-6 ММКларга билдирүү берип, аларга эскертүү бердик, айрым партияларга да эскертүү бердик туура эмес үгүт ишти баштап алдыңар деп. Анан карап көрөбүз, эгерде аябай чоң мыйзам буза турган нерсе болуп калса, анда каттоодон алып койгонго чейин ыктымал.

- Колго көрүнө турган сыя сүртүү демилгеси да көтөрүлүп атат. Буга кандай карап жатасыздар?

Жаркын Бапанова: Ал болот го деп ойлоп атабыз. Баягы эле маркировканы жасаганга даярданып атабыз. Маркировка болсо да элдер ишенип калышат эки жолу добуш берүү болбойт деп. Ошондуктан маркировканы киргизебиз го.

- Биздеги талылуу маселелердин бири шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе дайыма айтылып келет. Бул тизме качан даяр болот, качан жарыяланат?

Жаркын Бапанова: Тизме шайлоого 20 күн калганганга чейин ар бир шайлоо бекеттеринде илинип туруш керек. Азыр жер-жерлерде өкмөттөрдүн баары ошол тизмени карап, тактап атышат.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.08.2010 17:05
bir da normalniy erkek partya koro algan jokmun .andan koro roza apabiz ele prezident boydon kalsa bolmok, kachsa da kishi attyrbayt ele.al emi ishenbay kadirbekovgo okshgon nemeler da koshulup aliptyr, anan al jenip alsa kirgizdin en tatinasi oshol bolup kalabi.janin achiyt bir da tatiktuu, ushul menein jurt atam degenge ooz barbagan makuluktar jarishka tushushuptur.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине