Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Д. Ошурахунова: Таза шайлоо өткөрүүгө болот


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы өлкөдөгү бардык шайлоолорго байкоочуларды коюп келет. Бул ирет коалиция кандай иштерди жүргүзөт жана жакындап келаткан шайлоо өнөктүгүнө кандай баа берет? Бул суроолорго коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова жооп берет.

- Сиздердин уюм 10-октябрдагы парламенттик шайлоого кандай даярдыктарды көрүп жатат?

Динара Ошурахунова: Биздин уюм ар бир шайлоого байкоочу катары катышып жүрөбүз, бул шайлоого да албетте катышабыз. Өзүбүздүн көз карандысыз байкообузду жүргүзүп атабыз. Биз 10-августта жарыялангандан тарта эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү байкообузду баштаганбыз. Жер-жерлерде, 56 райондордо 112 узак мөөнөттүү байкоочулар атайын окуудан өтүп, бүт календардык пландарды, кодекстерди алып, жер-жерлерде байкоо жүргүзүп атат.

- Мурдагы мезгилдерде чет өлкөлүк узак мөөнөттүк байкоочулар келип калат эле. Алар бул ирет болобу?

Динара Ошурахунова: Биз ЕККУнун байкоочулары менен жолукканбыз, алар референдумда катышкан. Бул жолу алар атайын келип референдумдан кийин байкоо жүргүзгөндө отчетун берип, презентация жасап берди, ошондо айтышты, бул шайлоого да катышат, азыр 24 узак мөөнөттүү, анан 300 кыска мөөнөттүү байкоочулар келет экен. Шайлоо күнү эл аралык 300 байкоочу көзөмөл жүргүзөбүз деп айтышты. Бирок аларды биздин өлкө чакырыш керек, азыр ошол процедуралар өтүп атат.

- Парламенттик шайлоо адилет жана таза өтүшүнө негиз барбы, же мурдагыдай эле административдик ресурсттарды пайдалануу, бурмалоолорго өтүп кетеби?

Динара Ошурахунова: Биз айтып кетели, мурдагыдай жалгыз партия авторитардык жол менен баарын басып алып эле өзүнүн мыйзамын жүргүзүп, ошонун негизинде эле өткөрчү. Бирок азыр адилеттүү, таза шайлоо өткөрүүгө негиз бар. Анткени азыр баарына эле тең мамиле жасап атат.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кирген партиялар бар, аларды азыр административдик ресурс колдонот деп баары тең шек келтирип атат. Бирок алар бир партияда болбогондуктан аттандаш болушат да. Ош окуясынан кийин булардын авторитети көп эле түшүп калды. Ошондуктан чынында эле азыр чоң тарыхый шайлоо болгон атат. Ошону биз адилеттүү, таза өткөргөнгө бардык негиздер бар.

- Саясий партиялардын лидерлери бурмалоолордон чочулап, ага жол бербеш үчүн ар бир партиянын мөөрү бюллетенге басылыш керек деген сунуштарды айтууда. Бул мүмкүнбү?

Динара Ошурахунова: Мүмкүн. Партияларда ошондой негиздер каралса, БШК албетте аны карап чыгыш керек. Андан тышкары биз да өзүбүздүн сунуштарыбызды берип атканбыз, ошонун ичинде көрүнгөн маркировканы өткөргүлө деп. Анткени көрүнгөн маркировка эки жолу бир адам добуш бергенине бут тосот. Ошондой нерселердин баары караштырылып атат. Мен ойлойм, эң жакшы тажрыйбаларды биз эл аралык уюмдардан алабыз, аракет жасайбыз. Адегенде саясий партиялар да өзү мыйзамдын негизинде күрөшүн жүргүзсө жакшы болот.

- БШКнын курамына өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин көп чын айтчу. Бул ирет ага негиз барбы?

Динара Ошурахунова: Албетте баары тең алмашып кетпейт. Бирок азыркы курамы бизди канааттандырат. Анткени башында биз айтып кетпедикпи, БШКнын төрагасы мыйзамдын чегинде иштеп атат, принципиалдуу адам экен. Экинчиден, биздин бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү да кирген ошол жерге. Булар референдумда көрсөттү, ачык иштеп атышат, андан тышкары биз дайыма алардын чогулуштарына барып көрүп атабыз, бизге бир да бут тосуу болгон жок.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG