Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:37

Кыргызстан

Электрондук "Айыл" иштеп кете алабы?

Айыл округдары үчүн автоматташтырылган электрондук “Айыл” системасы эми мамлекеттик социалдык порталда орун алат.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө орун алган 459 айыл өкмөтүнө автоматташтырылган электрондук “Айыл” системасынын орнотууну көздөөдө
Текст көлөмү - +
29 жаштагы Улан Калыбеков Кемин районуна караштуу Алмалуу айылдык округунун башчысы. Анын иш бөлмөсүндө азыркы заманбап техникалар болгону менен бүткүл дүйнөлүк маалыматтын жана байланыштын булагы болгон интернет желеси жок.

-Интернет айыл жергеси үчүн жаңылык. Айыл округдары үчүн бул маселе чечилсе бери-бирибиз менен байланышыбыз күчөп оперативдүү иштер жүрмөк. Азыр маалыматтын жоктугунан аткаруу тартиби аксап тургансыйт. Бул маселе жакынкы келечекте чечилсе деп үмүтөнүп жатабыз.

Жакын арада Улан Калыбеков көптөн бери зар болуп келе жаткан интернет жана деги эле байланыш жааты баардык айыл өкмөттөрдө чечилгени турат. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын демократиялык башкаруу долбоору кыргыз өкмөтү менен биргеликте өлкөдө орун алган 459 айыл өкмөтүн ар бирин интернет менен камсыз кылып, байланышты жана маалымат ресурстарын өркүндөтүп мамлекеттик органдардын кызматташуусун күчөтүүнү көздөөдө. БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Султан Гаджиев .

-Буга чейин кыргыз өкмөтү баардык аракетин жумшап, максаттуу түрдө чоң кадамдарды жазап келди. Электрондук башкарууну колдонуу биз күткөндөй жыйынтык алып келиши үчүн бул иштер ушул өңүттө жүрүп, чечкиндүү кадамдар болсо ийгилик болот деп ишенебиз.

Бул айыл өкмөттөрү үчүн иштелип чыккан “Айыл” электрондук системасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлугун артыруу жана баардык мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташтыгын камсыз кылуу максатын көздөйт. Ошондой эле бул система аркылуу жергиликтүү калк, айыл өкмөттөрдүн жана жогорку органдардын ишмердүүлүгү тууралу маалымат ала алышат.
Бул долбоор Кыргызстандын 14 айылында сыноодон өткон. Эми өлкөдө орун алган 459 айыл округунуна баардыгы СДМА 450 технологиясы же кабель зымдары аркылуу интернетке туташып, андагы адистер Бишкек шаарындагы окутуу борборлорунан билим алышмакчы. Ошондой эле аларга компютер жабдыктар менен катар интернеттин бир жылдык акысы жана почта серверин ачуу чыгымдары бул програманын алкагында каржыланат.

Транспорт, комуникация жана байланыш министри Нурлан Сулайманов "Биздин максат ар бир айылга интернет жеткирүү" дейт.

-Биздин министрлик ар бир айыл өкмөткө интернет жеткирип, андан соң ар бир районго, акырында ар бир обласка бул түйүндү туташтырсак деп турабыз. Биздин пикирде даярдыксыз биздин ишибиз алга жылбайт. Ошондуктан электрондук өкмөт системасын ишке киргизүү үчүн республика боюнча даярдоо зарыл. Бул долбоорду ишке ашыруу жамаатык иш. Ар бир кыргызстандык өлкөнүн кайсы жеринен болбосун, электрондук кызмат ала алса иш максатына жетти деп айтсак болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: НУРАЛИ каяктан: Москва
17.09.2009 22:11
Аябай жакшы пикикр экен. Ал идея ишке ашса аябай жакшы болмок. Бизге окшогон сыртта жүргөн атуулдар интернет менен түз байланышта тууган уруктары менен байланыша алмак.

кимден: Жанызак каяктан: presskg_com
13.09.2009 05:27
Сонун идея болуптур!
Буга айыл байланыш түйүндөрүн жана мектепти да жанагы токтом болобу же башкасыбы, ошонун негизинде кошуп берсе, бир ок менен үч койон атылат эле!
Анан акча которуучу WebMoney программасын да сөзсүз түрдө үйрөтүп салышса алиги почта кызматкерлерине, таза жыргал болбойт беле...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)