Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Т. Исмаилованын эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин Ф. Кулов билбейт


“Жарандар коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун коргоо максатында өлкөдөн убактылуу чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү билдирген. Укук коргоочу аны коркунуч тооруп турганын “Ар намыс” саясий партиясынын лидери Феликс Кулов да эскерткенин айткан эле. Ф. Кулов өз кезегинде бул маалыматты төгүнгө чыгарууда.

Ф:Кулов: Мен мындай маалыматты берген эмесмин. Өзүм биринчи жолу угуп жатам. Бирок мен маалымат менин атымдан берилгени тууралуу уктум. Менин оюмча Төлөйкан Исмаилова жоопкерчиликтүү аял. Эгер чын эле коркутуулар болсо, анын чындыгы бардыр. Ошондуктан анын минтип айтууга негизи бар болсо керек.

Бирок, тилекке каршы, мен мындай маалыматты берген эмесмин. Ал коркуп кеткендиктен, чын эле алмаштырып мени ошондой маалымат берди деп ойлосо керек. Бирок менин бул маселе боюнча эч кабарым жок.

“Азаттык”: Сиз Төлөйкан Исмаилова менен Оштон келгенден кийин сүйлөшкөн эмессизби?

Ф:Кулов: Жок. Мен аны менен үч жылдан бери көрүшө элекмин.

“Азаттык”: Сиздин көз карашыңызда Төлөйкан айым эмне үчүн укук коргоо органдарына кайрылган эмес?

Ф:Кулов: Билбейм. Мен интернеттен азыр окудум. Эмне үчүн анын дароо өлкөдөн чыгып кеткендиги мага белгисиз. Мен таң калдым.
“Азаттык”: Учурда укук коргоочулардын ушинтип мамлекеттен чыгып кетүүсү сыяктуу көрүнүштөр эмнеден кабар берет?

Ф:Кулов: Эми расмий билдирүү болушу керек. Антпесе аны эч ким карабайт да. Интернетти эч ким карабайт да.

“Азаттык”: Эл аралык уюмдар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасуловадай укук коргоочулар коргоого муктаж деген билдирүүлөрдү таратып жатышат. Алар кандай негиздерге таянып жатышат?

Ф:Кулов: Билбейм. Эмне үчүн минтип айтып жатышат.

“Азаттык”: Сиз бүгүнкү күндө Кыргызстандагы укук коргоочулардын абалына кандай баа бересиз? Акыркы окуялардын алкагында алып караганда.

Ф:Кулов: Азыр алар эркин иштеп жатат. Аларга карата коркунуч бар-жогу тууралуу кабарым жок.

“Азаттык”: Түштүктөгү окуяларда бул эки укук коргоочу тарабынан бир жактуу маалыматтар айтылды деген сөздөр айтылууда. Сиздин көз карашыңызда буга негиз барбы?

Ф:Кулов: Эми булар абдан жоопкерчиликтүү адамдар. Алардын сөзүнө ишенич болуш керек.

“Азаттык”: Азыр биздин укук коргоо органдарынын ушундай жагдайларды иликтөөгө күчү жетет деп ишенүүгө болобу?

Ф:Кулов:
Менимче күчү жетпейт. Аларда кенен иштегенге шарт жок экен. Өзгөчө Ош жергесинде, Жалал-Абадда. Ал жакта террорчул акциялар болуп кетет деген да коркунучтар бар. Анын үстүнө ал жакта да эл маалыматты ачык айтпайт. Убакыт керек.

“Азаттык”: Төлөйкан Исмаилова өзүндө айрым саясатчылар тууралуу маалымат бар экендигин, алар 7-апрель жана түштүктөгү окуяларга байланыштуу экендигин, ушул маалыматтар анын өмүрүнө коркунуч туудурарын билдирди. Чын эле анда ошондой баалуу маалыматтар бар деп ойлойсузбу?

Ф:Кулов: Азыр бизде андай маалыматтар жок. Ал чет мамлекеттен маалыматты айтса болот. Анткени ал жерде анын аркасынан эч ким түшпөйт. Ошондуктан маалыматты күтүш керек.

“Азаттык”: Төлөйкан Исмаилова өзүнүн маегинде криминалдык элементтер туурасында сөз кылды. Бийлик менен аралашып алган криминалдык чөйрөлөр туурасында айтты. Бул маалымат азыркы бийликтин аброюуна шек келтирбейби?

Ф.Кулов: Комментарий бере албайм азыр.

“Азаттык”: Учурдагы өлкөдөгү абалга кандай баа бересиз?

Ф.Кулов: Абал татаал, иштеш керек. Биринчиден Жаныш Бакиев эркиндикте жүрөт, аны эч ким издебейт. Негизги чагымчы, уюштуруучу ушул киши да. Акча да ошол кишиде. Биринчи максат - күч органдары Жаныш Бакиевди кармашы керек. Антпесе тынчтык болбойт.

“Азаттык”: Эгер Төлөйкан Исмаилова азыр өлкөгө кайтып келсе, мамлекет анын коопсуздугуна кепилдик бере алабы?

Ф.Кулов: Буга мамлекет өзү жооп берсин. Азыр мамлекеттин күчү жок. Ал бул кишини сактай албайт. Азырынча ушундай коркунуч болуп жатса, убактылуу чет мамлекетте туруп турсун. Анан кийин көрөбүз.

“Азаттык”: Азиза Абдирасуловага да ушундай эле коркунуч болгондугу тууралуу да айтылды. Эмне үчүн ал өлкөдөн чыгып кетпейт?

Ф.Кулов: Ага Азиза Абдирасулова өзү жооп берсин. Билбейм. Эми караш керек да кимисинде кандай маалымат бар экенин. Баалуу маалымат болсо демек кеткенге себеп бар да. Азырынча бул суроого конкреттүү жооп бере албайм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG