Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:22

Экономика

Тармактык маркетинг – бай болуунун оңой жолубу?

Үйдө отуруп эле көп акча табууну сунуштаган компаниялардын көбү тармактык сооданын принциптерин колдонот. Кыргызстанда да ошондой жумуш сунуштаган жарнамалар бар. Статистика боюнча андай сунуштардын ондон тогузу тармактык сооданы колдонгон уюмдар экен. Сооданын бул түрү чын эле эффективдүү жана коопсузбу?

x
Текст көлөмү - +
Кыргызстанда тармактык маркетинг же орусча айтканда “сетевой маркетинг” деген сооданын түрү бар. Азыр өлкөбүздөгү көптөгөн компаниялар өздөрүнүн продукцияларын тармактык маркетингдин принциптерин колдонуп сатууда. Сатуучулар, маркетинг термининде дистрибьютор, же мындайча айтканда таркатуучу деп аталат.

Кээ бир адамдар тармактык маркетингди каржы пирамидасынын бир түрү деп коркушат. Чынында эле кээ бир уюмдар алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны тартып алат да, анын дайыны жоголот. Эрнистин достору да ошондой алдамчыларга кабылган экен:

- Мындай окуя менин тааныштарымдын тажрыйбасында болгон. Группалаштарым бир фирмага кирип, мени да чакырган. Өздөрү акчасын төлөшүп, ошол жерде аралашып жүрүштү. Көп эле акча коротушту. Кийинчирээк уксам аларды сызга отургузуп кетишиптир. Эки ортодо алар же акчасынан жок, же жумушунан жок калышты. Жөн жерден эле убактысы да, акчасы да короду.

Каржы полициясынын басма сөз катчылыгы андай компаниялар адамдарды алдаган учурлар катталбаганын билдирди.

Эгер Кыргызстанда иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги мыйзамдуу болсо, анда эмнеге көпчүлүк тармактык маркетинг деген сөздү укканда жалкыгансып, колун шилтейт? Борбордук Азиядагы Америка Университетинин психология бөлүмүнүн студенти Фаризат Сырдыбаева мындай көрүнүшкө ошол бизнестин туура эмес жарнамалары күнөөлүү дейт:

- Тармактык маркетингге кирерде адамдарга компаниялар жомоктогудай байлыкты жана акчаны убада кылат. Эң кызыктуусу - ал акчаны жумуш кылбай, үйдө отуруп эле тапканга мүмкүн деп алдашат. Чынында ал жакта иштесең аябай чуркап, элдерди ынандырышың керек. Негизи эле көп акча табыш үчүн көп иштеш керек. “Такыр эле иштебей акча тапкың келеби?” деген жарнамалар жана куру сөздөр элдерди качырат.

Бирок буга карабастан тобокелчиликке салып, мындай бизнеске кирип жаткан адамдар аябай көп. Айрым адистердин айтымында, эгер компания акчанын ордуна кандайдыр бир продукция сунуш кылбаса, анда ал кооптуу бизнес жана анын артында ким турганы белгисиз.

Мирбек аттуу жаш экономист маркетингдин мындай түрү сатуучуга да, керектөөчүгө да пайдалуу деген ойдо, себеби сатып алуу процесси алардын ортосунда түздөн түз өтөт:

- Тармактык меркетинг деген, менин оюмча, бул - замандын талабы. Анткени кандай гана ишкер болбосун ал өзүнүн чыгашаларын азайтууга аракеттенет. Мунун жакшы жагы бир нерсени сатып алып жаткан адам ашыкча акча төлөбөйт, себеби чынында ижарага төлөгөн акчаны сатуучу төлөбөйт. Ал жөн эле ошол бааны товарга кошуп коет. Аны сатып алуучулар төлөйт. Эгер ошол эле товар башка жол менен келе турган болсо, анда ал албетте кымбат болмок. Менимче, эгер бул нерсе өнүгүп жатса бардык тоскоолдуктарды жоюп, оң жолуна коюп коюш керек го.

Тармактык маркетингдин принциптеринин негиздөөчүлөрү – америкалык Ли Митингер жана Уильям Кэсселбери. Алар 1945-жылы “Нутрилит продакц” аттуу компаниянын продукциясын дистрибьютор болуп сатып баштаган. Ошондон тартып бул сооданын түрү дүйнө жүзүнө тарап, өнүгүп келе жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nazi каяктан: Bishkek
07.04.2010 13:46
Мен мындай компанияда иштегем, студент убагымда кошумча акча таап жолума кетирчумун. Ал компания Мери Кей болчу азыр деле кошумча иштеп коем. Бирок азыр жаны эл аралык комп. COLORS of LIFEта иштеп жатам. Бул жерде окутат, эл алдында суйлогонго уйротот. Карьера жана акча бар. Коркуунун кереги жок . Максат коюп эле иштеш керек. Мумкунчулуктор коп.

кимден: Ала халатчан каяктан: МАЛАЙЗИЯ
05.04.2010 19:32
Соода жүргүзүүнүн бул түрүн Кыргызстанда чет элдик фирмалар эмес, Кыргызстандын өзүнүн соода тармактары жүргүзсө жакшы болмок. Сооданын келечеги дал ушул тармактык соодада.Мен билгенден Тяньши, Ипар, Орифлэйм, Мерседес, Тойоталар ушундай ыкма менен өнүгүп жатат. Интвэй болсо Мавроди негиздеген МММ сыяктуу иттиги билинди.Кыргыздын акчасы көп байларына Шоро, Максымдын кожоюну Табылды Эгембердиевге окшоп ушундай соода уюштуруп, жүздөгөн, миңдеген адамдарды иш менен камсыз кылсаңар боло деп сунуш айтмакмын. Бул теманы кыргызча гезиттерде да көп жазып, элдин көзүн ачыш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)