Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:39

Илим, билим берүү, IT

Ош: Университеттер жаш кадрлардан аксап жатат

Өлкөдө кесибин таштап чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин көпчүлүгүн мугалимдер түзөт. Талдоочулар эми азык-түлүк каатчылыгынан улам окутуучу адистигинен айныгандар дагы көбөйөт деп кабатырланышууда.

x
Текст көлөмү - +

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде үч жылдан бери окутуучу болуп иштеп жаткан Тилек окууну бирге аяктап, азыр Орусияда иштеп жаткан досторунун тапкан кирешесин өзүнүн маянасы менен салыштырып, ойго батууда:

 

 - Айына миң доллар айлык алышат экен. Жөн гана операторлор. Ал эми биз бул жерде окууну мыкты аяктагандар деп ишке калганбыз.

 

Тилек университетти кызыл диплом менен аяктаган. Деканаттын өтүнүчү менен окутуучу болуп иштеп калган экен. Үй-бүлө кургандан кийин өп-чап  маянасы эч нерсеге жетпей, кошумча иш издөөгө  мажбур болгон:

 

 -  Кечээ чыккан айлыгым үч миң эки жүз сом болду. Батир акысын төлөйсүң. Аның эки миң сом. Анын свети бар, газы бар, суусу бар. Анысы миң сом болуп калат. Бул айлык менен жашоо мүмкүн эмес. Фирмада кошумча иштейм. Ошону менен үй-бүлөмдү багып жатам.

 

Бир убакта ардактуу деп аздектелген окутуучулук кесиптин кадыр-баркы соңку жылдары оголе төмөндөп кеткени айтыла жүрөт.  Мисалы, биология адистигин аяктап жаткан Нуржигит Касымов окуу жайга мугалим болуп калууну такыр эле каалабайт: 

 

 - Акча көбүрөөк жакка иштейбиз да. Бул жерде калуу тууралуу оюм да жок.

 

Оштогу орто жана жогорку окуу жайларда бир канча окуу предметтери боюнча адистер жетишпейт. Университеттерде да мугалимдик кесип аз тандалат.

 

Оштук серепчи Керимбек Калыкулов бул кесиптин беделенинин түшүшүнө билим берүү тармагындагы паракорчулук да шыкак экенин белгилейт:

 

 - Айлыгынын аздыгы, анан мугалимдердин сапатынын төмөндөп кетиши да себеп болууда. Пара алып эл арасында жаманатты да болушат. 

 

Оштогу мамлекеттик университеттин физика-математикалык факультетинин кафедра жетекчиси Абдыкалы Кыбыраев мыкты кадрларды университетке алып калуу аракети бир канча жолу ишке ашпай, далай өкүттө калган. Мындай абалга  өкмөт чукул арада көңүл бөлүп, дурус шарт жаратууга аракеттенүүсү зарыл, деп белгилейт кафедра башчы:

 

- Жаш кадрларга эми миңдин тегерегинде айлык каралган. Бул аз. Экинчиден мугалимдик кесип жаштар арасында престиждүү эмес. Мугалимдерге анча кам көрүлбөйт.

 

Кыргыз өкмөтү мектептердеги мугалимдер таңсыктыгын жоюу үчүн “Жаш мугалимдин депозити” деген пргорамманы киргизген. Бирок билим берүү министрлиги бул программа өзүн-өзү актабай калганын моюнга алган. Ал эми жогорку окуу жайларды жаш адисттер менен толуктоо маселеси тууралуу кеп кезеги келгенде айтыла жүргөнү менен ырааттуу камылга жок, дешет серепчилер.  

 

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Назгул
13.11.2008 10:44
Жыл сайын кыргыз ЖОЖдору миңдеген "билимдүүлөрдү" чыгарып жатат. тилекке каршы, анын көрсөткөн натыйжасы зээниңди кейитет. Орто мектептерде жаш кадрлар жетишпейт деп жыл сайын айтышат. Ошол бүтүрүүчүлөрдү мектепке тартуунун кайсы бир механизмин иштеп чыкса болот. Ал эми ЖОЖдорго мугалим жетишпейт деген куру эле сөз. Муну мыкты мугалимдер жетишпейт десе болот. Себеби айрым мугалимдердин деңгээли өзү окуткан студенттерден да төмөн тургандары жок эмес.

кимден: Элвира каяктан: Роосия
12.11.2008 16:32
Алтаир, мен кыргыздын кыйыны эмесмин, бирок өзүңүз деле билет чыгарсыз бул сурооңуздун жообун деп ойлойм. Менимче ар бир адам алдыга койгон максатына жараша гана Кыргызстанда же дагы башка жерде жашайт.Эгер сиз кааласаныз Кыргызстанда, айылда, үй салып, жер ала аласыз,мал багып уй саап, май сүт менен ысык нан жеп бейпил жашай аласыз,электр жарыгы жок, бирок баардыгы сиздин колунузда...Сизге кааларым кудайдан үмүтүңүз үзүлбөсун.Тамашасы жок.

кимден: Равшан каяктан: Москва
12.11.2008 13:12
Алтаир туура айтат! Москвада да жашоо кыйын болуп калды! Кризис деген балекет курутуп атат. Бардык ишканаларда штаттар кыскарып, мигрант бекерчилер көбөйүүдө.

кимден: Алтаир каяктан: Москва
11.11.2008 23:59
Мен азыркы убакта Москвада иштеп жатам, бирок бул жерде дагы өтө кыйын болуп калды ,ишке албайт,разрешение берилбей калган,бир жагынан таз баштар коркутат,биз Кыргызстанга барсак оокат кыла алабызбы же жокпу? Жооп бергилечи Кыргыздын кыйындары, сураныч.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)