Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:57

Илим, билим берүү, IT

Жабылган университет, жалдыраган студенттер

Билим берүү министрлиги жапкан Жалал-Абаддагы “Эл достугу” университетинин студенттери окуусун кайда барып улантаарын билбей, баштары маң.

Жалал-Абаддагы "Эл Достугу" университетинин июндагы тополоң учурунда өрттөнүп талкаланган терезелери ошол бойдон турат
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Каражаты аз ата-энелер балдарын Бишкекке же Ошко которуп окутаарын чече албай, аталган университетти кайра ачууну талап кылышууда.

Ушу тапта Жалал-Абаддагы “Элдердин Достугу“ университетинин студенттери менен окутуучуларынын тагдыры арабөк болуп турат. Анткени, аталган окуу жай Билим берүү министрлигинин чечими менен окуу-материалдык базасы лицензиялык талаптарга жооп бербейт деген негизде жабылып, анда окуган бир жарым миңдей студент менен окутуучулар эми кайда барып, жайгашаарын билбей, беймаза.

19- августта жүздөй студент менен алардын ата-энелери башка окуу жайларга которулууга керектүү кагаз-документ алуу максатында университетте топтолушту. Алардын көпчүлүгү медициналык факультеттин студенттери болуп чыкты. Ата-энелердин бири Ырыскан Атабекованын медфактын экинчи курсун аяктаган уулун Бишкекке которуп, окутууга мүмкүнчүлүгү жок. Университетти кайра ачууну өтүнгөн бөлөк энелер өңдүү ал да окуу жайдын жабылышына нааразы болду:

- Кайсы жакка алып барып окутушубузду билбей башыбыз катып турган чагыбыз. Биз суранат элек, жакынырак жерге балдарыбызды которуп берүү жагын. Балдарыбыз кыйналып жүрүшөт, бир айдан бери сарсана болуп жүрүшөт, кайсы жакка барышты билишпей. Бишкекке, Ошко барганга кудуретибиз жетпейт.

Университеттин окутуучусу бир күндө 30 гана студенттин академиялык аныктамасын толтурууга үлгүрөөрүн айтып, калгандарды куру бекер күтпөөгө чакырып, дароо көздөн кайым болду. Окуу жайдын жабылыш себебин түшүндүрүүдөн ректор Азат Караматов караманча баш тартты. Аныктамасы жок бөлөк окуу жайга кантип которулууну билбей, убакыттын өткөнүнө санаа тарткан студенттер толтура. Гүлноранын эсебинде окуу жайды жабууга негиз жок эле:

- Академиялык справка бериш керек. Башка жогорку окуу жайларга киргенче бекип калат. Бизге тезирээк бресе, биз башка университеттерге барып жайгашалы. Эмне кылышыбызды билбейбиз. Жүз элүүдөй студентке уруксат деген экен.

Талабы жана билим беүүсү күчтүү Бишкек менен Оштогу окуу жайларга караганда “Элдердин Достугу” университетинин келишим акылары төмөн жана коррупция жок болчу деген пикирди бул жерде чогулган ата-энелерден уктук. Уулу медфакттын 5- курсуна өткөн Наргиза өткөн окуяларга студенттердин тиешеси жоктугун айтат:

- Бир тыйын бербей ушуга өтүшкөн. Корруциясы жок Кыргызстанда жалгыз университет ушул болчу мен билгенден. Анткени менин балдарым Бишкекте, Ошто окушкан, билем. Клиникасы бүтүп, ординатураны ушул жерге өтөгөнгө мүмкүнчүлүк алганда ушундай кырсык болуп жаап коюшту. Студенттердин күнөөсү эмнеде. Ушуну калыбына келтирип берсе жакшы болот эле. Эки элди элдештире турган, эки элдин кызыкчылыгын көздөп ушул жерди кайра ордуна коюп койсо биздин жашоо мындан да оңолот эле.

Бирок окуу жайда окутуунун сапаты начар, талабы катуу эмес деп айткандар да болду. Чет тилдер филологиясы факультетинен Ислам Ханалиев менен Гүлназ Исакова окуусун кайда улантаарын билбейт:

- Филология факультетинин үчүнчү курсунда окучумун. Эми кайда барыбызды билбейбиз.

Аныктамалардын кечиктирилишине атайын кагаз-формулярдын (анкета дешет экен) жетишсиздиги себеп. Көп студенттер бөлөк окуу жайларга баргысы келбей, үйлөрүндө жатышат. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жакшы, электрондук китепканалар ачылган, окутуучу- профессордук курам да жетиштүү. Эми 200дөй мугалим да ишсиз калуусу ыктымал.

- Ушунча студент окушчу. Азыр башка Бишкекке, Ошко жогорку окуу жайларга барса алар контракт төлөшү керек. Көп студенттер кеткиси келбей атат, сарсана болуп жүрүшөт. Академ справка берели десек бланк жок,- дейт аталган университеттин окутуучусу Феруза Бурханова.

Медицина факультетинин студенттери Бишкектеги медицина академиясы менен кыргыз – славян университетине которулууну каалашкандыгын вице- премьер У. Абдуллаева менен жолугушканда өздөрү билдиришкен. Калган студенттер башка (Жалал- Абад жана Оштогу) окуу жайларда билимин улантат. Ал окуу жайларга “Элдердин Достугу” университетинин окуучуларынын тизмелери жиберилет. Академиялык аныктаманын жазылышына тынчсыздануунун кереги жок, ал чечиле турган маселе. Губернатордун 1- орунбасары Жумагүл Эгембердиеванын пикирине караганда, министрликтин талабын аткарбаган окуу жайда каржылык маселе да бар, анткени мугалимдер май айынан берки айлыктарын ала албай калышкан, жеке менчик окуу жайды мамлекет каржылабайт:

- Калган факультеттин студенттери каалагандары Жалал-Абаддагы мамлекеттик университетте, каалагандары ОшГУ, каалагандары Бишкектеги жогорку окуу жайларга которула турган болду. Студенттери кеч калып атат, документтери үлгүрбөй атат деп айтылып атат. Бул маселелер эске алынат. Жогорку окуу жайларга тизмелери барат. Эмне үчүн жабылып атат? Бул менчик университет болгондон кийин мага азыр мугалимдер деле келип атат, май айыныны айлыгын алган жок, менчик ээси жок болгондон кийин мамлекет буларды каржылабайт. Сентябрдан баштап окууну калтырганда деле айлыксыз ким иштейт?

Университеттин имараты оңдолбой, өрттөлгөн терезелери талкаланган калыбында турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.08.2010 17:27
Жалал-Абаддагы “Эл достугу” университетинин студенттери окуусун кайда барып улантаарын билбей, баштары маң...
Баштары ман болбосун. Батыровдон сурашсын. "Биздин ырысыбызга түкүрдүнүз, эми жооп бериниз" деп бироосу да сепаратист Батыровго наалат айта элек. Эмне, булар дагы деле Батыровду колдошобу?! Ок жыттанган, октор, куралдар сакталган окуу жайдын эмнеси ыйык. Мага койсо атына заты жарашпаган мындай мекемелердин баарын жаап салуу керек!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.08.2010 15:40
Университеттин жабылганы эн туура болду. Ал жердин студенттери келечегин ойлосо кайра ушул жерге окуйт элем дебестен, бети кара чагымчынын окуу жайында окуган элем дегенден арданышы керек.

кимден: Илхом каяктан: ош
20.08.2010 14:13
Мен Нурга кошулам. Ал жерде окугандан коро кой кайтарган артык. Мен абдан жакшы билем ал жерди. 2009 менин карындашым тапшырган. Предметтер копчулугу озбек тилинде окутулган. Менин карындашым озбек мектепти буткон эмес. Ал эми чет жактан келген студенттер жалгандан аталган университеттин справкасы (окубаса да окуду деген) башка университеттерге тапшырышат.
Бул университет, дагы айтып коеюн, билим очогу эмес эле согуш, курал-жарак, митингчилер очогу болуп келген.Илхом.

кимден: Дима каяктан: Жалал-абад
20.08.2010 12:31
Туура бул окуу жайда акча бермей жок, бирок студенттердин санын толтуруу максатында октябрь ноябрь айларында деле кабыл ала беришет. Анан оз кучу менен отту болбой кандай болот. Экинчиден студенттер жанагы Кадыржандын талааларына барып иштеп койсо болду баалары коюлат да окуп журо берет. Студенттердин кучунон пайдалануу деле КОРРУПЦИЯ.

кимден: Нур каяктан: Ош
20.08.2010 10:40
Мен силердин ордунарда болсом ушул университетте окуганча талаага барып кой кайтарат элем, силердин балдарынар эмнени окуп уйронуп журушкондугу кызыктырбайбы, эл бузар адамдардан ар нерсени кутсо болот ото эле кооптуу келечек.....

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.08.2010 10:13
Карындаштар, эжекелер, эптеп башка жерге барып окугула. ал жер учун да канча адам кырылды. ойлонсонор, аны кайра тургузганда дагы да чыр чыкпайт деп эч ким кепилдик бербейт. жолу болбой калды

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)