Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:02

Саясат

А. Турдумаматов: Элдик курултайдын чечимдери каралат

Элдик курултай жана анда бийликке коюлган талаптар боюнча президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы Алмас Турдумаматов “Азаттыкка” комментарий берди.

Текст көлөмү - +
- Оппозициянын бүгүнкү акциясы, алардын кандайдыр бир чечимдери боюнча расмий түрдө келип түшө элек. Кандай гана талаптар болбосун мыйзамдардын чегинде жүрүшү керек. Бүгүнкү өткөрүлгөн акция менимче тынч өттү. Ал жерде айтылган сөздөр боюнча менде толук маалымат жок. Эгер баардыгы мыйзам чегинде боло турган болсо, алардын кайрылуусу, резолюциясы бизге жөнөтүлө турган болсо биякта каралат.

- Бүгүнкү оппозициянын курултайында бийликтин дарегине бир топ сындар айтылды. Үй-бүлөлүк башкарууга жол берди, энергетикалык, социалдык саясаты туура эмес деп айтылды. Сиздер буга кандай деп жооп бересиздер?

- Менде чынында алар кандай кылып эмне деп сүйлөшкөнү тууралуу толук маалымат деле жок. Мен маалыматы жок реакция кылып айта албайм.

- Оппозициянын бирден-бир дооматы үй-бүлөлүк башкарууга жол берүү болду. Өлкөдө чынында да эле ушинтип айтканга негиздер болуп жатабы?

- Оппозиция, дегеле баардык өзүн саясатчымын деген кыргыздын жараны кандайдыр бир өзүнүн пикирин айтканга укуктуу. Алар ошондой укугунан пайдаланып өздөрүнүн ойлорун айтты.

- Бүгүн, 17-март Аксы окуясына 8-жыл болду. Буга карата өкмөт иш-аракеттерди, эскерүүлөрдү өткөрдүбү?

- Бул тууралуу Ынтымак курлтайы болгондо президент өзүнүн ой-пикирлерин айтат.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мирлан каяктан: РФ
18.03.2010 17:24
Президент Аксы окуясы жонундо эч нерсе айтпайт кол чаптырып бутурот курултайын

кимден: Patriot каяктан: Russıa
18.03.2010 12:30
Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы Алмас Турдумаматов сиз деген жөн эле теледе иштеп жүрө бербепсиз да... Ушул да жооп болдубу?

кимден: Kyrgyz Kyz каяктан: Kara Balta
18.03.2010 11:20
Мен кечетен бери бул сайттан чыкпай окуп жатам. Себеби башке жерден маалымат алууга болбой калды. Чын сүйлөгөндөрдүн баарынын жаагын жабып салышты окшойт биздин башкамалар. Кече аатайын телени көрдүм ким эмне дейт экен деп, кечкери 5 каналдан бир да сөз айтылган жок, ал эми кечинде курултай жөнүндө аны уюштургандар жана катышкандар жөнүндө айабай фашист катары комментарий бергени кыжылантты. Жогоруда туура айтышты, элдин акыркы маалымат алууга болгон укуктары тебеленип калды. Ошол эле элет жердеги элдер кайдан маалымат алат, баарында эле интернет жок да. Анан бузук телефон болуп ар кандай маалымат берилип кыжырланган элдин кыжырын ан сайын козгоп жатышпайбы. Ал эми бул сүйлөгөн адам тууралуу менде сөз деле жок, убактымды короткум да келбейт.

кимден: BEKUS каяктан: Бишкек
18.03.2010 10:43
Болгонун болгондой кылып ачык-ачык, тарс-тарс жооп бербейсиңби!

кимден: раткум каяктан: москва
17.03.2010 23:28
Нур, сен тан калбай эле кой, бир аз жаш өңдөнөсүң. Сага жана сага окшоп таң калгандарга айтып койгум келип турат. Андай адамдарды амалпараз деп коет, алар керек болсо амал үчүн абийирин да саткандан да тайбайт. Бул биринчиден, экинчиден бийликте туруп туурасын айткан адам ошол эле замат кызматтан кол жууп калат. Буларга таң калбай эле ''боор ачыш'' керек, минтип күн көрбөсө алар кайда качып кетет. Баш көтөрүп сүйлөгөндүн баары тымызын жок болуп же кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылып жатпайбы...
Ошолорду билип, көрүп туруп, эл үчүн кара жанын аябай тобокелге барып ушундай курултайды уюштурган эр азаматтардын ден соолугун, тынчтыгын кудайдан тилеп, колдон келишинче колдоо көрсөтүшүбүз керек, Ушул эр азаматтар бар үчүн бүгүнкү бийликтин тизгини бир аз тартылып турат, болбосо катуу айтканда булар кутуруп кетишмек. Менимче артка жол жок, Булардын азыркы айтып жаткандары, жасап жаткан уюштуруучулук иштери кыргыз элинин тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калыш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.03.2010 21:58
Маалыматы жок болсо, анда, бул адам эмне жүгөрү кайтарабы?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.03.2010 21:25
Алмас Турдумаматов, мен Сизди жакшы кесипкөй адам катары жакшы көрүп жүрчү элем. Азыр Бакиевдин саясатын колдоп иштеп турганынызга капа болуп турам. Журналистиканы жаман тебелединиздер. КТРди жер менен жексен кылдынар. Эл менен эсептешпегенден кийин кайсыл элди башкарып жатасынар? Тан калам. Элдин маалыматка болгон укугун тебелебей эле койсонуздар болмок. Сиз деле мен деле, Бакиев деле айылда чыйт курсак болуп, чыбык минип ойноп чоңойбодук беле. Ошол аруу таза күндөрүңөрдү унутуп калдыңарбы? Ошол кезде атанар светке , жер салыгына, газга койго салык төлөй албай калып, митинге чыкчу беле? Силер алардын артынан митинге ээрчип берчу беленер? Бала кезде мээнерде САЯСАТ, АКЧА ТАБУУ, КУРСАК ТОЙГУЗУУ, ОКУУГА БАРГАНГА КИТЕП, ФОРМА САТЫП АЛУУГА АКЧА ТАБУУ КЕРЕК деген тема бар беле? Ушул суроолордун тегрегинде ойлонуп койгулачы.

кимден: Акыл каяктан: Б
17.03.2010 20:41
Сурабай эле койсоңор болмок, жөн эле убактынарды кетирип. мындай кишилер кожоюндары эмнени айт десе ошону гана айтып жөн болушат. Мениче Президент бүгүнкү оппозициянын талаптарын эч кандай көңүл бурбайт, себеби анын ою башка. Азыр ал ойлоп жатса керек, кандай кылып Максимге бийлигин таштап кетсем деп. Эгер Президент эл жөнүндө жок дегенде кымындай ойлосо, түп-тамырынан башкача иш кылмак, өзүнүн берген сөзүн аткарып балдарын, туугандарын мамлекеттик бийликке жакын жолотмок эмес. Демек бизде бир эле жол калды, жаңы бийликти жаңыча тескөө жолун менен тартипке келтирүү керек. Болбосо көнүмүш адат менен кайрадан ой биз кайрадан жаңылдык деп бир-эки жылдан кийин дагы митинг өткөрүп жүрбөйлү.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
17.03.2010 19:10
Бул кишинин кеп салганын окуп алып таң калып жатам.Чындыгында кеп деле салбаптыр.
Ушундай кишилерди кайдан табышат?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)