Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

М. Сариев: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз күчүнө ишенбегендей


Марс Сариев, саясий серепчи.
Марс Сариев, саясий серепчи.

Саясий серепчи Марс Сариев Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз күчүнө ишенсе кызматын тапшырган соң гана парламенттик жарышка чыгышы керек деп эсептейт.

- Өлкөдө жалпы элдик референдум өтүп, учурда башка мамлекеттин башчылары өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага куттуктоолорун да жолдоп атышат. Муну менен легитимдешүү процеси дагы кыйла алдыга жылды окшойт. Эми жаңы өкмөт келгенге чейин убактылуу өкмөт толук курам менен кетиш керекпи, сиз кандай ойлойсуз?

- Менин оюмча, чын эле убактылуу өкмөт толук курамы менен кетпей мүчөлөр адис катары калса дагы болот. Бирок азыр башка башкаруучулар келиш керек. Парламенттик шайлоо болгончо Роза Отунбаевада мүмкүнчүлүк болуп атат жаңы күчтөдү професионалдарды алып келгенге.

- Убактылуу өкмөттүн жетекчиси ошол эле Роза Отунбаева мыйзам чыгаруу ассамблеясын түзүү керектигин айткан эле. Ага 7-апрелде бийликке келген партиялар кирери дагы айтылган. Ушундай мыйзам чыгаруу ассамблеясынын канчалык зарылчылыгы бар?

- Менимче, мунун юридикалык жагын дагы карап көрүш керек. Юридикалык жагынан түбү да жок, анан элдин оюн карап көрсөк, мен дагы изилдеп башка булактарды карап көрсөм, бул убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн күчүнө ишенбегендей. Бул бийликке жакынырак болуп туралы деп, парламенттик шайлоо башталганча ошондой сезилип атат. Лидерлер өзүнүн күчүнө ишенсе таза кетип, мурда айткандай күрөшкө, парламенттик шайлоого кирсе жакшы болот эле. Ошон үчүн элде булар бийликтен четтесек ресурсту жоготуп жиберебиз деп чочулайт ко деген ойлор чыгып жатат.

- Эгер ошол эле мыйзам чыгаруу ассамблеясына 7-апрелде бийликке келгендер калып калса бийликти узурпациялоо болбойбу?


- Чындыгында тең шайлоо болой калат да анда. Себеби булар бийликке жакын болсо анда ресурсту деле пайдаланганга мүмкүнчүлүк болуп калат. Ошон үчүн мыйзам боюнча жашайлы десек, убактылуу өкмөттүн лидерлери “биз бийликти өткөрүп, анан күрөшкө киребиз” деп айткан сөзүн кармаса жакшы болот. Мурда айтып коюп анан кайра тигил жакка, бул жакка дегени туура эмес. Эл дагы аны туура эмес кабыл алып атат.

- Ассамблеяны түзүү зарылчылыгы, өкмөттүн толук курамынын кызматтан кетиши жана башка маселелерде оптималдуу вариант сиздин оюңузда кандай болушу мүмкүн?

- Эми ушул вариантты деле оптималдуу деп айтсак болот. Себеби билебиз, Роза Отунбаева деле өзүнүн жанында жүргөн, революция жасаган лидерлерден толук четтеп кете албайт, алардын дагы амбициялары бар. Ошон үчүн саясат дагы тынч болушу үчүн маселени акырындап чечпесе, ар кандай окуялар чыгып кетишин Роза Отунбаева деле түшүнсө болот.

XS
SM
MD
LG