Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:03

Саясат

Эгемендиктин он тогуз жылы: өксүгү жана өнүмү

Кыргызстан эгемендик алган он тогуз жыл аралыгында кандай жетишкендиктер, мүчүлүштүктөр болду? Дегеле оңой эмес бул жылдары Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн сактап калуу үчүн кандай кадамдарды жасоо туура? Бул суроолор 30-августта Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө талкууланды.

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстандын туусун Ала-Тоо аянтына көтөрүү алдында, 2010-жылдын 29-апрели.
x
7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстандын туусун Ала-Тоо аянтына көтөрүү алдында, 2010-жылдын 29-апрели.
Текст көлөмү - +
Эгемендүүлүктүн жетишкендик жактары катары элдин өз алдынча эмгек кылууга үйрөнүп, жеке менчиктин даамын татып, анын арты менен тейлөө, кызмат көрсөтүү, соода-сатык тармагы алдыга өскөндүгү белгиленип жүрөт. Ошондой эле эгемен жылдары Кыргызстан саясий-руханий жактан ийгиликтерге жетишип, демократияны түптөп, жарандык коомдун өнүккөнү айтылууда. 

                Оңой эмес он тогуз жыл

7-апрелдеги окуядан бир көрүнүш, Бишкек.
Ошону менен катар Кыргызстан он тогуз жыл аралыгында оңой эмес жылдарды башынан кечирди. Бул аралыкта маанилүү маселелелер көмүскөдө калып, өлкөнү кыйла артка тартканы айтылып жүрөт. Байкоочулардын баамында, Кыргызстан артта калган айыл-чарба өлкөсүнө айланды. Мындан сырткары өлкөдө коррупция, кылмыш дүйнөсү гүлдөп өнүктү. Ушундан улам айрым серепечилер Кыргызстан он тогуз жыл аралыгында толук эгемендүлүккө ээ болгон жок дешет. Кээ бир серепчилердин баамында, бир убакта “Демократия аралчасы” атыккан Кыргызстан соңку жылдары демократиянын принциптеринен тайыды.

Эгемен Кыргызстанды дагы кандай тагдырлар күтүп турат? Бүгүн бишкекте бир катар саясий партиялар, жарандык коомдун өкүлдөрү, серепчилердин катышуусунда тегерк үстөлдө ушул маселени талкуулады.

“Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын” жетекчиси Токтайым Үмөталиева Кыргызстандагы биринчи ыңкылаптын кесепети дале кете элек деп эсептейт. Ал айрым маанилүү социалдык маселелер артта калып, кыргыздын нукура салты унутулду деген пикирде:

- Кыргызстан эмнени уттурду? Биринчиден, кыргыздын нукура өзгөчөлүктөрүн унуттук. Улууларды укканды, аксакалдарды сыйлоону жоготтук. Бири-бирин сыйлоо дегенди унуттук. Кыргыздын нукура касиеттерин унуткандыктын себебинен маңкурттукка келип отурабыз. Тилекке каршы, акыркы беш жылда Кыргызстан сөз эркиндигин кыскан, адам укугун тепсеген өлкөлөргө кирдик. Бул багытта айрым мамлекеттерден ашып кеттик. Коркунучтуусу Кыргызстан демократия деген түшүнүктү жоготуп коюшубуз мүмкүн. 

                Белгисиз багыт

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов бул жалдар аралыгында Кыргызстан эгемен өлкө катары таанылып, көз карандысыз өлкө катары айрым бир жакшы кадамдарды жасады деген ойдо. Анткен менен Кыяз мырза Кыргызстанды эгемендүү өлкө деген деңгээлге өсүп чыга албаган, орто жолдо турган, буйдаланган мамлекет катары сыпаттады:

- Биз өзүбүздүн багытыбызды эмдигичекти толук аныктай элекпиз. Өзүбүз чоң максатты алдыга коюп, анын артында иш жүргүзгөндү үйрөнө элекпиз. Кыргыз эли эгемендүүлүк эмне экенин көкүрөгү менен аңдап билүүгө жете элек. Жалгыз бийлик аракет кылбай жалпы эл менен бирге эгемендүүлүктүн түпкү максатында тартылганда гана өлкө күчтүү өз алдынча, эгемен мамлекетке айланарын тарых далилдеп келе жатат. Биз азырынча ошол жолго түшө албай, орто жолдо улам-улам чайналып, буйдалактап турган учурубуз.

Ал эми “Таза табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева Кыргызстан өнүгүп, толук кандуу көз карандысыз жана эгемен өлкө болушу үчүн саясий эрк керектигин белгиледи. Ал бийлик жаңы жана таза, жаш адистерге көңүл бурбагандыктан ушундай татаал жолго кептелдик деп эсептейт.

- Бизге эмне жетишпейт? Биз өзүбүздүн эң негизги байлыгыбыз - эл ресурсубуз бар. Андан сырткары жаманбы, жакшыбы билимдик ресурстар бар. Канчалаган мыкты адистер бар. Аларга эч көңүл бурулган жок.

Совет Биримдиги кулагандан кийин Кыргызстан да башка өлкөлөр менен катар саясий эгемендүүлүккө жетишти. Ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан 1990-жылы декабарь айында алгач эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынды. Анын арты менен Кыргызстан өзүнүн Конституциясына, ага ылайык туу, герб, гимн, мөөр сыяктуу белгилерге ээ болуп, дүйнөлүк картада өзүнчө мамлекет катары орун алды.

Эртең, 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Буга байланыштуу расмий иш чара Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент Роза Отунбаева баш болгон расмий адамдар катышат. Мындан сырткары борбордо майрамдык концерт, оюн-зооктор, спорттук мелдештер да уюштурулмакчы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Aijamal каяктан: Franzzia
02.09.2010 01:16
Urmattuu kyrgyz elim egemendyylyk mairamynyr menen kuttuktaim. Meni olkobuzdogu bugunku kyrdaal ayabai sar-sanaa kylyp jatat. Kyrgyz elim bugunku kunu otoo ele nachar kyrdaalda turat. Ushunun baaryn korup, menin kyrgyz dep sokkon jurogum oorup turat. Birok kol kyska, elime kantip jardam berishti bilbeim. Birok:"Jakshy tilek, jarym yrys deit",jakshylyktan echkachan umut uzboilu, bizda butubuzdan turup ketebiz, Tenir buirusa. Eger taryh baraktaryna kairyla turgan bolsok, baardyk ele onukkon olkolor kyiynchylykty bashtarynan otkozushkon. Bizdele onolup ketebiz,men oiloim bul ubukyttyn ele suroosu dep. Oshonduktan sizderdi sabyrduulukka, yntymakka jana birimdikke chakyrat elem. " Sabyrdyn tubu sary altyn" emesbi.

кимден: Islam
31.08.2010 14:01
Арабка кошулсак кандай болот?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.08.2010 13:55
кечиргиле бирок биз кыргыздар жалан силерге окшогондор -россияга, канадага, туркияга жана башка жака кеткендер- учун онукпойбуз. туш-тушта отуруп алып критикалайсынар балан эле тукун эле деп. кана силер кыйын экенсинер мекенинерге пайда келтирбейсинерби. кочуп кеттинер баарынар биз бала чака менен бул жерге ээн калган короодой болуп караан болуп журобуз. же бийликтин пайдасы жок. айылда карлар менен бала чака, чарба жургузгон адам аз. эмнеси болсо да аман болгула. эх эмнесин айтасын. мен бул жерде калам кыргызымдын жанында. жараткан Алла мени ааламда учуп жургон таш кылбай, тоонун чокусундагы муз кылбай, сууда сузгон балыктай эмес, учуп жургон куштайтай кылбай КЫРГЫЗ кылып ушул Ала-Тоодо жаратканына ыраазымын. Бугун коп жакшы тилектек айтылып атат. Мен ошого кошулам. кыргыз жерин, кыргыз элин, кыргыз тилин суйюп журуп отом!! Боки

кимден: Марсиянин каяктан: Лондон
31.08.2010 13:32
Майрамынар менен Кыргызстандыктар!

кимден: Aigul каяктан: Kanada
31.08.2010 11:41
Kyrgyzdardyn jana Kyrgyzstandyn kelechegi jok antkeni kyrgyzdardyn peyli jaman, biri birin koro alyshpait. Jada kalsa ozybyzdyn ene tilibizdi syilogondordy kemsitip myrka deiybiz. Ushundai uluttan emne jakshylyk kytso bolot.

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярскиден
31.08.2010 11:29
Кымбаттуу Кыргыз элим, Эгемендуулук кунунор менен баарынарды чын журогумдон куттуктайм. Мына бугун Кыргызстан оз алдынча мамлекет болгонуна 19-жыл толду. 19-жыл ичинде Кыргыз эли озунун башынан адам баласы чыдагыс оор кундорду баштарынан откорушту. Биздин Кыргызстан СНГ мамлекеттеринин саясий сыноолорду откоргон талаасына айланып калган сыяктуу корунот. Эмне учун бул корунуштор Кыргызстанда болуп жатат. Бул нерселердин барысын курч-кыйтыр саясатчылар жасап жатышат. Буга мисал, акыркы апрель революциясна Россиянын туздон туз катыштыгы бар. Бакиев кетип-кете электе эле Путин кол чаап чыкты. Путин озунун кир акчалары менен кыргыздын канын токконго барды. Бакиевчилерге кобуроок конул болуп, чабуул жасаган УО улуттардын араздаша баштаганын эске албастан, туштукто тополондун башталып кетишине жол беришкен. Мындан ары Кыргыз элимде кан тогулуу болбосун, гулдоп осушун каалайм. ЖАШАСЫН КЫРГЫЗ ЭЛИМ. ЖАШАСЫН КЫРГЫЗ. ЖАШАСЫН КЫРГЫЗСТАН. ЖОГОЛСУН ЭКСТРЕМИСТЕР. БУТКУЛ КЫРГЫЗ ЭЛИ БИРИККИЛЕ. БИРИККЕН-ЫНТЫМАКТУУ ЭЛ БОЛОЛУ КЫРГЫЗЫМ.

кимден: MUHAMMED каяктан: KITAY
31.08.2010 11:02
KYRGYZ ELIM KYRGYZ JERIM EGEMENDUULUK MAYRAMYBYZ KUT BOLSUN BAARYBYZGA.

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
31.08.2010 09:41
Эгемендүүлүк майрамың менен КЫРГЫЗСТАН!!! Келечекте байманалуу бакубат мамлекет болооруңа ишенемин!!! Майрамыңар менен ммекендештер. Элибизде бейкуттук, жерибизде береке жана тынчтык болсун. Эгемен мамлекеттин эркин уул-кыздары болуп жүрөлүк. Бар бол, бай бол КЫРГЫЗСТАНЫМ!!!

кимден: eldar каяктан: tr
31.08.2010 04:05
KIRGIZ ELI KILIMDARDI KARITKAN,
ECH KIM ANI OCHURO ALBAYT TARIHTAN.
Egemendik mayraminizdar kut bolsun urmattuu kirgiz elim...

кимден: Данбагар каяктан: Москва
31.08.2010 00:43
Жалпы элимди, нукура эгемендүүлүгү менен куттуктайм!

Бирок,арзан келген баалуулуулук, бааланбагандай эле эгемендүүлүктүн түп унгусун түшүнбөгөн мекендештериме нааразымын. Аттын кашкасындай болгон , кыргыздар кайсы ырысыбызга олугабыз.Сан миллион болсок да бир жөн.Алыс барбай боордош уйгурлар эмне күн көрүп жатканынан кабарыңар бардыр.Тарыхты карагылачы, окугулачы эмне мынчалык
пастыкка кеттик. Манастын тукумунан эмес,ойноштон тарагандай туюм калтырат.Себеби, бири-бириңди талкалап аңраңдайсыңар,тууну тартып алдык !-деп опуруласыңар же оңолуп кетпейбиз.Урук таза эмес, жатын тайкы окшойт.Муну айтканым, бөтөн жерде жүрүп көрүп жүрөм, кыргыздардын намыскөйлүгүн, кыргызды уруп жатса,кыргыз айланып өтөт. Башка түрк тукумдарын башка улут урмак түгүл, кимдир бирөөсу асылып жатса, бок басары да , сүр көрсөтөт, бычагын сууруп чыгат ,айласы кеткенде.Түрмөгө түшкөнүнө кайыл.

Кыргыздардын Россиянын түрмөсүнө түшкөнүн анализдеген эч ким жок,көпчүлүгү бирин-бири көрө албагандыгынын кесепети.Мына сага кыргызбай, ким экендигиңди билип ал.Кыргыздардан менимче ыйман кеткен, кут качкандай, таризде
.Президент, Өкмөт мүчөлөрү,жалпы эле атка минерлер,!-өлбөчүдөй байлыгыңар бар, өзгөчөлөп курган үйүңөрдү бей -бечераларга,жаңы үйлөнгөн жубайларга бергилечи, алар тикеленип кеткенче,акча сурабагылачы ансыз да үй кызматкерлериңер тажап жүрсө керек.Өрнөк көрсөткүлөчү жок дегенде бириңер.Балким, ошол үйгө кут түшсө, кыргыз оңолуп кетер.
Кыргыз каганаты 8 кылымдын аягы 9 кылымдын башында куралып ынтымаксыздыгынан,каганаттан ажыраган, Совет
өкмөтү, тең ата кылды.Горбачев шарт түзүп, эгемендүүлүк келди эле, ошону да көтөрө албай, ит ыркырак болуп жатабыз.
Эсирбейли,элдин демграфиялык курамын карагылачы, кимди башкарып жатканыңарды түшүнөсүңөр.Москваны кыргыздар басып баратат, башка шаарларын билбеймин.Бул деген катастрофа .
Эгемендүүлүктүн укуругу сынбасын, жиби үзүлбөсүн. Элимдин эрки бекем,ынтымагы ширелсин. Журт башчыларына кудай ыйман берсин!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)