Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:50

К. Молдокасымов: Улутту алга сүрөй турган макалаларга басым жасайбыз


Улуттук туңгуч гезит - азыркы “Кыргыз туусу”, мурдагы “Эркин-Тоо” гезити эмки айда 85-жылдыгын белгилегени турат. Бул мааракенин алдында басылманын башкы редактору Кыяз Молдокасымовду сөзгө тарттык.

- Кыяз мырза, алгач “Кыргыз туусу” гезитин түптөө жана анын алгачкы сандары тууралуу айта кетсеңиз?

- Бул кыргыз эли үчүн өзүнчө чоң майрам болгон. 1924-жылы 7-ноябрда Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөнүнүн, Октябрь революциясынын жети жылдыгына арнап алгачкы гезитти басуу жөнүндөгү маселе козголгон дагы, анын биринчи саны 7-ноябрда Ташкен шаарынан жарык көргөн. Гезиттин алгачкы редактору Осмонкул Алиев болгон, кийин ал киши 38-жылы атылып кеткен. Ал эми жооптуу редактору Сыдык Карачев, корректор Мустафа Акматов болгон. “Эркин тоо” деген аталышы Ишенаалы Арабаевдин сунушу менен конкурстан жеңип чыгып, бул өзүнчө чоң салтанатка айланган.

-Демек 7-ноябрдын алдында гезиттин 85 жылдыгы белгиленет турбайбы?

- Буюрса 6-ноябрда саат 10до Улуттук филармонияда гезиттин 85 жылдыгын өзүнчө салтанат менен интеллектуалдык чоң деңгээлде белгилейли деп жатабыз.

- 85 жылдыктын алдында, 28-октябрда Манас кыргыз-түрк университетинде иш чара уюштурулуп жатыптыр, ошол тууралуу айта кетсеңиз?

- 28-октябрда саат 9 жарымда бул окуу жайдын Жалдагы корпусунда басма сөздүн туну болгон “Кыргыз туусунун” 85 жылдыгына арналган окурмандардан, кесипкөйлөрдөн турган өзүнчө бир конференция уюштурулуп атат. Бул конференцияда “Кыргыз туусуна” байланыштуу мурдагы редакторлор, азыркы окурмандар, ошондой эле белгилүү инсандар өзүнчө доклад менен чыгып, конференциялык чоң салтанат болот. Ал эми 6-ноябрда болсо окурмандарга, же келген конокторго сөз берилбейт. Ошондуктан баардыгын 28-октябрга пландаштырып жатабыз.

- Кыяз мырза, улуттук төл гезит аталган “Кыргыз туусу” азыркы кезде расмий маалыматтарды берүү менен улуттун тарыхына көп көңүл бурууда. Гезит окурмандарды дагы кандай жаңылыктар менен өзүнө бурат?

- Мен бул гезитти жетектөөгө жаңы келгенде эле мурдагы көчтү баштап, гезиттин жаңы багытын аныктаганбыз. Жаңы багыт бул - улуттук руханий дөөлөт, каада-салт, маданият, тарых, адабият, улутту ойгото турган, улутту алдыга сүрөй турган темаларга басымдуулук кылсак дегенбиз. Буюрса ушул багытты андан ары, ден-соолук, күн дарек, тарых, маданият, адабияттан сырткары дагы “ойлон кыргыз, ойгон кыргыз, өнүк кыргыз” деген экономикалык-руханий багыттагы ар түрдүү макалалар гезиттин негизги мазмунун түзмөкчү.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG