Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Өзгөн: курал-жарактын бир канча түрү табылды


Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Досмир Узбеков Өзгөн шаарынан табылган курал-жарактарды көрсөтүүдө, Ош, 16-сентябрь.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Досмир Узбеков Өзгөн шаарынан табылган курал-жарактарды көрсөтүүдө, Ош, 16-сентябрь.

15-сентябрь күнү кечинде Улуттук коопсуздук кызматынын Ош аймактык башкармалыгы күч органдары менен биргеликте Өзгөн шаарында атайын операция жүргүзүп, Дилмурат Алимбаевге таандык үйдөн куралдардын ири арсеналын тапты. Турак жай ээси кармала элек, бирок анын шериги камакта сурак берип жаткан чагы.

Иш-чара учурунда жергиликтүү тургундар укук коргоо органдарына каршылык көрсөткөндүктөн, эскертүү иретинде асманды карай ок атылган. Ошол эле учурда өзгөндүктөр аларга карата адамгерчиликсиз мамиле жасалгандыгын айтышууда.

Жергиликтүү тургундар эмнеге нааразы?

Жергиликтүү укук коргоо органдары маалымдашынча, Өзгөн шаарына караштуу Таштак айылында кечээ кечке маал атайын операция жүргүзүлгөн. Иш-чаранын аягында кыштактын тургуну Дилмурат Алимбаевдин үйүнөн курал-жарактардын арсеналы табылган. Бирок турак жай ээсин таппай коюшкан. Ал эми анын шериги ошол маалда дароо кармалып, учурда сурак берип жаткан чагы.
Өзгөндүн Таштак айылынын тургундары, 16-сентябрь

Таштактын тургуну Урмамат аттуу киши куралчан аскерлер анын уулу Элдарга таандык үйүн уруксатсыз тинтишкендигине нааразы:

- Газель үлгүсүндөгү машина токтоп, анын ичинен беткапчан жана автоматчан кишилер түшүштү да, алар уулумдун батиринин айнектерин талкалап, ичине кирип, бардыгын чачып тинтишти. «Токтогула, эшикти ачып берейин!?» дегениме көнүшкөн жок. Булуң-бурчту бүт тытып текшеришти. Мени жана дагы беш адамды мобул жерге жаткырып, мылтыктын кундагы менен ургулашты. Бирок курал тапканын көрсөтүшкөн жок. А жанагып бир топ жарактарды кай жактан алып чыгышканын билбейт экем.

Ал эми Дилмурат Алимбаевдин коңшусу жана мугалими Гүлхумар Атажанова буларга токтолду:

- Дилмурат Алимбаевди кичинесинен окуткамын. Абдан жакшы, тилалчаак бала эле. Чоңойгондо намазга жыгылчу. Улуу-кичүүгө саламы түз эле. Атасы Халмамат Алимбаев көп жылдар бою органда эмгектенип жүрүп каза тапкан. Жаштайынын жетим калды. Анын азабын куп тартты. Дилмурат учурда үч балалуу. Төртүнчүсү ноябрда төрөлүүсү күтүлүүдө. Үйүндө өзү жок эле. Жубайы кош бойлуу экендигине карабастан он-он беш беткапчан чекист капысынан кирип, баарын аңтарып-теңтерип, а түгүл аткылап, акырында короонун ичинен курал-жарак таптык деп жетип келишти. Буга ишенген жокпуз!

Таштактыктардын айтымында, алар чогулуп күч органдарынан үйлөрдү тинтүүнүн себептерин талап кылышканда, аткылап коркутушкан. Бирок райондун акиминин милдетин аткаруучу Алишер Бакышев мындай маалыматты четке кагып, милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери айылдын үч жүзгө чукул тургуну аларга катуу каршылык көрсөткөндө, эскертүү иретинде асманды карай ок чыгарышкандыгын ырастады.

Атайын операциялар улана берет

Өзгөн шаарында элдин колунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактардын тартылып алынышын кубаттагандар да аз эмес.

- Курал-жарак Өзгөн шаарындагы ар бир үйдөн чыгып атат дешти. Аны өкмөт эми катуу көзөмөлдөшү зарыл. Анткени, карапайым калк колундагы курал бир күнү сөзсүз атылат. Жөн койсо, масчылыкта тууган-уругун коркутушу ыктымал. Же болбосо, элди карай сунулушу мүмкүн, - деди шаардын тургуну Жамгырчы Султанов.
Өзгөндүн Таштак айылынын бир көчөсү, 16-сентябрь.

Сөз арасында Өзгөн районунун акиминин милдетин аткаруучу Алишер Бакышев таштактыктардын укук оргоо органдары тарабынан зомбулук жасалды деген дооматтарын төгүндөп, атайын операциялар мындан ары дагы улантылаарын маалымдады.

- Эл дале түшүнбөй жатат. Мамлекет болгондон кийин президенттин буйругуна ылайык мыйзамга ар бир жаран баш ийүүгө тийиш. Алар куралды өз ыктыяры менен тапшырышканы оң. Каршылык көрсөткөн күндө дагы ар бир жарак сөзсүз тартылып алынышы керек. Бул өтө олуттуу маселе. Себеби, биздин элибизге бүгүн мурда болуп көрбөгөндөй тынччылык керек! - деди маектешибиз Алишер Бакышев.

Өзгөн шаарынын Таштак конушундагы окуя туурасында мамлекеттик улуттук коопсуздун кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Досмир Узбеков буларды кошумчалады:

- Эл биздин аракетибизди натуура түшүнүп, райондук милициянын жана Өзгөн шаардык мэриясынын алдына 15-сентябрь күнү кечинде 1000-1500дөй киши топтолду. Ага чейин атайын операцияны өткөрүүгө тоскоолдук кылып, күч органдарынын кызматкерлерине карай таш жаадырышты. Ошого карабастан Дилмурат Алимбаевдин үйүнөн курал-жарактардын арсеналын таптык. Анын өзүнө издөө жарыяланып, шериги кармалып, сурак берип жаткан чагы. Биз жана шаардын мэри өз мезгилинде таштактыктарга маселенин чоо-жайын толук түшүндүрүшкөндөн кийин гана алар үйлөрүнө тарашты. Айрымдар айткандай, аларга карата эч кандай күч же курал колдонулган жок. Иш-чара акырына чейин мыйзам чегинде жүргүзүлдү. Учурда Өзгөн районунда жана шаарында кырдаал тынч. Кооптонууга эч кандай жүйөө жок. Аймак күч органдарынын жана жергиликтүү бийликтердин толук көзөмөлүндө.

XS
SM
MD
LG