Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:05

Саясат

Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо иштери кайра жанданат

Кыргыз-өзбек өкмөттөрү узап кеткен 2009-жылдын этегинде эки жылдай токтоп калган чек ара тактоо иштерин кайра жандантууну макулдашты. Ага ылайык мындай сүйлөшүүлөр ушул жылдан тарта кайра уланмакчы.

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасы. Өзбекстан ушинтип расмий тааныла элек чек араны тосуп алган.
x
Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасы. Өзбекстан ушинтип расмий тааныла элек чек араны тосуп алган.
Текст көлөмү - +

Токтогон сүйлөшүү, узакка ойлонгон кошуна

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкелерин аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын акыркы отуруму 2008-жылдын ноябрь айында болгон. Ошондон бери тараптар бул маселе боюнча жолугуша элек. Бирок ага чейинки акыркы сүйлөшүүлөр деле “ташбака жүрүш” менен жүрүп, жолугушууларда болгону 2-3 чакырым аралык такталса такталып, болбосо ал да жок болуп калган учурлар көп болгон.
 
Биз сүйлөшөлү деген ойдо болдук, бирок өзбек тарап ойлонуп туруп алды.  С. Аламанов

Сүйлөшүүлөр токтоп калышын кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов мындайча түшүндүрөт:

- Токтоп калганын себеби – сүйлөшүүлөрдө пикирлердин ажырымы чоң болгондуктан, дагы бир жолу ойлонолу деген маселе болду окшойт. Эми биз кошуналарды чакырып сүйлөшөлү деген эле ойдо болдук, бирок алар көбүрөөк ойлонуп туруп алды.
Саламат Аламанов

Канткен менен узап кеткен жылдын этегинде кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөнов баштаган топтун Ташкендеги сүйлөшүүлөрү учурунда бул маселе да козголуп, тараптар чек ара тактоо иштерин кайра жандантууну макулдашты.

- Буюрса, быйылкы жылдын апрелине чейин документтер боюнча иштеп, анан кайра практикалык жолугушуу иштерине киришебиз деп макулдашып келдик. Ошону протоколдоп, биздин премьер-министр менен Өзбекстандын биринчи вице-премьери кол коюп, макулдашты, дейт кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов.

Чиеленген чек ара, кыйналган эл

Бул эки өлкө ортосунда чек ара тактоо иштери мындан 10 жылдай мурда башталган. Ошондон бери 1300 чакырымдан ашуун келген чек ара тилкесинин 994 чакырымы такталган. Маселе ортодогу талаштуу делген жерлерге келгени минтип жылбай турат.

Бул иштин минтип узакка созулушу өзгөчө чек ара аймактарында жашаган калкты кошумча түйшүккө салып, ага башка маселелер да кошул-ташыл болуп кетип жатканын Баткен райондук кеңешинин депутаты Карамат Орозова айтат:
Чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбейт экен.
К. Орозова

- Чек араны тактоо иштери тезирээк жүргүзүлүп, аягына чыкпаса чынында бул жердеги элге кыйын болууда. Анын үстүнө чек ара маселесине башка маселелер да кошулуп кетип атат. Кошуна эки элдин ортосундагы ынтымактын бузулушуна да алып келген учурлар жок эмес. Чек ара аймактарындагы элде Жалал-Абаддагы Чек айылындагыдай маселе бизде да чыгып калбаса экен дегендей кооптонуулар да жок эмес. Эми чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбейт экен.

Чек аралардын такталбашы эки мамлекеттин ортосунда ар кандай араздашуулар пайда болушуна да түрткү бериши мүмкүн. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бири-бирине жогорку ишенимдеги кошуна өлкөлөр адегенде чек араларын тактап, андан кийин гана мамилерин өркүндөтүүгө өтөт. Болбосо такталбаган чек ара, талаштуу жерлер эки тараптуу мамилеге ар качандан бир качан тоскоол болушу ыктымал:
Эми эки тарап тең маселе чечкенге даяр болушу керек, болбосо маселе дагы деле созулгандан созула берет.
Орозбек Молдалиев

- Эми тараптардын сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыралы дегени жакшы. Бирок кыргыз тарап да, өзбек тарап да маселени чечкенге даяр болушу керек. “Бул жерди мен алам, бүттү” деп тура бергенден маселе чечилбей, созулгандан созула берет. Анан ал ортодо чыр-чатактар чыгып кетишине чейин алып келиши мүмкүн. Ошондуктан тараптар келишип, мунаса табуу аркылуу чечпесе маселе чечилбей созула берет.

Ошентип кыргыз-өзбек өкмөттөрү токтоп калган сүйлөшүүлөрдү быйылкы жылдан тарта кайра жандантууга белсенип турушат. Бирок бул иштердин дагы канчага созулаары белгисиз бойдон.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: bakit каяктан: Stockholm
04.01.2010 20:59
Чек-ара канчалык эрте такталса ошончолук жакшы болгону турат. Кечиккен сайын алар бизди карай жылып уттуруп жатабыз. Иш бүтсө баары бир чырлуу аймакта, элде биздин бул жер кетип калды, өтүп кетти деген сөз болот. Тилекке каршы биз өткөрүп берүү менен гана компромисске келип жатабыз. Бирок эки жак көнбөй созуп жүрө бергенден алсызыраак биз утканыбыз жок. Эртереек тактап, бүтүрүп, чек араны бекемдеп алсак болот эле. Биздеги анклавдардын суроосун андан кийин көтөрсөк жакшы болмок. Анклавдар бизге өтпөсө дагы биз ал аймакта чек ара тосуусун алып салууга жетишүүбүз керек.

кимден: Жапар каяктан: Ош
04.01.2010 18:17
Чек аралар такталып бүтүшүн чек арада жашаган эл чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бул иштер тезирээк бүтсө жакшы болот эле

кимден: BEKNAZAR каяктан: BISNKEK
04.01.2010 18:15
assolomu aleykum KYRGYZ KALKYM . Ata-babalarybyz kerek bolslo janyn da ayabay..... bizge (kyrgyz) muraska kaltyrgan,biz uchun yiyk bolgon jerlerdi saktay albay jogotup <oturabyz>.SSSR joyulgandan beri OZBEKSTAN BATKEN taraptan chekarasyn az-azdan kengeytipatkanyn al jerde jashagan el korup turabyz.Albette bul jan keyituuchu korunush,andyktan jeribizdi caktoo uchun ayrikcha<biyliktegiler > konkretuu kelishimderge(biz uchun paydaluu)jakynky ubakyttarda jetishuusu kerek.OZBEKISTAN <oylonolu>d.s.18jyldanberi ele aytyp kelet.

кимден: Улан каяктан: Орусия
04.01.2010 18:12
Бизде чек ара аймактарында жашаган элде чынында чек араны тактоо иштери боюнча маалымат жок. Мен өзүм кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден болом. Чек ара тактоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү эл менен жолугушуп, маалымат бергенин ушу күнгө чейин уга элекмин. Булар эл менен жолугушуп, чек ара кантип такталып жатканын ошол жерге айтып турушу керек. Анан Жалал-Абаддагы Чек айылындагы окуяга окшоп түштөн кийин бул жер Өзбекстандыкы болчу деп калбай.

кимден: Алмаз каяктан: Москва
04.01.2010 18:02
Чек ара маселесинде кыргыздар дайыма кошуналарга утулуп келебиз. Буга Үзөнгү-Кууш, Каркыра жакшы мисал. Анан эле түштөн кийин бийликтегилер биз уттук десе, опоозициядагылар биз утулдук, жерибиз кетти, кокуй деп ызылдап калабыз. Эми калган эки кошуна менен да ошондой абал кайталанбаса экен.

кимден: Шер каяктан: Кадамжай
04.01.2010 17:58
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе абдан татаал. Чек ара тактоо иштери ошондон улам токтоп калган. Сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап кошуналар менен тең ата сүйлөшкөндү, талап койгонду билиш керек.

кимден: Касым каяктан: Бишкек
04.01.2010 17:45
Чынында чек аралар такталмайын кошуналар менен мамиле өнүкпөйт. Андыктан эки тарап тең маселе чечилишине кызкдар болушу керек. Бирок кыргыз тарап андан утулбай турган жолун издеш керек.

кимден: chingiz
04.01.2010 13:53
koldon kelsihinche koburaak jer alganga araket kilish kerek, bolgon kuchtu koldonup sayasiy basim kilish kerek. Sebebi Ozbekstan ansiz dele kirgizstandan koptogon jer aldi, tarihta Fergana oroonu bolgonunday ele Kirgizdardiki boluchu.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)