Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:23

Эркиндик

Аксынын арманы жана көз жашы

17- мартта Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митинги болду. Анын катышуучулары Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап жазалоо, отун-суу акысын арзандатуу жөнүндө талаптарды коюшту.

Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
 Аза күтүү каадасы Аксы окуясында курман болгондордун арбагына куран окуу менен башталды. Эскерүү митингин ачкан БЭКтин мүчөсү Кубаныч Маматкеримов бийлик сегиз жылдан бери алты адамдын өмүрү кыйылган окуянын аягына чыкпаганына токтолду:

- Бул бийликтен каргашалуу Аксы окуясынын күнөөлүү адамдарын табышына көзүбүз жетпей калды. Азыркы бийликти карапайым эл ишенип, Аксы окуясына чекит коет деп алып келдик эле. Бирок биздин ал үмүтүбүз аткарылбай калды. Күндөн күнгө карапайым элдин турмушу оорлоп атат, тарифтер, баалар өзгөрүп атат. Бүгүнкү күндө ушул жерге чогулушубуздун себеби ушул болуп атат.

БЭКтин Аксыдагы төрагасы Исраил Шергазиев "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелеком" өңдүү кирешелүү тармактардын арзан баага сатылганын сындап сүйлөдү. Ал мыйзамда жок кызматтардын башкаруу тармагына киргизилишине каршы болду. Жерлердин чет элдиктерге ижарага берилишине нааразылыгын айтты. Эл алдында президент менен Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот, Башкы прокуратурага болгон кайрылууну окуп, митингге катышкандардын добуш берүүсүн өтүндү. Бийликке коюлган беш талаптын ичинде паспорт менен аскер белетин өз баасында өз убагында берүү, электр наркын 40 тыйынга түшүрүү, салык өлчөмдөрүн эски баасында калтыруу, Исаковду, Бөлөкбаевди, Аргынбаевди, Рыскуловду камактан бошотуу жана актоо талаптары айтылды.

Митингде көз каранды эмес комиссиянын Аксы окуясын териштирүүдөгү эмгеги белгиленип, маркум депутат Д. Садырбаев менен мурдагы коргоо министри И. Исаковго ыраазылык билдирилди. «Ата Мекен» партиясынын Аксыдагы бөлүмүнүн төрайымы Наркыз Шералиева "И. Исаков бүгүн элдин коргоосуна муктаж" деп сүйлөдү: 

- Өз элин, өз жерин, өз келечегин, укугун коргоо деген, ошону Исаковго коюш керек азыр. И.Исаковду коргоо бул кыргыз элинин укугун, элин, жерин, келечегин коргоо дегенди экинчи маселеге коебуз. Биринчи маселе, Аксынын талабы аткарылсын.

Калктын жылуулук, электр кубаты, суу, коммуналдык кызмат бааларынын кымбатташына нааразылык айтылууда. Райондук бийликтин аппарат башчысы Жыргалбек Шакиев эскерүү митингинде коюлган талаптар демократиянын белгиси деп эсептейт:

- Бул жергиликтүү элдин, жеке адамдардын өздөрүнүн пикири. Азыркы бийлик кандай иштеп атат. Буга ар ким өз алдынча баа бералат. Кээ бири жакшы, кээ бири жаман дейт. Аксы окуясы боюнча күнөлүүлөр жоопко тартылсын деп аксылыктар окуя болгон күндөн 8 жылдан бери эле айтып атышат. Бул күч органдарынын иши, ага ким күнөөкөр экенин таап, жоопко тартыш керек.

Аза күтү митингине жүздөн ашык адам катышты. Андан кийин элди Кербен шаарында митинг өткөрүүгө чакырган БЭКтин мүчөлөрүн Боспиектеги нааразылык акциясын көзөмөлдөп турган район прокурору, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, коопсуздук кызматынын өкүлү айнытууга аракет кылды.

Район борборунда нааразылык акциясы өткөн жок. Ага райбийликтин алдына барчу жолдун автоунаалар менен тосулуусу, милиция башчысынын кошумча күчтөрдү чакыруусу, БЭКтин үч өкүлү кайрадан эскертүү алуусу себеп болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: АДИЛЕТ каяктан: ОШ
18.03.2010 00:03
Аксы окуясындагы кунөөлуулорду аягына чейин иликтебөө (жаап жашыруу), создуктуруу азыркы бийлик башындагы АДАМДЫН тикеден-тике тиешеси барбы деген ой келет.... Эртеби кечби кыргыз эли бул окуяга тиешеси бар адамдарды (А.Акаев баш болуп) өз кылмышына жараша баа берерине ишенем

кимден: Nur каяктан: Bishkek
17.03.2010 19:11
Sidin sodorunuzgo tolugu menen koshulam.

кимден: Берчи мага каяктан: жарым кашык адилеттуулук
17.03.2010 18:08
Менин оюмча, өлкөбүздө адилеттүүлүктү орнотуу Аксы окуясындагы күнөөлүүлөрдү аныктоо жана жазалоодон башталууга тийиш.Бул окуядагы күнөөлүүлөр жазаланмайынча, өлкөдө адилеттүүлүк жөнүндө кеп козгоо мүмкүн эмес.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)