Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:53

Маданият

А. Ибраимов: Кайсыл тилде сүйлөшүп турса, ошол тил жашайт

Мамлекеттик тил менен тыш дүйнөнүн катышы, чет тилдерден кыргыз тилине которуу иштери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комитеттин жетекчиси Азимжан Ибраимов менен болгон маектин негизги темасы болду.

x
Текст көлөмү - +

- Өзгөчө ушул тапта глобализация доорунда тыш дүйнө менен тыгыз байланышсыз өнүгүп-өсүү болбой турганы айкын эмеспи. Аны менен сиз деле макул болсоңуз керек. Ошол байланыш тил аркылуу жүрөт, жаңы маалыматтарга, жөндөмдөргө ээ болуу үчүн аларды түшүнүү керек эмеспи. Ушул себептен мындай суроо туулат, эмне себептен Кыргызстанда чет тилдерден маалыматтарды которуу маселеси аксап келатат. Эмне үчүн кыргыз тилине акыркы мезгилдерде көркөм адабият, ишкердик, саясат, экономика, ден-соолук жаатындагы болобу, эң мыкты китептери которулбай атат? Эмне себептен ошондой эле көркөм тасмаларды, мыкты документалдык тасмаларды, анимациялык фильмдерди которуу колго алынбайт. Буга эң башкысы мамлекет эмне үчүн көз жумуп атат?

- Негизи бул маселе бүгүн эле келип чыга калган жок. Бул совет доорунан бери келаткан дарт, оору деп эсептесек болот. Чындыгында биз бүгүнкү күнгө чейин совет доорунда даярдалган окуу китептерин мектептерде, бала бакчаларда, жогорку окуу жайларында пайдаланып атабыз. Анткени окуу куралдары жетишпейт экен. Бул биринчи себеби.

Биз маалыматты орус тили аркылуу алганга көнүп калганбыз. Бүт баары тең Орусиянын сайттарына басым жасап, ошолорго шилтеме кылабыз. Бул бүгүнкү күңдө көндүм адаттардын бири. Сиз айтып аткандай котормо маселелерин күчөтүш керек. Мунун түпкү себептери бар, бул билим берүү маселелерине байланышкан.

Экинчиси, мамлекеттик камкордук сиз айтып аткан. Чындыгында котормо маселелери жылда көтөрүлөт, өкмөттүн, президенттин деңгээлине чейин коюлган учурлар болгон. Биз өткөн жылы да сунуш кылып, атайын котормо борборун ачуу, котормочулук иштерди өкмөттүк деңгээлде колго алуу жөнүндө маселелер коюлган. Буюрса муну биз жаңы өкмөт менен дагы кайрадан иштеп, сунуш кылалы деп атабыз.
 
Анткени сиз айтып аткан көркөм адабияттарды, өзгөчө балдар адабиятын которуп, жакшынакай кылып чыгарып, белек кылып берсек деген тилегибиз бар. Буга акча каражаты каралып, мамлекеттик деңгээлдеги саясат жүрүш керек. Ошонун концепциясын иштеп атабыз.

Чындыгында бүгүнкү күндө фильмдерди которуу маселесин биздин УТРК колго алып атат. Анимациялык фильмдер кыргыз тилинде чыгып атат, бул дагы бүгүнкү күндөгү жакшы көрүнүш деп эсептеш керек. Такыр эле эч нерсебиз жок, кур колбуз деп алаканыбызды ушалаган да болбойт. Бизде көптөгөн окуу китептери жаралды.

Мисал келтирейин, Америка университетинде бир эле мезгилде кыргыз тилин жана немис тилин үйрөнүп башташкан экен. Ошол окуп аткандардын көпчүлүгү дээрлик чет өлкөлүктөр. Ошолор айтып атышат, биз эки тилди бирдей баштадык, бирок кыргыз тили боюнча алда канча алдыга кеттик, немис тили артта калып калды дейт. Демек бул кыргыз тилин үйрөтүүнүн методикасы, усулдары ийине жетилип, жакшы деңгээлде иштетилгени бар экендинин белгилеп турат

- Азимжан мырза, айтып атпайсызбы которуу маселесин көтөрүп атабыз деп. Өкмөт, дегеле бийлик өкүлдөрүнөн кайсы тиешелүү орган бар буга каралашкан?

- Бул маселени азырынча даярдап атабыз, кое элекпиз.

- Мурда коюлуп келген да?

- Мурда коюлуп келген, бул боюнча атайын комиссия түзгөнбүз. Ал комиссиянын курамына тилчилер, мамлекеттик ишмерлер, депутаттар кирген болчу, ошолор карашкан мындан ары эмне кылабыз деп. Эң негизги көйгөй, мамлекеттик ишти кыргыз тилине которуудан башталган. Ошол биздин мамлекеттик ишти кантип кыргыз тилинде жүргүзө алабыз?

Экинчи маселе, коомдун бардык тармактарында кыргыз тилинде иш жүргүзүү, кыргыз тилинде сүйлөшүү орчундуу милдет болуп келатат. Негизги эле эл кайсы тилде сүйлөп турса, ошол тил жашайт экен. Сүйлөнбөгөн тил ал тил болбой эле илимге аттап кетет экен. Ошондуктан кыргыз тили бүгүн кыргыздардын арасында сүйлөшө турган эле каражат болбостон, мамлекеттик тилдин ролун аткарыш керек болуп атат.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Asel каяктан: USA
07.09.2010 07:27
Urmattuu pikir bildiruuchulor, emnege ele jaman jagin aityp, adamdin ayibin chigaruuga shashasizdar?! Kirgiz tilin onukturuu boyuncha charalar korulup kelgen jana korulup jatat. Buda cheyin da koptogon ishter jasaldy, baardigi "alma bish, oozuma tush" degen makal siyaktuu ele dayar bolo kalbait da! Ubakit kerek an uchun. Kirgiz tilin onukturuunu bir ele Azimjan Ibraimov agaga gana juktop koyuu bolboit, al adamdn kilgan emgekteri kop! Tildi onukturuunu biz ozubuzdon bashtoobuz zaril! Men kirgizcha suilosom, sen kirgizcha suiloson, senin baldarin kirgizcha suiloso jana al tildi neberelirine kiyinki muunga en mikti darajada bilgidei kilip uiroto turgan bolsok, ENE TILIBIZ ech kachan olboit!

кимден: Nur каяктан: Bishkek
26.08.2010 18:29
Раткумдун оюна кошулам.Кобунчосу куру коз.
Кооздоп суйлоп,аракет кылып жатабыз деген создон башка, козго коруноорлук,сезилээрлик иш жок.

кимден: РАТКУМ каяктан: МОСКВА
26.08.2010 14:26
Урматтуу А.Ибраимов комитеттин жетекчиси катары айлыгынызды убагында,толук алып жаткандырсыз.Бирок сизде кыргыз тилин онуктуруу,кыргыз мамлекетинин озундо толук кандуу пайдаланууну ишке ашыруу механизми боюнча кыпындай идея жок экен,биротоло куйуп,бышып аракет кылгандыгыныз деле байкалбайт.Сиздин бугунку кундо алып барып жаткан ишинизди самотек катары бааладым.Кызматтан кетип калыштан коркпой эле кыргыз тили учун куйуп-жанып иштенчи.Озунуздо идея болбогондон кийин элдин арасына сунгуп кирин\бирок шоу кылбастан,эл сиз барып келгенден кийин билсин\,мен муну эмне учун айтыо жатам,элдин арасында сиз кутпогон идеялар бар.Мына ошолордун негизинде атайын программа иштеп чыгып,тиешелуу жерге маселени кабыргасынан коюп,катуу талап кылып,жигердуу аракеттениш керек.Ар бир аракеттен кийин массалык маалымат каражаттары аркылуу ким колдоп жатат,ким колдобой жатат,эмне жыйынтык болду,ж.б.у.с.жонундо маалыматты кенири бериш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.08.2010 14:01
Мамлекет болгондон кийин, тил маселеси чон ролду ойнойт. Кыргыз мамлекети деп аталып турабызбы, анда ошого жараша кыргыз тили мамлекеттик да, официалдуу да болуш керек!!! Бугунку кундо биздин олкодо кыргыз тили абсурддук абалда турат, себеби кыргыз тили мамлкеттик деп аталганы менен, тил практикада колдонулган жок, официалдуу тил (иш кагаздары) орус тилинде болуп турат. Эгерде жаны бийлик ушул маселени кыргыз мамлекети, кыргыз эли учун тез чечип бере алабаса, анда булар деле мурдагы бийликтин кейпин кийет.

кимден: Бокочо
26.08.2010 13:46
Котормо тууралуу бир сунушумду айтып кетейин. Азыр бизде котормочуларыбыздын дээрлик 100 пайызы орус тилинен которушат. Ошел эле ылдыйда Жанызак байке айтып жаткан батыштын китептерин биздин котормочулар орусташтырылган версияларын кыргыз тилине которуп жатышат. Сиз билгендей орустар өз тилине аябай аяр мамиле жазап калп эле "великий и могучий" деп көтөрмөлөп илгертен бери бөпөстөп келген. Батыштын китептерин которушканда өз тилине, дилине жана эркин эмес авторитардык өлкө болгондон кийин мамлекет саясатына тууралашат. Биз болсо түпкү тилинен которбостон, ошол орусташтырылганын которобуз. Дүйнөнү орустардын көзү менен көрүп келдик, дүйнө болсо бизди орустун көзү менен көрөт. Биз саясый эгемендүүлүктү орустардан 19 жыл мурун алдык эле, эми маданият жана тил жагынан эгемендүүлүктү орустардан качан алабыз? Дүйнөгө түз чыгып, дүйнөнү кыргыздын көзү менен жана акылы менен качан көрөбүз? Ошол эле көмпүтөр терминдери жөнүндө Азимжан мырза айтып кетти өткөндө майкрасофт менен иштешип жатабыз деп. Сизден сураныч. Терминдерди иңглис тилинен которгулачы. Орустар көмпүтерди ойлоп тапкан эмес. Орус тилине караганда иңглисче терминдер кыска болот. Орусчасын окусаңыз чувалжыган жана иңглис тилндегидей так эмес эркин которулган учурлар көп.

Жанызак байке туура айтат. Китептерди которгондо каармандарды кыргызчалатыш керек. Мисалы, золушка сыяктуу Гримдер бир туугандарынын жомокторун орус эки кылым мурун которуп орусташтырып алышкан. Орусча уксаңыз батыштын жомоктору деп эчким айталбайт. Жакшы орусташтырылган. Биз дагы бул жомокторду которгондо каармандарга кыргыз аттарды берим, жомокторду кыргыз аң-сезимине тууралаш керек. Золушка иңглисче Cinderella. Зола менен cinders мааниси бир, күл дегенди билдирет. Эмне үчүн биз Золушканы Күлчү же Күлүсүн же Күлайым деп которо албайбыз? Кыргыздарда өз алдынча ойлонуу жана жаңы нерселерди ойлоп табуу деген жокпу?

кимден: Жанызак каяктан: www.presskg.com
26.08.2010 08:45
Кєркєм котормо жана автордук укук
Мен азыр көркөм котормо жаатында мындай бир ыкмага баш койдум - дүйнөгө аты чыгып жаткан китептерди кыргыз тилине которуп, бирок жанагы которулуп жаткан китептердеги каармандар менен окуя өтүп жаткан жайлардын баарын түп тамырынан кыргыз чындыгына, кыргыз турмушуна ылайыктап жаздырып жатам.
Бул багытта азыр кыргыз окурманына Агата Кристинин Эркюль Пуаросу тууралуу алгачкы детективин Кенжебай Нүкөш деген котормочубуз "Бай кемпирдин мурасы" деген ат менен кып_эле_кыргызчалатып, окурман журтуна тартуулады эле, китеп зор ийгилик менен сатылып кетти.
Мен кыргыз басмасөзүндө бу тууралуу жазгам жана аталган китеп Агата Кристиники экенин да эскерте кеткем.
Бул идеяга мени Бишкек китеп базарындагы атактуу китеп сатуучу Ороз Бөрүгулов түрттү.
Мен ага мындан ары детективдерди которуп сатайын деген тилегимди айтканда, "Жаке, китепте англис каармандары болсо, алардын тил сына тургандай аттарын жана атасы да угуп кєрбєгєн жер-сууларды көргөндө эле биздин азыркы базарчы окурмандарыбыз андай китептерди сатып албай койот. Андан көрө ошолорду тїп орду менен кыргызчалап, кыргыз каармандары кылып салыш керек" деген кеңешин берген.
Биринчи тажрыйбам дурус кеткенден кийин мен Жанызак@басмага котормочуларды издей баштадым.
Азыр буйруса дагы бир нече китептерди кып_кыргызча кылып, сатыкка койдук эле, ал котормо китептер Нургүл БЕЙШЕН деген кыргыз авторунун аты менен "Тынымсыз кумар", "Айгыр бийкеч", "Ажайып түндөр" деген аталыштарда кыргыз китеп базарларында ийгиликтүү сатылып жатат.

Менимче менин жогорудагы аракеттерим кыргыз коомчулугун акырындап болсо да батыш чындыгы менен сөзсүз тааныштырат.
Андан соң бара-бара ошо батыштын авторлорунун өздөрүнүн аты менен чыгара берсек болот. Себеби ага чейин биз окурманыбызды кармашыбыз керек, аны ириде китеп окууга кызыктырыш керек.
Маселенин бу жаатынан алганда мен азыр "Сериал" деген гезит ачып, ал китеп-гезитте кыргыздын белдүү авторлорунан бир көлөмдүү чыгарма, андан соң бир нече котормолордон сандан-санга жарыяланчу көлөмдүү үзүндүлөрдү сериялап берип жатам.
Тажрыйбабыздын алгачкы китеп-гезитин буйруса китеп базары дурус эле кабыл алгансыды. Демек, окурманыбыз бара-бара котормо китептерди деле өз китептерибиздей кабыл алат ко деген ишеним бар.
Албетте, азыр базар заманы болгондуктан, мен котормочуларды алардын тааныш-билиш болушунан эмес, китепти зор чеберчиликте которушунан тандайм жана эмгегине мыкты бааларды (калемакыны) койуп жатам.
Эми маселенин эң кєйгєйлїї жагынан – “автордук укук” деген жеринен келели.
Менин тил комиссиясына сунушум - алар дүйнөлүк авторлорго кайрылып, Кыргызстан үчүн авторлук укуктарына ашкере басым жасай бербешин, керек болсо дүйнөдөгү аз сандуу калктардын тилдерине алар өздөрүнүн чыгармаларын БЕЛЕК кылып беришин да талап кылып койушу керек.
Антпесе, “дүйнөлүк маанидеги авторлордун автордук укугун сактайбыз” деген тейде аларга да тыйын-тыпыр төлөш керек болсо, анда ал сыяктуу китептер өзүнүн басып чыгаруу баасын актабайт жана 1000 нускага кеткен чыгым китептен түшө турган болжолдуу пайданы тебелеп кетет.
Демек, мындай "туура жол" менен иштегенде басмачылар сөзсүз чыгашага учурайт.
Так ушул себептүү, менин билишимче, кыргыз тилинде азыр котормочулук өтө кескин азайып кеткен.
Басмачылыкта автордук укук дегенди майда калктардан алып салыш керек.
Тил комиссиясынын башчысы Азимжан Ибраимов менин бу сунушума кандай карайт болду экен?

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
26.08.2010 02:23
Баарын жасайбыз, кылабыз деп бир да так жооп жок! Эмне иш кылып жатасынар, эмне чаралар корулуп жатат Эни тилин онуктуруу учун ......??

кимден: Бокочо
25.08.2010 20:43
Азыркы өкмөт калктын 7 эле пайызын түзгөн (300,000-дей) орус үчүн өкмөт болуп жатат. Эмне үчүн калган салык төлөп жүргөн кыргыздар өз тилинде маалымат алып толук кандуу жашай албайт? 300,000 орус үчүн беш миллион кыргыз жана кыргыз тилинде сүйлөй алган узбек жана башка улуттарды курмандыка чалып алардын укугу тебеленип жатат. Казакстанда орустар калктын 30 пайызын түзөт. Ушуга карабастан, казактар туура тил саясатын жүргүзүп жатышат. Ал жерде казак тилин күчөтүп жатышат. Орустар кың деп койбойт. Тескери жанталашып казак тилин үйрөнүп жүрүшөт. Бизде "Английский на юбилейке" же "америкэн скуул" деген курстар белгилүү болсо аларды казакский на юбилекий деген сыяктуу курстар белгилүү.

Кыргызстандагы орус/өзбөк тил жана маданият анклавтарын жок кылыш керек. Аларды кыргыз коомуна интегратташ керек. Батышта атайын коомго интеграция кылуучу министирликтер бар. Кыргызстадагы орустар орусиячыл, өзбектер болсо узбекстанчыл. Орустар менен өзбектерди кыргыз коомуна интеграция кылыш үчүн бир гана кыргыз тили жардам бере алат. Кыргызстандын негизин түзгөн кыргыз эли. Кыргыз тилсиз жана маданиятысыз өлкө өнүкпөйт. Биздин саясатчылыр ушун түшүнбөй жатышабы же атайын көңүл бурушпай жатабы.

Эми котормочулар борбору тууралуу. Менимче, кеч болсо дагы бул эң туура чечим. Ушу борбор боюнча бир сунушум бар эле. Котормочулар үчүн борболошкон маалымат базасын ачыш керек. Ар бир мамлекеттик мекемеде котормочурлар ал базага интернет аркылуу киргендей кылыш керек.

Мамтил комисиясында мыкты котормочулар жана тил эксперттери отуруп башка котормочулар менен сайт аркылуу чогу иштешсе эң сонун болот. Мекемедеги котормочулар жаңы котормолорун сайтка жүктөп, анан ал жерден коммисия эксперттери карап анан бекитиши керек.

Эл үчүн дагы сайт ачып койгулачы. Мамтил комисиясынын азыркы сайты абдан начар.
Аны 8 кластагы бала үйндө отуруп эки үч саата жазап койот. Акча аябай эле жакшы желе програмчыларды жалдап жакшы сайт жазаңар боло. Элдер азыр кыргыз тилине, кыргызча маалыматка, тасмаларга, сөздүктөргө ачка болуп турат. Ушул сайт аркылуу элдерге тил жөнүндө маалымат алып турганга жана суроолоруна жооп алганга жаңы сайтыңарга дагы форум ачып койсоңор жакшы болмок.
Жаңыча иштегенди үйрөнгүлөчү.
Жалаң эле советский чалдарды чогулуп албай, көмпүтөр билген чет тилдерди билген жаштарды жумушка алгылачы. Бир миллионго беш миң китеп чыгаргандын ордуна, бир жакшы сайт ачкыла. Кыргызстанда бир миллион адам интернет колдонот. Ошол бир миллион сомдон бир миллион пайда көрмөк.

кимден: а каяктан: бишкек
25.08.2010 18:15
Азимжан байке биринчиден сиздердин комитетте иштегендер КЫРГЫЗЧА сүйлөш керек менин оюмча. Анан дагы Ташбоо Жумагуловго окшоп айыл аралап шерине жеп кетпей, элдин акчасын эл үчүн жебей иш кылыш керек. Комитетинерде иштеген кызматкерлериңер КЫРГЫЗ тилин мамлекеттик эле тил катары эмес ЭНЕ ТИЛ катары көрүш керек. Эң негизгиси атка минерлер КЫРГЫЗ тилин эне тил катары көрүш керек.

кимден: жжжжжж
25.08.2010 16:11
Баарын эле кылгыңар жана жасагыңар келет, эми парламентке башка адамдар келсе болду, Бакиевтерлерге окшогондор, дагы эле акылсыздар келбесе болду.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)