Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:56

Эркиндик

Нурлан Мотуев менен "Учур" гезитинин тиреши: талкаланган компьютерлер

25-мартта эртең менен “Учур” эркин гезитинин баш редактору Асланбек Сартбаев “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев редакцияга таандык төрт компьютерди белгисиз себептер менен талкалап кетти деп билдирген. Бул окуяны милиция жеринде текшерип, териштирип жатат.

"Жоомарт" кыймылынын лидери Нурлан Мотуев
Текст көлөмү - +
2009-жылы шайлоодо президенттикке талапкер болгон Нурлан Мотуев “Учур” гезитинин эки компьютерин талкалап салганын "Азаттыкка" өзү тастыктады.

- "Учур" Кубанычбек Апас дегенди сүйлөттүрүп, жалган жалаа жаап эле, фамилиям популярдуу болгондугу үчүнбү, жөн сүйлөбөй каралашат дайыма. Анан булар анын айткан дегенин бүт ошол боюнча берип туруп, ылдый жагына псевдоним коюп коюптур Акыл Бактыбеков деген. Мен барсам мындай журналист жок экен, жок дейт. Башкы редактор кайда десем, ал да жок дешип оройлонуп кумурска келгенсип жооп беришти. Кыжырым келип туруп, билбесеңер жазбай жүргүлө, колу-бутуңарды сындырып коем, ал аңгычакты техникаңар сынып турсун деп эки компьютерин жерге чаап салганым чын, чындык бул.

- Төрт компьютер деп атышпайбы?

- Эми силер мындай дейсиздер, сотко бергиле тигинткиле, минткиле. Мен Кыргызстандын сотторунан түңүлүп бүткөм. Былтыр да ушул эле маанидеги ушундай эле каралоону “Пресс kg” жазганда, мен аларды сотко берип ал ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мурзалиева деген айым 6-7 айга созуп жиберген. Эмкиде тумшугуңар сынат же бир жериңер майып болосуңар дедим. Бизде чындык жок, болбосо башка эмне кылам. “Учур” бир эле жолу минтип калса бир жөн, былтыртан бери эле ачылгандан бери мага жалаа жаап келе атат.

- Мисалы үчүн ошол иш боюнча кылмыш иши козголуп, сизди кайра жоопко тартса эмне кыласыз?

- Жоопко тартса, Кыргызстанда чындык жок экенин дагы бир жолу далилдеп кетем. Мына ушундай өзүндү каралап аткан жалганчылар, эми тигил Апастын жалган жалааларын окусаңар күлкүңөр келет. Ал айткандай инсан болсом, мени былтыр мамлекеттик комиссия президенттик шайлоого киргизет беле. 22 кишинин ичинде Апас да бар болчу, ал кулап калып мен өтүп кетпедим беле. Бакиев баш, мен төш болуп президенттик шайлоого кирип, атүгүл долларлуу миллионер Жеңишбек Назаралиевди утуп чыгып, бешинчи орунду алгам. Апас болсо акчасы жок катыша албай калган. Мүмкүн ич күйдүлүктөн ушундай жалган жалаа менен берип атат. Тигилер болсо карап туруп акты кара кылып жазышууда. Күйөсүң да күйөсүң.

- Бул боюнча милиция сиз менен сүйлөшө элек да?

- Сүйлөшө элек, күтүп атам ушундай болорун билгем, билип туруп баргам.

- Өзүңүз айткандай президенттикке талапкер болдуңуз, чоң саясатта бул кылганыңыз башкача чечмеленет деп чочулабайсызбы?

- Кандай чечмеленсе ошондой чечмеленсин, каякка бармак элем. Менин ордума сиз эмне кылмак элеңиз, мейли чын эле, ушундай чын деп унчукпай калышым керекпи? Экинчиден, өздөрүнө айттым кулагына кум куюлгансып укпайт. Кайра шылдың кылгансып, эртеси кайра мазактап жазышат. Мен да журналистика мыйзамына ылайык жооп берейин десем ага да болушпайт. Булар мени куугунтукка алып алышты.

- Кайрылсаңыз орун бербей коюштубу?

- Дайыма эле бербей сүйлөшпөй коюшат.

“Учур” газетасынын башкы редактору Асланбек Сартбаев өз кезегинде болгон окуянын чоо жайын төмөнкүдөй баяндады:

- Мен жумушта жок элем, анан Нурлан Мотуев келип эки журналисттин көзүнчө төрт компьютерди талкалап кеткен.

- "Эмне үчүн мени жаздыңар" десем мага эч кандай жооп бербей койду, анан ошондой кылдым деп актанып атат. Жооп берилди беле ага?

- Мотуевдин мүнөзүн элдин баары эле билет да, кандай жакшы мүнөзү бар экенин. Биздин офиске кирип келгенде эле, ай-буйга келбей менин кабинетиме жулунуп кириптир, мен жок болчумун. Менин кабинетиме кирип барып, компьютеримди ыргыта чааптыр, терезеге тийиптир, терезеден жарака кетиптир.

Андан чыгып эле журналисттердин үч компьютерин ошол замат столдун үстүнөн жерге чаап салып, анан чуркап качып чыгыптыр. Келгенде эле кыйкырып, сөгүнүп, ар кандай сөздөр болгон. Андан кийин эч кандай сөз болбой эле, ошол бойдон качып, эшикте унаасы даяр турат, ошол бойдон чуркап кетет.

- Сиздер тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылдыңыздар эле, кандай чара көрүлүп жатканы тууралуу маалымат барбы?

- Кечээ күнү милиция тартип коргоо органдары келишти, бул боюнча толук маалымат алып кетишти. Буга бир эле күн болгондуктан жыйынтыгы чыга элек, билине элек эч кандай.

- Кылмыш иши козголдубу же башка чарасы көрүлдүбү?

- Мага кечээ күнү кечке маал тартип коргоо органдарынын бирөөсү чалды, бул иш боюнча кылмыш иши козголот, мындан ары иш улантылат деп. Кечээ күнү сиздерге эки компьютер деп айтып атат. Ал эми "Акипресске" жана башка маалымат булактарына төртөөнү сындырдым деп атат.

- Арслан мырза, сиз ошол эле убакта телефон аркылуу да коркутуулар болгонун айткандай болдуңуз эле. Бул кандай коркутуулар, ким тарабынан?

- Ошол эле маалда милиция кызматкерлери биздин талкаланган компьютерлерди текшерип, ошолорду көрүп атышкан учурда мага Мелис Эшимканов чалды, азыркы бийликтин чиновниктеринин бири десек да болот. Биз ал жөнүндө коллаж жасаган элек, ал жөнүндө маалымат берген элек, бул ошого чычалап мага үстөмдүк сөздөрдү айтты.

- Эмне деген сөздөрдү айтты?

- Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал дароо эле учурашкандан кийин айтып баштады, мен сенин кабыргаларыңды сындырып, 5-6 ай ооруканага жаткырам, бул менин эркекче сөзүм, себеби “Учур” гезити жарым жылдан ашуун, бир жылдай убакытта мага тынчтык бербей эле сындап келатат деп. Ушундай өзү чычалап, ызаасы менен бизге коркутуп-үркүтүү жасады.

- Буга чейин ушундай коркутуулар болгон беле?

- Мындан 1-2 жыл мурда болчу, бирок бир жылдан бери мага мындай коркутуулар болгон эмес.

- Бул маселе боюнча дагы тартип коргоо органдарын белгилүү кылып койдуңуз да?


- Бул маселе боюнча эч кимге кайрылган жокмун. Бирок журналисттер, тилектештерим менен сүйлөштүм. Азырынча тартип коргоо органдарына билдире элекмин.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: kaбарчы каяктан: Бишкек
16.04.2010 23:55
НУРЛАН МОТУЕВДИ ЖАКТАГАНДАН такыр алысмын. Ошол эле мезгилде АСЛАН САРТБАЕВДИ ДА актабайм. Журналистиканын эрежелеринен чыгып , адамдарды эки бара чагыштырган интригант.Ишенген кожосу сууга агып кетти эми онолоор.

кимден: Марат каяктан: Бишкек
29.03.2010 19:12
"Учур" гезити бийликке каршы сын жазганы учун, аларга атайын жасалган эле иштей болуп атпайбы. Акыркы кезде эркин созду, чындыкты айткан журналисттерге кысым жасалып атканы элдин баарына белгилуу. Мотуев бийлик адамы болгондон кийин,алардын алсыздыгынан ушундай талкаламай жорукка откону туура эмес. Мындай ишке кылмыш козголуп,Мотуевди камаш керек болчу да,а эмнеге ал купулдоп журот? Мотуев кандай болгон кундо дагы мыйзамга каршы иш жасады,бул жоопко тартылыш керек.

кимден: Mahabat каяктан: USA
29.03.2010 18:55
Aiii Presidenttike talapkerler da ushundai bolushaby, tynchtyk zholu menen zhakshyna chechse dele bolmok komputerde emne kunoo. Birok ailasy tugonup anan emne kylyshyn bilbey ushundai zholgo bargandaigo. Olkodo zakon ishtebey kalgan bolso adamdar kuch koldonuu menen problemalaryn cheche bashtashatda, zhurnalistterdi sotko berse dagy bolboso, a alar zhalgan infolordu berip zhatsa Bolochoktogu President KR zhonundo. )
btw Motuev zhakshy variantyn oilop chygyptyr, 1-tekhnikasyn (eto kak preduprezhdenie) anan 2-ozdorun.))
(Detskiy sad)

кимден: Мопс каяктан: Россия
29.03.2010 18:01
Нурландын кылыгы бул барып турган калоштук! Ушул адам дагы мен мусулманмын,Кудайдын жолундамын дейт.Ушул кылганы ошол айтканына дал келеби??? Бул адам албетте озу кылган жок,бир таасирлуу адамдардын буйругун аткарды.Мына биздин олкодогу мыйзамдуулук! Бул адам откон шайлоодо да аябай кереке жараган,эстесениздер! Кандай гана ыплас информацияларды таратты,эч уялбай!

кимден: бироо каяктан: Санкт-петербург
29.03.2010 14:42
Бул Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын баркы басылып калгандыгынын дагы бир далили.Массалык маалымат каражаттарына ушундай мамиле керек деген ойдун далили. Бир жагынан массалык айрым маалымат каражаттарынын дагы өз күнөөсү бар мындай иште. ачкенедей жабышып бир саясатчынын жазса жабышып алышат. Мотуевдин эмоциялуу экенин эл билет. Бирок анда жүрөк бар, доопоростонуп суйлосо дагы. Массалык маалымат каражаттары бир жактуу болуштун өзү опурталдуу. Жаандан кийинки козу карындай болуп ачылып кеткен гезит ээлери да бул тууралуу ойлонуш керек. Бул башкаларга сабак.

кимден: Компьютер тетиктерин каяктан: сатып алам
29.03.2010 14:01
Мотуев сындырган компьютердин тетиктерин сатып алам.
Конфигурациялары кандай болду экен?

кимден: Sanjar каяктан: Bishkek
29.03.2010 07:43
Ushul emi kandai bolsun, Nurlan myrza!!! Atyn chykpasa jer ortto degeni sizge taandyk syiaktu...

кимден: Алым каяктан: Бишкек
28.03.2010 21:43
Бу кыргыздар чынында эле айкөл элбиз,кыйынына деле,келесоосуна деле "э мейли тасын зун райын, бала аман болсунчу" - деп кебелбей момпойуп коебуз.Бирок Апас менен Мотуевди обу жок эркелете бербей,саясатан алыс эле кармасак,журналисттер ушуларды жазбай,көргөзбөй эле койгулачы.Бу экөө гезитке жазылып же телеге чыкса эле өздөрүн Аватар менен Титаникти тартып салган Джеймс Камерундай сезип калат окшойт.
Чет өлкөлүктөр кокус Мотуевдин кабак башын карсылдатып,ачуу мурч сугунуп алгандай сүйлөп атканын көрсө жүрөгү түшүп апаптатып калабы деп корком.Бу негизи уят,абдан уят.Кармап туруп за хулиганство,за угрозу деп статья такап камаш керек.

кимден: Алим каяктан: Бишкек
28.03.2010 17:21
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн болуп аткан учур азыр,Бакыиптин учурунда,анын көлөкөсүндө Мотуев да чардап атат,байкуш компютерде эмне күнөө?

кимден: Aika каяктан: Jaradar
28.03.2010 16:01
eeee Kyrgystanda emneler gana bolup jatat takyr tushuno albai jatam tooba kylaiyn.Nurlandyn ushul kylgany emne emi prosto ''uiat'' da.Da sot,militsia myndailardy korboi kalat.Bashka olkolordun arasynda KP shermende bolup butmoi boldu. go.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)