Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:59

Саясат

Өмүрбек Суваналиев: 7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду

К. Бакиевдин тушунда ички иштер министри, Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, Нарын облусунун губернатору болуп иштеп келген милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев апрель окуяларына мамлекеттик төңкөрүш катары баасын берди.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Алгач 7-апрелде Кыргызстанда эмне болду, эмне деп атайсыз ушул өзгөрүштү?

Өмүрбек Суваналиев: Юрист катары 7-апрелде төңкөрүш деп айтсам туура болот, анткени бийликти күч менен алышты. Мамлекеттик төңкөрүш болду, бирок бүгүнкү өкмөттүн мүчөлөрү бардыгы айтышып атат, биз түрмөдө отурганбыз, биз эч нерсе кылган жокпуз деп. Бирок жаштардын күчү менен төңкөрүш болуп кетти.

“Азаттык”: Мамлекеттик төңкөрүш болду десеңиз, жаштарыбы-карысыбы, аянтка келген адамдарды бирөөлөр уюштуруш керек болчу да?

Өмүрбек Суваналиев: Негизи убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жана партиянын жетекчилеринин баарын камагандан кийин жаштардын бардыгы өзүнчө уюшуп "Форумга" келишип, анан ал жерде чоң провокация болду. Анткени улуттук коопсуздуктун кызматчылары да келди, бүт жанагы гранаталары, согуш күчтөрү менен келишти. Милициялар ал жерге курал-жарагы жок келишкен, аны бардыгы билет. Анан ошол кагылышуу болуп кеткенден кийин, машиналар өрттөнгөндөн кийин жаштар жанагы милицияны курчап алганда тигилер куралдардын таштап салып качып кетишти. Жаштар болсо куралдардын алып алып туруп, ошол жерден Ак үйдү көздөй "Форумдан" жылышты.

“Азаттык”: А сиз кандай тастыктай аласыз, ошол жерде мамлекеттик коопсуздук кызматынын куралчан адамдары жүргөнүн?

Өмүрбек Суваналиев: Негизи жанагы жерге улуттук коопсуздуктун кызматчылары келгенин элдин бардыгы билет, милиция деле айтып атат аны. Анткени алар бири-бирин жакшы тааныйт да. Алар да айтып атат бул улуттук коопсуздук комитетинин балдары болчу деп. Анан ошол жерден мен ойлоп атам, бул провокациянын классикалык түрү болду. Курал-жарактарды таштап салып кетип калгандан кийин, жаш балдар көп нерсени түшүнбөй курал-жарак менен жылгандан кийин булар куралдуу козголоң чыгарды деп аларга карата күч колдонушмак. Мен генерал катары айтып коеюн, ошого көбүрөөк басым жасап атам, анткени ушундай эле болуш керек. Болбосо канча митингдер болду, баары эле тынч болчу, эч кандай баш аламандык болгон эмес.

“Азаттык”: Демек, сиздин оюңузча улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы өзү элге курал берип, кайра аларды куралдуу кол салууга аракет кылды деп күнөөгө жыкмак экен да?

Өмүрбек Суваналиев: Эртең жер-жерлерде митингдер болот деп атканда түнү менен партиянын лидерлеринин бардыгын каратып туруп камашты. Мен ойлоп атам, негизги себеби ушунда болуш керек. Жөн эле камай бербейт, үйүнөн алып барып камагандан кийин аны негиздеп, аларга күнөө тагышка туура келмек.

“Азаттык”: Кыргыз милициясы кандай роль ойноду?

Өмүрбек Суваналиев: Эми мурунку ички иштер министри катары, көп жылдан бери милиция кызматында дагы иштеп келген киши катары мен айтат элем: милиция эч качан мындай күч колдонууга барбайт. Бир эле мисал, Таластагы болгон окуяда министри баш болуп, спецназы төш болуп баардыгы куралдарын ошол жерге таштап, бирөөнү да атпай качышты. Болбосо, милиция ошол жерде дагы атмак, ошол жерде дагы көп кан төгүлмөк. Бирок эмне болгонун баарыңар билесиңер, милиция аткан жок, күч колдонгон жок. Ушундай эле көрүнүш бүт республика боюнча деле болуп атты, эч ким күч колдонгон жок. Мына милицияны канча сабашты, бирөө аткан жок.

Азаттык”: Анда аянтта турган элди ким атты?

Өмүрбек Суваналиев: Жанагы кадрларды карасаңыздар, саат он экиде Ак үйдүн Раззаков көчөсү менен Тарых музейинин жанында эң биринчи милициялар турган жерде граната жарылбадыбы, ошондо эки курсант ошол жерден өлдү. Бул жанагы кадрдан эле көрүнүп турат. Мен ойлойм кайсы бир провокаторлор ошол жерден гранатаны жарышты, үн чыкты, кан төгүлдү. Анан балдар Ак үйдүн жанына барганда тикеден тике аткылашып атпадыбы, демек бир провокациялуу план бар болчу мурдагы бийликте, анан ошондон улам чаң тополоң чыкты.

“Азаттык”: Ошол эле жерде снайперлер атты деп атышат Ак үйдүн үстүнө чыгып алып, бирок сиз өзүңүз билгендей ченелүү сандагы снайпер ушул эки миңге ге чукул кишини жарадар кыла албайт болчу да?

Өмүрбек Суваналиев: Негизи эми снайперлер Ак үйдүн үстүнөн атып атышты, терезелерден атып атышты. 200-300 метрден снайпери жок эле автомат менен жөн эле атышат. Ошон үчүн телевизордон көрүп аткандагы чыккан үндөргө караганда, Ак үйдөн аябай көп курал иштеп атты. Ошон үчүн жанакындай көп курмандык болду.

“Азаттык”:
Өзүңүз күч органдарын жетектеп жүрдүңүз, профессионал адиссиз. Ошол эле учурда оппозицияда дагы жүрдүңүз, өзүңүз чоң-чоң митингтерди уюштурдуңуз. Бардык жерде кыйкырчу "милиция эл тарапка өт" деп.  Айтсаңыз кайсыл убакта, кайсыл чекитте милиция эл тарабына өтүш керек?

Өмүрбек Суваналиев: Милиция мыйзамга баш ийиш керек. Эмне себептен 2006-жылы милиция эл тарапта дедим. Бирок мен айткан жокмун митингичилер тарапта болом деп. Мен айттым, мыйзам тарапта болобуз деп. Силерге күч колдонбойбуз, тынчтык митингди жакшы өткөрө бергиле, коркпой, эч кандай провокация болбойт. Мына ошондой турум дагы милицияда болуш керек.  Бүгүн убактылуу өкмөттүн жетекчилери айтып атпайбы, милиция эмне сабалды десе, биз келгенде эле дароо эл тарапка өтүп кетпейби деп. Негизи бул туура эмес. Милиция деген мыйзамды, Конституцияны сакташ керек. А бүгүнкү күндө айтып атышат, силер милициядан кеткиле, анткени  силер биз тарапка өткөн жоксуңар деп, а эртең башка күч келип калса, милиция алар жакка өтүп кетиш керек бекен?

Милицияны бүгүнкү күндө кимдер башкарып атат. Кечээки эле митингдерди уюштуруп аткан саясатчылар бүгүн милицияны жетектеп атат. Ошон үчүн бизге саясаттын кереги жок, бизге саясатка аралашпаган бейтарап кишини коюп бергиле, биз саясатыңарга аралашпайбыз деген сөз болуп жатат. Эртең мына шайлоолор болот, милициясыз шайлоо өтпөйт, анткени урналарды, шайлоо комиссияларынын  коопсуздугун ким сактайт, милиция сактайт. Ошонун баардыгын булар түшүнүп турат. Буларсыз эч бир жумуш болбойт. Ошондуктан булар айтып атат, бизге жакшы жетекчи алып келип бергиле, биздин ички иштерибизге кийлигишпегиле, ошондо анан жакшы иштер болот деп атат.

“Азаттык”: Азыр сиздин оюңузча милицияга болгон элдин ишеними кандай?

Өмүрбек Суваналиев: Милицияны саясий күч катары колдонобуз деген мурунку бийлик. Азыркы бийлик деле негизи ошого алып келе жатат, муну баары эле түшүнүп атат. Кайсыл митинг болбосун булар формачан болгондон кийин бийликтин өкүлү сыяктуу болуп калып атпайбы. Ошон үчүн элдин бардыгы "силер бизди камаганы келдиңер, бизди мындай кылдыңар" деп эле жаман көрүп атты. Бүгүнкү күндөгү милицияны түшүнсө болот, анын ушундай депрессия абалды болуп калганы - бийлик аларды колдонобуз деди. Экинчи жагдай бар, эмне себептен бийлик криминалды колдоно баштады? Акаев убагында да, экинчи бийлик дагы криминалды колдоно баштады, муну элдин бардыгы билет.

“Азаттык”: Генерал мырза, эми убактылуу өкмөттөгү сиздин санаалаш досторуңузга эмне сунушуңуз бар?

Өмүрбек Суваналиев: Мен Отунбаевадан баштап убактылуу өкмөт мүчөлөрү Атамбаевге, Текебаевге - баарына айтат элем. Бүгүнкү күндө бардыгы отставкага кетип, биздин аксакалдар бар - М. Шеримкулов, А. Жумагулов деген.  Чоң аксакалдар, абройлору чоң, өзүлөрү жакшы иштеген. Ошолорду Убактылуу өкмөткө алып келип туруп, калгандары саясатка даярданып иш кылсын, ошондо гана эл ичи тынчыйт.

“Азаттык”: Сиз саясатка дегениңиз, шайлоого даярданып дегениңизби?

Өмүрбек Суваналиев: Шайлоого бардыгы даярдансын, ал эми шайлоого барбайбыз деген биздин аксакалдарыбызды - мисалы, Сааданбеков аксакалды чакырыш керек. Түштүктөн аксакалдарды алып келип, убактылуу бийликтин мүчөлөрү кылып, ошолор жакшы тунук шайлоолорду өткөрүшү керек. Азыр Конституцияны өзгөртүү аракеттеринин бардыгы жөн эле саясий оюн. Бизге азыркы Конституция менен президенттик жана парламенттик шайлоо өтүш керек. Ошол аксакалдарды коюп туруп, силер адилеттүү башкарып бергиле, тарыхта калгыла, биз бардыгыбыз саясат менен аралашып кетели деп кетишсин.

“Азаттык”: Сиздин жакынкы пландарыңыз, президенттик парламенттик шайлоого катышасызбы?

Өмүрбек Суваналиев: Өзүм түшүнбөй жатам, булар эмне кылалы деп атышканын. Эл эмес, менин башым айланып калды, булар кайсы Конституция менен чыгат, кандай чыгат, эмне болот?  Текебаев айтып койду мындай шайлоо болот деп, кайсы шайлоо, эмне болот экен, ошонун баардыгы чечилгенден кийин бир жыйынтыкка чыгабыз, четте калбайбыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Mysyrali каяктан: Stockholm
10.05.2010 23:51
ОДНАЖДЫ ОБМАНУВШИЙ ОБМАНЕТ ЕЩЕ РАЗ

кимден: АБДЫРАЗАК каяктан: БИШКЕК
09.05.2010 14:04
Урматтуу генерал мырза! Сиз ишинизде профессионалдырсыз ,бирок саясатта озунузду "СОКУР" экендигинизди дагы бир ирет бекемдединиз. Биринчиси бакиевдин тушунда адилетсиздиктерди коруп туруп кыңк этпей анын камчысын чаптыныз (бийлик башында болуу учун).Экинчиси 85 баатырдын өмурун алган сасып-чириген,адилетсиз чиновниктерге жык толгон авторитардык режимди кулаткан кыргыз элинин курошун "тонкоруш" деп.

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
07.05.2010 16:26
Аса абдан туура байкаптырсыў. Азыр кєп саясатчылар ушу Суваналиевге окшоп "эл эмес, менин башым жетпейт" дегенди кєп сїйлєшєт. Чындыгында булардын башы элдикинен жогору эмес, тємєн иштерин билишпейт. Эгер суваналиевдин башы элден жогору иштесе Жаныш бакиевдердин чырагына май тамызган иштерди жасабайт болуучу. Єзїн мактагандан єлєрчє кач дейт. суваналиевге окшоп єзїн акылдуу сезгендердин ичи кєўдєй болот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.05.2010 12:01
бул адам кантип уялбай интервью берип жатат ыя

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
29.04.2010 21:44
Мен ушул кишиге суроо берет элем.1) Кулов экоонор 2007-жылы оппозициянын таш-талканын чыгарып эмнеге сатып кеттинер эле 2)Кулов экоонор Азаз Батукаев менен дос экенинерди антип танасыз? Силер бийлике келсенер криминал Бакиеыдерден бешбетер баш көтөрбойт деп кепилдик бере аласызбы

кимден: kel-kel каяктан: aiyldan
28.04.2010 17:27
ubakyt otup bary anyktalsa klerek bir kundo ynkylap boldu dep biylikke baratkan adamdar aita alat aldynda eldin maselesi jok bir gana kreslo umtuluu bolup jatat,mudosuu jok jashtar topolon kyldy opozisya jaylaryn tabyp aldy.karapiym kalkty kayda aydasa basa bere turgan bolup kaldy.sebebi surasan ish jok deshet bizde jashagan uygur,dungan bizge karaganda alda kancha bai jashashat jalkoo emes kyrgyzdar bolso jolkoo sayasattka kyzykan kalk ekenbiz jakshy suyloso ele maktap jiberebiz,

кимден: Эрнис каяктан: Нарын
28.04.2010 03:23
Суваналиев бул киши милицияны эмес мен бийликте болсом чычкак улагымды кайтартмак эмесмин. Анткени бул киши эки жуздуу, туруксуз жигиттик намысы жок киши. Азыркы окмотту колдон келишинче колдош керек сындабай. Анткени иштегенине бир ай боло элек. Ошого карабай чон иш бутуруп жатат. Свет арзандады. Ысык суу, муздак суу арзандады. Элдин байлыктары элге акырындап отуп жатат. Буларга биз эл жардам беришибиз керек. Баарыбыз эле Дракон болбой.

кимден: Нурдин каяктан: Бишкек
28.04.2010 02:06
Суваналиев кызматтын кулу. Булар Кулов экоосу жыгач генералдар. 2007 жылы элди кочого алып чыгып, элди таштап биринчилерден качкан. Алар интриганттар. Бул эптеп кызмат алуу аракет кылуу. Азыркы бийлик Суваналиев, Эшимканов, Кулов буларды жолотпош керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.04.2010 21:12
Лично поддерживаю Катани, если выдвинет кандидатуру проголосую за него. Такой человек требование времени.

кимден: Таластык каяктан: Талас
27.04.2010 19:27
Эгерде Субаналиев президенттике койсо мобу временный правительстводогу политиктерди утуп алат. Анткени бул киши жалгыз гана саясатта журуп таза бойдон калган, эл учун иштеген. Жасаган иштерин эл билет. Ошондуктан бул кишиге тийишпей эле койгулачы.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)