Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Исаковдун тарапкерлери саясий акцияга камынууда

14.12.2009

Исмаил Исаковдун тарапкерлери сот жараяны боло турган күнү 17-декабрда нааразылык акцияларын башташат. И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зекиров “Азаттыкка” берген маегинде алардын президентке жолдогон кайрылуусуна дагы эле эч кандай жооп боло электигин билдирди. Учурда алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө митинг өткөрүүгө уруксат сурап арыз жолдоп, анын жообун күтүүдө.

- Азыр акцияга даярданып атабыз, ага убакыт керек турбайбы. 12 күн эрте уруксат алыш керек. Сот 17си күнү болот, ошол күнү чыгабыз.

- Ага чейин митинг өткөрүү боюнча уруксат алдыныздарбы?

- Арызды жазып тапшырып койгонбуз. Жергиликтүү бийликтегилер алган, ошонун мөөнөтүндө чыгабыз, кудай кааласа.

- Кол топтоп атпадыңыздар беле, И.Исаковду коргоочу канча киши болду?

- Өткөндө миңге жакын кол топтолгон, андан кийин дагы 600 кол топтолуп, аны да депутататтарга Бишкекке жөнөттүк.

- Силердин ошол катынарга жооп болдубу?

- Эч кандай жооп болгон жок, жиберген бойдон күтүп жатабыз. Гезитке чыкты, ошону окудук, ошону менен бийликтен эч кандай реакция жок.

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мамилеси кандай болуп жатат?

- Жергиликтүү бийлик прокурорлор сурай берет, анан сот адилет чечет дегенден башка сөз айта алышпайт. Жогору жактан чечилет болуш керек.

- Аксакалар дагы жакын арада президентке кирди деген сөздөр айтылып жатат, алайлык аксакалдарбы?

- Ал жерде Алайдан, Өзгөндөн, Кара-Кулжадан дагы барган аксакалдар киребиз деп аракет кылышты, бирок киргизбей, кабыл албай атат деп угуп атабыз. 7-декабрда өкүмдү угузат дегендин алдында 5-6 аксакал кеткен.

- Сиздер арыз менен кайсы числодо кайрылдыңыздар, алар качан жообун беришет?

- Беш-алтысында кайрылсак, он күндөн кийин деп туруп, бир-эки күндү иш күн эмес деп чыгарып туруп, анан 17нен кийинкиге бизге уруксат беришет болуш керек.

- Анда силер 17не чейин чыгалбай каласыздарбы, же ага карабай эле чыгасыздарбы?

- Эми 17си күнү уруксат бербесе да чыгабыз. Анткени, биз ошол күнү биз өзүбүздүн талабыбызды коюп турушка мажбурбуз.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Айбек каяктан: Бишкек
15.12.2009 13:22
Урматтуу Бийликтегилер! Алайлык чыгаандарга бекер асылып жатасынар,болгондо да Исаковго! Айтаарым-кимдин куйругун басканынарды ойлонгулачы? Тоонун эли которулсо 24-март "чепуха" корунуп калат. Кокон хандыгын элестетеличи? Алай эли кандай тынч жол м-н каратып алганын! Так,что "подумаем" 7-кабат.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)