Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Р. Отунбаева: Кыргыз Хандыгы курулду

06.11.2009
Замира Кожобаева

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Роза Отунбаева Президентти башкаруу реформаларын шылтоолоп өзүнүн гана үй-бүлөлүк бийлигин бекемдеп жатат деп сынга алууда.

- Мына бүгүн жаңы өкмөт мүчөлөрү сиздердин алдыңыздарда мекенге ак кызмат өтөө тууралуу ант беришет. Дегеле азыркы өкмөт курамы сизди канаттандыруудабы?

- Канаттандырды деп биз айта албайбыз, анткени реформаны баштап атканда президент Бакиев өзү айтты, бул чиновниктер өзү жөнүндө эле ойлойт, элди ойлобойт экен деп. Бул учкул сөздөрдүн бири болду Кыргызстанда. Ошол калың топ менен бир эле экономика министри өзгөрдү, андан башкасынын баарын эле реформа деп айтса бүгүн жарашпайт го.

- Мына ошол реформанын негизинде президенттин уулу Максим Бакиев да жогорку даражадагы мамлекеттик кызматка дайындалды. Ошол эле учурда Өнүктүрүү кору дагы өзүнчө агенттикке баш ийип, кечээ сиздер парламентте айткандай үч бурчтук башкаруу системасы түзүлгөндөй болуп калды, паралелдүү өкмөт сыяктуу көрүнүп?

- Сөзсүз бул паралелдүү өкмөт. Кечээ мен парламентте айтып кеттим, бул Данияр Үсөновду премьер-министр болом деп эңсеп жүргөн жигит, ага биографиясында жазылып калганы эле керек окшойт премьер-министр болду деп. Антпесе эч бир намыстуу адам барбайт эле андай жумушка. Чынында азыр экономика бюджет, инвестициялардын баары эле президенттин уулунун колуна чогулду.

Анан президент элге түшүндүрүп атпайбы, чарба жумуштарын өкмөт алып барат, перспективалык маселелердин баары Борбордук агенттикте болот деп. Анда эмне себептен кечээ булар өзгөрүүлөрдү киргизип атышат Өнүктүрүү кору деген законго.

Мисалы, алтын, акцияларды сатып алат экен бул фонд өзү, ошондой эле мамлекеттик мүлктүн баарын ушулар башкарат экен. Биз билебиз, мисалы Жерүй алтын кени. Эң эле көзгө көрүнө турган чоң мамлекеттик объектилердин баарын ушул фондго берип атышат азыр. Анан кайсы чарба, кайсы жери перспектива, түшүнүксүз болуп атат элге.

- Роза айым, кечээ сиз парламентте айтып кеттиңиз эле, Кыргызстанды жакшы билбеген, 2-3 ай эле келип жашаган адамдар башкарып калды деп?

- Баарыбыз эле Кыргызстанда түшүнбөйт экенбиз, рынок дегенди. Азыр Америкада, же башка мамлекеттерде жашаган бир топ жаш балдар MGN групп деген консультациялык компанияны түзүптүр. Кечээ Өнүктүрүү фондуна ушуну да киргизишти. Бул фонд консультациялардын баарын Кыргызстанга берет экен, анан Кыргызстанды кайда алып барыш керек, ошону бул чечет экен. Эми Кыргызстанда булар бир жыл да жашабаса, Кыргызстанды интернеттен, китептерден окуп жүрүшсө. Анан эң эле маанилүү жагы -булар президенттин уулунун достору экен да.

Ошон үчүн менин ичим кайнап атат, кечээ айттым жакында өзгөрүүлөр болот Конституцияга, ошондо Кыргыз Республикасы эмес эле Кыргыз хандыгы деп жазып койсок деле туура болот. Ушундай өзгөрүүлөргө келип калдык. Анткени президент тикеден-тике  өзүнүн орун басары кылып өзүнүн уулун дайындап атат. Дагы бир Жаныш Бакиев деген өзүн кайтарып жүрөт. Дагы бир уулу болсо Коопсуздук кызматынын кеңешчиси экен Кыргызстан боюнча.

Ошондой эле өзүнүн жээни Ак үйдө кадр маселесинин баарын тейлейт экен. Башка сансыз бөлө жээндери Ак үйдү, башка министрликтерде капталганын айтпай эле коеюн. Мен ойлоп атам, Исмаил Исаков, Бөлөкбаев, Бекназаров сыяктуу 2005-жылы революцияда катышкандардын баары соттордо жүрүшөт, кылмыш иштердин баары ачылган.

Балдары болсо баш баанек сурап жүрөт. Ушундай маселе турат десем, президенттин өкүлү айтып атат, сиз эмнеге жеке маселелерди, таарынычыңарды ушул жакта көтөрөсүңөр деп.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Бекболсун каяктан: Бишкек
05.12.2009 18:47
Менбул ойлордун баарына кошулам баарыбыз Бийлике аттаналы,кыргыздар.

кимден: Бекболсун каяктан: Бишкек
04.12.2009 20:25
Акжолчу депутаттар Бакиевдин Куурчагындай эле болуп калды Бакиев колдо десе колдойт жок десе колдобойт.Намыссыз коркок адамдардын баары чогулган.Акаевден өтүп кетти ..... намыстаналы кыргыздар бул бийлике нааразычылык билгизели болбосо бизди деле сатып тынат.

кимден: Жениш каяктан: москва
01.12.2009 01:19
Ар кимдин сөзүнө "толугу менен кошулам"- деп жүрүп ушул күнгө келдик

кимден: Кана каяктан: Нарын
09.11.2009 08:36
Баткендик Баки мен сиз айткандарга толугу менен макулмун. Роза эже кыргыз элинин сыймыгы, патриот кыздарынын бири. Ал эми Р.Отунбаева эженин парламентте айткан сөздөрүнө комментарий берип, каяша айткан акжолчу депутаттардын уят, абийир, намыс дегендери барбы?

кимден: Балбак каяктан: Балыкчы
06.11.2009 23:35
Эл озу күноолуу, шайланма бийлик өкүлүнө "ажо" (хан, пааша) деп кошомат кылып атып ушуга жеттик. Роза айым болсо "эркек замандаштар, ойгонсоңор боло, демократия үчүн үн кошсоңор боло" деп атат. Эркектер болсо оппозициячыл депутат болуудан да жалтайлап качып атат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.11.2009 17:49
Ushul uchurdagy situaciyanyn tuzulushuno Roza ejebiz tuzdon tuz kunooluu.2005 jyly Bakievdin ozun ele emes al menen koshup anyn ui buloosun biilikke alyp kelgen bul Roza ejebiz,Azimbek j.b aklaribiz....еmi ele biilik tiibei kalsa ar nerseni aitat...

кимден: Акылбей каяктан: Токмок
06.11.2009 16:57
Роза эже азаматсыз! Мен корком, ушул бийлик сизге бир провокация кылып,коркутканга өтөт деп!!!

кимден: Жаныш каяктан: Ош
06.11.2009 15:00
Парламентте бир Роза эже эле бар, калганы эптеп септеп келип кетип жүрөт. Төрагасын эле карагылачы ...

кимден: Баки каяктан: Баткен
06.11.2009 13:01
Кыргызстан Р. Отунбаева, Ө. Текебаев ж.б. оппозияда жүргөн адамдар үчүн эле керекпи? Урматтуу мекендештер, мындай маңкурт болбойлу, элибиздин байлыгы жеке менчикке өтсө, келген карыздарды өнүктүрүү фонду тейлесе, байлыктар, акциялар башкаларга тиешелүү болсо, биз эмне жүрөбүз. Мындайга чыдап болбойт, кыргыздар биригейли, бийликке атаандашалы, бир бирибизди колдойлу.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)