Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун Англиядан китеби чыгып жатат


Улуттук китепканада төкмө акын жана манасчы Сапарбек Касмамбетовдун манасчылык өнөрүнө арналган “Манас” жана манасчылар – дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы” аттуу эл аралык кеңешме өттү. Англиядан манасчынын “Манастан” жана “Семетейден” айткандары компакт-дисктери менен китеп болуп чыгып жатат.

Улуу Британиянын Азия жана Африка изилдөө университети төкмө акын жана манасчы Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы “Манастан” жана “Семетейден” варианттарды англис тилинде китеп кылып басып чыгарып жатат. Бул тууралу “Азаттыкка” “БИ-Би-Си” дүйнөлүк кызматынын кыргыз бөлүмүнүн ага продюссери, манасчы Сапарбек Касмамбетовдун кызы Гүлнара Касмамбетова буларды маалымдады:

- Китеп чыкты. Бирок биз китептин сигналдык көчүрмөсүн гана алып келдик. Батышта сигналдык көчүрмө жасалды деген, бул өндүрүштөн өтүп жатат дегенди түшүндүрөт. Китеп компакт-дисктери менен чыгып жаткан өзгөчө китеп. Компакт-дисктерде Касмамбетов айткан “Манастан”, “Семетейден” үзүндүлөр жазылган. Ал эми китептин ичинде болсо, “Манастын” кара сөз менен жазылган англисче варианты.

Сапарбек Касмамбетов 2006-жылы Лондондо өткөн “Түрк тилдүү элдердин музыкасы” аттуу эл аралык конференцияга “Манастан” үзүндү айтып катышкан. Ошондон тарта анын манасчылык өнөрүнө Британия тараптан кызыккандар көп болуп келет. Улуу Британиянын Азия жана Африка изилдөө университетинин профессору Кит Дэйвид Хауард аталган кеңешмеде “Манаска” жана манасчылыкка төмөнкүчө токтолду:

- Окумуштуу Радлов жөнүндө мен жакшы билем. Ал 1860-жылдары кыргыздын “Манасы” тууралу чоң изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ал эми ХХ кылымда дүйнөнүн бул тарабына, англис окумуштууларына “Манастын” жетиши кыйынга турган. Эми гана биз дүйнөнүн бул бурчуна келгенге мүмкүнчүлүк алдык жана манасчылар батышка келген окуялар эми гана боло баштады.

Манасчы Сапарбек Касмамбетов “Эр Кошой” эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Ошондой эле акындын “Билерик”, “Балыкчы баяны”, “Балдардын бала Манасы”, “Асыл эне” чыгармалары китеп болуп басылып чыккан. Анын айтуусундагы “Семетей” Улуттук академиянын кол жазмалар фондунда сакталып турат.

Манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетовдун англисче чыккан китебинин бет ачары жана 75 жылдык мааракеси күзгө утурлай Бишкекте жана Лондондо белгиленмекчи. Акындын байбичеси Асангүл Абдыгулова да ыр-поэмаларды, пьеса-драмаларды жазып келатат. Үй бүлөдөгү чыгармачылык маанайды сураганымда, буларды ортого салды:

- “Бурулча” деген пьесам Кыргыз драма театрында коюлат деген жакшы кабар болуп жатат. Дагы бир китепти басмага бердим. Агайыңар болсо, айрым үзүндүлөр боюнча жаңы тексттерди, жаңы терминдерди толуктап иштеп жатат.



XS
SM
MD
LG