Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:29

Саясат

Иса Өмүркулов: Бюджеттин олчойгон бөлүгүн аткаминерлер жейт

Жаңы жылдын бюджетинде мугалимдер менен врачтар үчүн каралган каражат азайтылып, президенттик администрация менен өкмөттүк аппаратка көбөйтүлгөн.

Депутат Иса Өмүркулов (СДП).
Текст көлөмү - +

ЖК депутаты Иса Өмүркулов “Азаттыктагы" маегинде келерки жылдын бюджети атка минерлердин бюджети болуп калыптыр деп сынга алууда.

- Иса мырза, кечээ сиздер бюджеттин киреше бөлүгүн гана талкууладыңыздар. Айтып кетсеңиз, 42,2  млрд сом киреше менен жылдан чыга алабызбы? Анткени сиз жакшы билесиз, учурда каржы кризиси жалпы дүйнө боюнча номур биринчи маселе болуп турат?

 

- Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 42,2 млрд сом болду. Былтыр 39,1 млрд сом болчу. Өткөн жылга салыштырганда 2 млрд сомдун тегерегинде гана кошумча болот, деп атышат, бирок ал дагы күмөн туудуруп жатат. Себеби мына быйылкы жылдын бюджети дагы 20% кыскартылды бюджетти каржылоо булактарынан. Энергетикалык кризисти эске алсак, жыл аягына чейин дагы эки ай бар, ал дагы толук толушу да күмөн болуп турат.

 

- Жаңы жылдын бюджетинде мугалимдер менен врачтардын керектөөсүнө эсептелген каражат 9% чейин түшүрүлүп, ошол эле учурда президенттик администрациянын чыгашасына эсептелген акча 45%, ал эми өкмөттүк аппараттын чыгашасы 39% көбөйтүлгөндүгү айтылууда. Кечээки парламенттик отурумда сиздин кесиптешиңиз Бакыт Бешимов да белгилеп кетти,  келерки жыл  бюджетинин 44% мамлекеттик башкарууну, ал эми 9% социалдык камсыздоого кетет экен. Мындай карап отурсаң, бюджет аткаминерлер үчүн гана түзүлгөндөй, кандай дейсиз?

 

- Туура айтасыз. Келерки жылдын бюджети толугу менен аппарат жетекчилерине, чиновниктерге гана багытталган бюджет болуп көрүнүп атат. Бул тууралуу биз кечээ айттык. Биринчиден мыйзам боюнча өкмөттүн эмдиги жылга карата жалпы социалдык-экономикалык программасы түзүлүүсү керек. Андан кийин аны кандай аткаруу тууралуу: бюджеттин киреше-чыгаша жагын толук программага жазып, алып келүүсү керек эле. Тилекке каршы программасы жок. Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри (Акылбек Жапаров –авт) кечээ жакында эле жыл аягына чейин инфляциянын деңгээли 22-24% чыгарын, кризистин күчөгөн жери келерки жылдын февраль –март айында болорун айтып чыкты. Өкмөт мүчөлөрү улам бириси бирди, экинчиси башканы айтып атышат, алардын өз ара пикир келишпестиктери да көрүнүп турат. Ошондуктан, алар өз керт башын гана ойлогон бюджетти даярдап, алып келишти. Биздин социал-демократтар фракциясынын депутаттары толугу менен буга каршы болдук.

 

- Бирок мына ушундай карама-каршылыктардын, кемчиликтердин бардыгына карабай, кечээ ЖК келерки жылдын бюджетин 1-окууда кабыл алды. Айтсаңыз, муну кандай түшүнүүгө болот?

 

- Бизге “Ак жол” партиясынын депутаттары бюджет долбоорун талкуулоого да мүмкүнчүлүк бербөөгө аракет кылышты. Ошондуктан, тилекке каршы долбоор өтүп кетти. Бирок биз андай жоопкерчиликти мойнубузга ала албайбыз. Мындай бюджет түзүүгө болбойт. Программасы жок, кризиске каршы да программасы жок. Андан тышкары быйылкы электр энергиясын өчүрүүдөн канча зыяны тийип, канча чыгашага учурады, мунун анализи жок. Ушунун баары боюнча, бүгүнкү социалдык-экономикалык абалыбыз тууралуу элге жалпы маалымат берген жок өкмөт. Ошондуктан, кандай бюджет болот, келечек кандай болот –бул бизге чоң күмөн туудуруп жатат.

 

- Иса мырза, сизге чоң рахмат!

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жапар каяктан: Лейлек
07.11.2008 13:41
Урматтуу чиновниктер! Силер кайдагы бюджетти талкуулап отурасыңар? "Кара чапан" элдин кабыргасы кайышып бүттү го? Өзүңөpдү көрсөтүү үчүн бюджетти караганда эле мугалим, врач деп каласыңар. Акчаны айыл чарбасы менен өнөр жайды өнүктүрүүгө жумшасаңар! Ошондо "кара чапан" да, силер да "тоёт" элеңер.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)