Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:10

Экономика

Кытайдын курту кыргызды курутабы?

Кытайдан келген 800 тонна ун курттап, темир калдыктарына толгонун орусиялык адистер тастыктады.Айыл чарба министрлигинин экспертиза борборунун башчысы Жолон Омкеев бул боюнча “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +

-Жолон мырза, Кытайдан алынып келинген 18 вагон ундан ден соолукка зыян дан курттары жана меламин чыкты деген шектенүү менен Орусияга жиберилген унда мите курттун 8 түрү чыкты деген маалымат пайда болду. Анын чындыгы барбы? Ал эмне деген курттар, эмне үчүн зыян?

 

-Туура, өсүмдүктөргө тыюу салуу боюнча Орусиядагы илимий изилдөө институтундагы текшерүүнүн жыйынтыгын алдык. Анда Кытайдан алынып келген ундан зыяндуу курттардын 8 түрү бар экендиги тастыкталды. Ал эми Айыл, суу чарба министрлигинин адистери текшергенде курттун 11 түрү табылган болчу. Андан тышкары Орусиядан алынган дагы бир текшерүү ун белгисиз заттар жана темирдин калдыктары менен булганган деген жыйынтык чыгарышкан экен. Эми бул унду газ менен тазалап, андан кийин элеп туруп жаңы мүшөктөргө салыш керек. Ошентип курттан тазаласак болот. Бирок, азыр сыртта суук болгондуктан  унду газ аркылуу өткөрүп, тазалоого мүмкүн эмес. Ошон үчүн жай мезгилин күтүү керек.

 

-Ал эмне деген курттар жана эмне үчүн ден соолукка зыян?

 

-Унда кандай курт болсо да ден соолукка зыян. Бир курт табылса эле ал жердеги ундун баарына тарап кетет. Биздин адистер талаа клоду, үйдө тери жегич деген курттун 3 түрү, килем жегич, мавритандык козяка, данды аралагыч, долгоносик, алабула трогодерма,кампанын түштүктүк огневкасы,тегирмендеги огневка деген курттарды табышкан эле. Ушулардын баары бар экендигин орусиялык адистер да тастыкташты.

 

 

-Эми азыр 18 вагон же 804 тонна ун кайда? Мындан ары пайдаланылабы, жок кылынабы же сиз айткандай кайра тазалоодон өтөбү? Адистер кандай чечимге келип, кандай сунуштарды берип жатасыздар?

 

-Он сегиз вагон ундун 2 вагону түшүрүлгөн. Он алты вагону ошол бойдон эле түшүрүлбөй турат. Айыл, суу чарба министри баш болгон адистер 11-ноябрда  аны барып көрүшүп, Кара-Балта дан азык ишканасынын имаратынын сыртына гана түшүрсө болот деген чечим кабыл алынды. Демек, ошол жерден өзүнчө жабык  бир жай таап, ошол жерге түшүрүп, анан кайра тазалоодон өткөрүү керек.

 

-Эми ал курттар башка жакка тарап кетпейби? Ал ундан жасалган нанды жеген адамдын ден соолугуна кандай зыян келет?

 

-Азыр тарап кетпейт. Анткени, азыр аба ырайы суук.Суук мезгилде бул курттар уйкуга кирип кетишет.Биз болсо ун элге тарап кетпесин деп болгон аракетибизди жасап жатабыз.  

 

-Чет өлкөдөн келип жаткан азык-түлүктөр алдын-ала текшерилбейби? Эмне үчүн ушундай кенебестикке жол берилди? Мындан ары азык-түлүктөрдүн сапатын текшерүү күчөтүлөбү?

 

- Айыл, суу чарба министрлиги жана өкмөттүн башка мекемелери көзөмөлдук кылып жаткандыгын ушул ун текшерилип, анда зыяндуу курттар жана башка заттар бар экендигинин аныкталгандыгы далилдеп турат. Мындан кийин да көп чара көрүлөт болуш керек. Ал эми өзүбүздүн ишти жакшыртуу үчүн атайын лабораториялар, химилык текшерүү жүргүзүүчү лаборатория зарыл. Ошондо өлкөгө кирип жаткан азык-түлүктү текшерип, өз убагында пайдаланууга болор-болбосу тууралуу жыйынтыктарды тез берип турганга шарт болор эле.

 

-Эми ал унду алып келген мекеме жетекчилер жоопко тартылат деген ишеним барбы? Элдин саламаттыгына зыян келтирген ушундай учурларда мыйзам боюнча кандай жаза берилет?

 

-Кытайдан келген унда зыянкечтер бар экендиги аныкталгандан кийин Каржы полициясы тиешелүү адамдарга карата кылмыш ишин ачты. Эми аны аягына чыгаруу каржы полициясынын милдети. Ал тууралуу мен эч нерсе айта албайм.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айгул Айтбай кызы каяктан: Ош шаары
14.11.2008 14:53
Менин жеке пикирим боюнча, Кытайдан келген унду мамлекетине кайтарып берүү зарыл. Анткени кандай гана курт болбосун эрте жазда ойгонуп, личинкаларын тарата баштайт. Жер кыртышына жашырынган курт биздин мамлекетте айыл чарба министирлиги уктап жаткан учурда жөп- жөнөкөй жол менен эле таркалып кетүүсү мүмкүн. Ал биздин мамлекет үчүн өтө коркунучтуу жана орду толгус зыянды алып келиши мүмкун. Учурда айыл жерегесиндеги дыйкандар буга чейинки курттардан кутула албай, канчалаган чыгымдарга дуушар болууда. Ошондуктан вагондон жуктү түшүрүү кажетсиз, вагон менен артка кайтаруу керек!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)