Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:12

Кыргызстан

Чоң кыргыз, уругуң ким, урууң ким?

Кыргызстан системалык кризистен кутулуп чыгыш үчүн өзүнүн улуттук уңгусуна кайрылып, башкаруу философиясын өзгөртүшү керек. Ушундай идеяны биртоп кыргыз интеллигенттери колдоп, уруучулдукка жаңы өң-түс берүү аракети башталууда.

Кадыр Кошалиев менен Бердибек Жумабаев "Азаттыктын" студиясында
x
Кадыр Кошалиев менен Бердибек Жумабаев "Азаттыктын" студиясында
Текст көлөмү - +

Мамлекеттик башкаруу принцибин уруулук негизге өткөрүү идеясынын авторлору: Бишкек адам таануу аалымканасынын жетекчиси Кадыр Кошалиев, философия илим кандидаты Бердибек Жумабаев менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиевдин талкуусун угуңуздар. Жаңы идея тууралуу парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов өз пикирин билдирди.

- Кадыр мырза, азыркы Кыргызстандын башкаруу системасындагы түзүлгөн жагдайды сиз кандай деп баалайт элеңиз?


 

 
 

Кадыр Кошалиев: - Менин жеке баамымда  бул жерде коомдук-саясий, руханий-экономикалык туташ кризис жүрүп жатат деп ойлйом.  Чынын айтканда, биз 70 жыл эмес, 1,5 кылым орусташтыруу саясатында болдук.  Алтай доорун кошкондо элибиз 3 кылымдан бери башка элдин идеологиясы менен жашап келе жатат. Эгемендикке ээ болгон күндөн тартып биз кыргыздын жан табиятына туура келген идеологияны табышыбыз керек болчу.  Ошого жараша билим берүү системасын, коом түзүү, башкаруу системасын кыргыздын кылым карытып келаткан жолунан, ата-бабалардан келаткан нарктуу, барктуу дөөлөттөрдүн ичинен издешибиз керек эле. Бирок кеч болсо да биз ушуга кайттык, кайтабыз.  Андан башка жолубуз жок. Коммунизм идеясына барабыз деп орус империясынын кол алдында жашоо кечирдик. Анда өзүнчө максат болчу. Андан кийинки он-онбеш жылдан бери биз батышчыл идеология менен баратабыз. Демократия, гендердик саясат, сөз эркиндиги дегендин баары батышчыл идея. Мен ойлойм , мисалы, аксакалдык институтту орнотсок, оң, сол, ичкилик - үч уруу, үч тайпаны башкаруу структурасы үчүн калыптандырсак,  элдик курултай институтун кайра алып келсек, элди  шайлоодо эле пайдаланбай, бийлик жүргүзүүдө көзөмөл жүргүзчү күчкө айландыра алсак, ошондо коомдо адилеттик болот. Болбосо ушундай башаламандык улана берет.

 

- Бердибек мырза, бул жерде аксакалдар институту жөнүндө кеп болуп кетти. Маселен Түркмөнстанда ал авторитардык режимдин камчысын чаап, ошонун кызматын кылып келатат. Бизде деле ошондой болушу мүмкүнбү?

 

Бердибек Жумабаев: - Кыргыздарда андай борлушу мүмкүн эмес. Анткени кыргыздарда улуттук калыптануу, өз дүйнө таанымын аңдоо миңдеген жылдардан бери келатат. Бул Азиядагы белгилүү эл. Өзүнүн философиясы, дүйнө таанымы бар. Аны биз китеп кылып жаздык. Жакында чыгат.  Буга кызыккан жаштар бар экен. Алар окуп жатышат. Биздин баалуулуктарыбызды башка элдер да пайдаланган экен. Аны өзүбүз жакшы пайдалана албай келатабыз. Анын себеби биз 1293-жылдан бери мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калганбыз.  Ошондон бери тигинин колтугунда, мунун жанында жашап келатабыз.  Азыркы кризистин бир себеби элдин кайдыгерлигинде. Жогортон баштап бермейин күтүп олтура берет. Эми биз да ойгоно баштадык. Өзүбүздүн жолубузду тапсак, түптүү жолубузга түшсөк, өзүбүздүн философиябызга түшсөк. Өзүбүздүн илимибиз, эсептөө системабыз болгон экен. Ошону жазып жатабыз.  Антсек биз жаңылбайбыз. Анткени биздики ырааттуу башкаруу болгон.

 

- Сиздердин башкаруу философиясы дегениңиздерге түшүнбөй жатам. Демократияны да танган, социализмди да танган бул өзү кандай система? Улуттук өзүнө-өзү келүү деген бул мурдагыдай уруу боюнча өз алдынча жашоо, артка кайтуу эмеспи? Же сиздер кайра феодалдык жашоого үгүттөгөнү жатасыздарбы?

 

Кадыр Кошалиев: - Кызык суроо болду. Ливиянын президенти Муаммар Каддафинин “Үчүнчү жол” деген жашыл китеби бар. Ошондо  капитализм менен социализмдин кемчиликтерин белгилеп үчүнчү жолдун теориясын берген.  Көрсө Ливияда 7 уруу эл жашайт экен, бизге окшош жагы ошол.  Анан ал мындай деп далилдеп жатпайбы. “Башкаруучулар эл бийлиги деген менен элди бийликке катыштырбайт. Бийликти эл өзү шайлап, башкарууга өзү катышмайын, өзүнүн үнү угулмайын элдик бийлик деп айтпаш керек” дейт.  Анын мисалы боюнча адамзатка караганда улут уюмдашкан, улутка караганда уруу биримдешкен,  ынтымак. Урууга караганда урук бекем. Андан үй-бүлөгө келебиз. Үй-бүлө өзү бекем уюм. Бул жок жерден теория чыгаруу эмес. Кыргыздын өзү кырк уруу эл. Манас бабабыз ошол 40 уруу элди бириктирип, алты кандыктын башын кошуп, улуу каганатты түптөгөн.

 

“Уруучулук саркынды, өткөндүн калдыгы” дегенине карабастан уруучулдук жашап келди. Көп иштерде, жакшылык-жамандыкта уруучулдук, туугандашуу кыргызда оң натыйжасын эле берип келатат. Анан  эмне үчүн аны ачыкка чыгарып, азыркы заманга ылайыктап иштеп чыгып, ошол аксакалдык  түшүнүктү калыптап, анан оң, сол, ичкиликтин милдетин тактап,  муну калыс адилет чечүүгө мүмкүн болбосун? Мунун баары ойдон чыгарылган эмес.  Бул бар нерсе.

 

- Бердибек мырза, сиздер айтып аткан уруулук институт иштеп кетсе Кыргызстанда жашаган башка улуттардын тагдыры кандай болот? 

 


 

Бердибек Жумабаев: - Биздин жанатан бери айтып жаткан улуттук дүйнө таанымдарыбыз Азия элдеринин баарысына эле таандык болгон десем жарашат.  Булар көбүн сиңирип калган. Биздин баалуулуктарыбыз буларга чоочун эмес.  Жаңы Конституцияга жаңы пункттарды кошушубуз керек.  Улуттар ортосундагы аркыл мамилелер бар. Андайда маселе башкача чечилиш керек.

 

- Кандайча чечилиш керек?

 

Кадыр Кошалиев: - Айталы, башка улуттар үчүн элдик курултай болсо аларга квота бөлүп коюш керек.  Мисалы, 10%, жетет ошол. Депутаттыкка деле. Санын карап  туруп эле бөлүп коюш керек.

 

- Кадыр мырза, уруулардын бөлүштүрүлүшү кандай чен-өлчөм менен жүзөгө ашырылат. Маңдайына жазып албагандан кийин, анан да бир жерде аркыл уруунун өкүлдөрү жашашса, кантип бөлүнөт?

 

Кадыр Кошалиев: - Мына бир мисал. Кытай деген уруу бар. Чыңгыз Айтматов да ошондон. Мындан беш жыл мурун алар курултай өткөрүштү. Андан кийин да чогулушту. Кыргызстандын бардык жеринде, түндүгүндө, түштүгүндө, батышында, чыгышында.  Түндүк-түштүк деген ичара бөлүнмөй кытайдын ичинде жоюлду. Ушул багыт менен кетсек, кыргыздын мына ушул түндүк-түштүк проблемасын да жойсок болот.  Жоокердик учурда иштетилген ушул өзгөчөлүктү азыркы мезгилде саясий деңгээлде да колдонсок болот. Үчилтик философия эң күчтүү идея.

 

- Бердибек мырза, мына ушул сиздердин идея, учурунда курултай институту да козголуп бирок колдоо таппай калган. Сиздердин мына ушул экзотикалык идеяңыздар көпчүлүк алдында колдоо таап кете аларына ишене аласызбы? 

 

Бердибек Жумабаев: - Биздин кыргыздарда эч бир улутту кодулоо деген болгон эмес. Мына Өзбекстанда ал болду.

 

- Кадыр мырза, уруулук институт боюнча башкаруу жагы кандай болот? Президент кимден шайланат, өкмөт кимден шайланат?

 

Кадыр Кошалиев: -  Бул жерде демократиянын кыргызча адилет формасы жашап турат, жашап келген.  Оң, сол, ичкилик өздөрүнүн үч талапкерин сунуштайт. Алар өздөрүнүн программасы менен  эл алдында сыноодон өткөндөн кийин шайлоого келгенде эл өз эрки менен тандаганын шайлап алат. Үч канаттын өзүнүн укуктары болот. Анан мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүдө бийликтин бутактары бир тайпада калып калбаш керек. Президент оңдон болсо, спикер солдон,  Жогорку сот ичкиликтен болушу мүмкүн. Ушундай кылып тең салмактуу каралышы керек идея боюнча.

 

- Бирок бул жерде талапкердин кесиптик камылгасы, деңгээли эсепке алынбай калып жатпайбы.    

 

Кадыр Кошалиев: - Мен буга мындай жооп берет элем. Ар бир уруу өзүнүн уул-кыздарын сунуш кылууда аябай ойлонушат. Бүтүндөй бир элди уят кылбаш үчүн. Ошол жерге татыктуу уул-кыздарын сунуштайт. Бул биринчи тепкич.  Экинчи сол, оң, ичкиликтин деңгээлине жеткиче дагы терилет. Андан кийин  чыгаандары гана калат. Ошондо да эл керегине жарап иштей албаса “уят кылдың” деп эл өзү эле чакырып алат.

 

- Бердибек мырза, кийинки жылдары айыл-айылда урууга бөлүнүүчүлүк аябай күчөп кетти. Мынабу сиздердин идея ошол ажырымды дагы күчөтүп ийиш коркунучу барбы?

 

Бердибек Жумабаев: - Менимче, жок. Бул жерде кыргыздар кылымдап жашап келген ыңгайына кайтып келет. Кыргыздарда эч качан ажырашуу болбойт.  Бул убактылуу бир силкинүү гана.

 

Кадыр Кошалиев: - Бөлүнүп такташып алмайын биригүү жок, деген философиянын мыйзамы бар.

 

- Кадыр мырза, Кыргызстан жаманбы-жакшыбы демократиялуу өлкө куруунун аракетинде. Сиздердин идея өлкөнү көп жылдарга артка тартпайбы?

 

Кадыр Кошалиев: -  Мындай кооптонуу бар. Бирок биз ушул ойго келгенге чейин биртоп убакыт бою жабык эшик артында талкуулар болду.  Мына кыркка жакын киши катышкан талкуудан келатабыз. Алардын баары муну “керек, тек элибиз мындан бираз окчундап кетти,  эми аны элибиздин көңүлүнө орното алабызбы” деген суроо көп болду. Бул кыргыздын канында жашап келатат.  Аны мезгилге ылайыктап, укуктук негизде кайра иштеп,  алып келсе бул өзү иштеп берет. Кыргыз өзүнүн тегин билип, жолун тактап алышы үчүн да ушул идея керек.

 

- Бердибек мырза, бул ишке ашып кетсе Кыргызстан кандай деп аталат? Республика болобу же уруулар союзу болобу?

 

Бердибек Жумабаев:  - Байыртан эл деп айтышкан.  Өзүн-өзү иреттей алганды эл дешкен. Биз анда Кыргыз элдик республикасы деп эсептелинебиз.  

 

- Кадыр мырза, бул экзотикалык идея мурунку курултай идеясы сындуу эле калып калышы мүмкүнбү?

 

Кадыр Кошалиев: - Мүмкүн беш-он жыл чайпалар. Бирок түбүндө кыргыз өзүнүн жолу менен гана өнүгө тургандыгын, туура жолду тапмайын ушинтип чайнала берет. Жолду канчалык эрте тапсак биз мынабу системалык кризистен эртерээк чыгабыз. Мына биз суунун башыбыз, энергетикалык өлкөбүз. Суубуз жок, электрибиз күндө өчүп жатат. Муну көзөмөлдөгөн эл кайда?  Анын рычагы жок. Биздин система ишке кире турган болсо С.Балкыбековдун өзүнүн туугандары эле чакырып алмак. “Сага ким койду ал жерге барып элди окутканды” деп. Элге кызмат кылыш керек.

 

- Бердибек мырза, азыркы системадан сиздер сунуш кылчу система мыктыбы? Ал орносо жарык өчпөй, суу жетип, баары чечилип калабы?

 

Бердибек Жумабаев: - Азыркы кризистин чыгып жатканы элдин кайдыгерлигинен. Эмне үчүн алар кайдыгер? Анткени башчылары  таптакыр башка жактан алынып келинип коюлуп жатса. Эл өзү шайлабай жатса.  Шайлоосу жасалма болуп жатса эл кайдыгер болбой эмне болот?

 

- Кадыр мырза, идеяны ишке ашыруунун жолдору кандай болгону турат?

 

Кадыр Кошалиев: - Бүгүнкү жыйында окумуштуу, адистерден турган билгилер тобу кайрылууну, программаны иштеп чыга турган болуп жатат.  Сиздер айтып жатпайсыздарбы, уруулукка жамынып алыптыр, бул артка кайтуу деп. Бул артка кайтуу эмес, бул баарысы ширелген жол.

 

 Кыргыз интеллигенциясынын мына ушул идеясы тууралуу пикирин сурап парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовго кайрылдык.

 

Бакыт Бешимов: -  Бул болсо аргасыздан айтылып аткан ойлор. Эмне үчүн дегенде  18 жылдан бери биз түзгөн жалпы бийликке нааразы эле болуп келатабыз.  Кыргызстан эгемендүүлүгүн кеңейтип, экономикасын келечектүү кыла албады. Ошондон эле чыккан ой.  А бирок уруулукка таянып бийлик түзөбүз деш менин оюмча, эскиче көз караш. Себеп дегенде, биз муну орто кылымда эле өтүп кеткенбиз. Эми ошого негизденип бийлик түзөбүз десек, кыргыз элин мындан да оор абалга учуратып алабыз.


 

 

- Ушуну менен талкуубуз соңуна чыкты. Ишиңиздерге ийгилик болсун, мырзалар!

 

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: айтпайм каяктан: Кыргызстан
21.11.2008 03:20
Жакшы пикир экен. Ошентип миндеген кылым жашап келгенбиз да. Мисалы, дээрлик мин жыл мурун азиядагы гегомониябызды ушундай башкаруу системадан улам курганбыз да. Бирок, азыркы учурда, муну санжыраны, салтты жакшы билген адамдарга кайрылып тузуш керек. Болбосо чыр чатагы бүтпөйт. Мен ойлойм ошентип гана өнүгөбүз, учурдагы заманага жараша кадам шилтейбиз деп. Мисалы жаны технология иштете баштасак жаманбы, же болбосо биз деле космос изилдөөлөрүн кыла баштасак сонун эмеспи. Башка жагынан караганда Алтай, Саян тоолорунда, Сибирде жашаган туугандарыбыз бар - хакастар, тувалар, шорлор ж.б. Алар деле илгерки Кыргыздын кырк уруусуна кирген. Балким 100 жылдан кийин аларды кошуп байыркы Кыргыз Каганатын курабызбы айтор. Буюрса болот, ар бир идея аракет менен башталат. Болбосо биздин элди башка чаап айдабасаң, тарап кетет койдой. Бироо баптист, бирөө сатанист, бирөө дагы бирдемеист.

кимден: KYRGYZ каяктан: Kipr
20.11.2008 07:43
Tunduk Tushtuk maselesin chechealbay jatkanda on sol ichkilikti kantip bashkaraalabiz.Anda kayra bitirandilik jana taraptardik kuch alat dep oyloym.Eldin ubalin, kelechegin oylogon KYRGYZ jarandarin paydalanuunu oylogonuzbuz on go.

кимден: Мамбеттурду каяктан: Үрүмчү
18.11.2008 10:43
Он канча жылдын алдында кыргыз идиологиясы боюнча илимий изилдөөлөр башталган болчу. Азырга чейин деле көп сунуштар айтылып келген. Мындан кийинки изилдөөлөрдүн бардыгы мурункунун уландысы болушу керек. Үч чоң урууну бирдик кылып лидер тандоо айтканга оңой. Бир адамдын жетилип чыгуусу уруу же жерине байланыштуу эмес. Анын лидерлигин эл алдында жасаган жумуштары, акылы, адамдыгы, кыраакылыгы, билими... айтор жалпы ички дүйнөсү белгилейт. Ошондой адамдар бар. Тек кана ошондой адамдарды тандап алуу керек. Уруусуна жана жерине карай адам издөө - коомдун балалыгы.

кимден: tooluk каяктан: bishkek
18.11.2008 04:45
Bul oigo taptakyr koshulbaim.Ar bir adam ozunun uruusun bilse jaman emes, birok myndai bolushturunun ayagy jaman butot.

кимден: mumkun каяктан: emes
17.11.2008 16:35
absolutely not. kantip ele 3 sekretar bolsun...

кимден: Кыргыз каяктан: Өзгөн
17.11.2008 11:35
Chynynda Kyrgyzstanda ushundai bir problema bar . Azyrky chygyp jatkan okuyalarda ushuga baylanishtuu. Menin oyumcha bul bir chechuuchu jol bolushu mumkun dep oyloym. Misali President sol kanattan, on kanattan premer ministrden ekoonu kilip eki kanattan koyup koyush kerek . Vot oshondo ishteyt bizdikiler. 3 kanattan 3 sekratar shaylap koyush kerek . Ishi kilip ushundai bir jol tabish kerektigine men koshulamin . Bolboso bayagi ele KOkon handigi bolo berebiz. Itak Kyrgyzdar omur boyu Kokon handigin oshonduktan chaap janin chigargan

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)