Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:12

Саясат

Апта тизмек: Кандуу калабанын иликтениши

Өтүп бара жаткан апта июнь айындагы кандуу калабаны иликтеген тараптардын алдын ала жыйынтыктарын жарыялоо иш-чаралары менен башталды. Жума аягы президент Отунбаеванын ЖККУнун Еревандагы саммитине барышы менен толукталды.

Улуттук комиссия мүчөлөрү Ошто
Текст көлөмү - +
Жуманын башында Human Rights Watch эл аралык адам укугун коргоо уюму Кыргызстандын түштүгүндө болгон, кандуу коогалаң боюнча баяндамасын жарыялады. Баяндамада иликтөө кайсы бир тараптардын күнөөсүн издөөгө эмес, чатакты жайгаруудагы мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө багытталгандыгы эскертилген.

Күч түзүмдөрүнүн күнөөсү канчалык?

Анда чатакташкан тараптарды басууда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн алсыздыгы жана бир жактуулугу ачык байкалгандыгы жазылат.

Оштогу кан тополоң күндөр
Изилдөөнүн авторлорунун бири Уля Солвонг улуттук азчылык өкүлдөрү жашаган аймактардын коргонуусун бузуп кирүүдө аскер техникасын колдонууга жол берилген учурларды мисал келтирди:

- Негизинен, он экинчи июндан баштап өзбек кварталдарынын коргонуу тосмолорун бузууда белгисиз адамдар БТР жана БМП сыяктуу аскер техникасын колдонгон учурлар болуптур. Муну менен алардын артынан каптап кирген сүрмө топтун чабуул коюушуна шарт түзүлүп калган учурлар болгон. Биз тиешелүү аскер жетекчилери менен сүйлөшкөндө алар чындыгында эле аскер техникасын тартып алган жарандар тобу аны бир күн бою алып жүрүшкөндүгүн айтышкан болчу.

Буга удаалаш эле, коогалаңды иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев, маалымат жыйынын өткөрүп, анда чогултулган материалдардын негизиндеги, алгачкы алдын-ала жыйынтыктарды чыгарды. Абдыганы Эркебаев этникалык кагылыштын башталышына экс-депутаттар Кадыржан Батыровдун, Иномжан Абдрасуловдун жана Жалалиддин Салахуддиновдун катыштыгы болгон деп белгилеп, ошол эле учурда күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлдөй алган эмес деген бүтүмгө кошула тургандыгын айтты:

- Бул ишти уюштургандар өзбек туугандардын лидерлери болуп калды. Анан кыргыз туугандар бул нерсеге жооп кылып коюшту. Бул нерсе бүгүнкү күндө ачык айкын десек болот. Айрым аскердик бөлүктөрдүн, алардын командирлеринин жана ички иштер органдарынын да күнөөсү бар. Куралды тарттырып жиберишкен. Антпеш керек эле. Ал куралдарды бүт дүйнө көрдү, бүт БТРге минип алып көчөдө эл жүрдү. Ушундай мыйзамсыздык болуп кетти.

Ош, Жалал-Абад аймактарындагы июнь айында болуп өткөн, кандуу окуяларды иликтөө боюнча улуттук комиссия Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен түзүлгөн. Анын курамы отуз алты адамдан туруп, ага орус, дунган, кыргыз жана өзбек тектүү, коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү киргизилген. Аталган комиссия иликтөө иштеринин биринчи бөлүгүн аяктады.

Улуттук комиссиядагы эки ача пикирлер

Комиссиянын айрым мүчөлөрү иликтөө толук аягына чыга электе, анын айрым жагдайларынын төрага тарабынан жарыяланып кетишин айыптап чыгышты. Анткени башында жалпы жобо аркылуу бир бүтүмгө келгенге чейин, мындай аракеттерге тыйуу салуу жагы макулдашылган.

Улуттук комиссиянын мүчөсү Бахтияр Фаттахов төрага Абдыганы Эркебаевдин өзбек тектүү лидерлер калабанын башында турган деп айтканы, анын жеке пикири жана муну жалпы комиссиянын чечими катары кароого болбойт деп эсептейт:

- Мен өзүм уккан жокмун. Бирок ошондой болду деп айтышты. Бирок улуттук комиссиянын жыйынтыгын бардыгыбыз бир бүтүмгө келгенден кийин гана жарыялайбыз деп сүйлөшкөн болчубуз. Мына ошондуктан ал жагдай боюнча бул толук комиссиянын оюу эмес. Бул Абдыганы Эркебаевдин өзүнүн жеке пикири. Биз комиссияда кандайдыр бир маалымат берсек, чогулуп талкууга алып, кеңешип туруп анан жарыялайбыз деп. Ошондуктан бул төраганын сөзү жалпы комиссиянын атынан жарыяланды дегендикке жатпайт.


Окуялардын тизмектелиши окшош

Кагылышуунун кантип, кайсыл жерден башталгандыгы жана кандайча өнүккөндүгү боюнча окуялардын тизмегинин расмий тутуму Human Rights Watch уюмунун версиясы менен дал келет. Эки тараптын тең ырастоосунда этникалык кагылышуу июндун онунан он бирине караган түнү, казинодо чыккан жөн салды чатактын кесепетинен башталгандыгы айтылат.
 
Изилдөөчү Уля Солванг алгач өзбек тектүү жарандар “Алай” мейманканасынын айланасына чогулушуп, андан ары карай, шаардын ар кайсы тарабында баш аламандыктар башталып, окуялар курч мүнөздө өнүгүп кеткендигине токтолду.

- Ошол түнү шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө адамдар көчөгө чыгышып, уруш-талаш, кол салуу, өрттө аракеттери башталып кеткен. Эки тараптан тең жабырлануучулар болгон. Бирок бизге түшкөн маалыматка караганда, бул түнү көбүнчө кыргыз тектүү жарандар арасында жоготуулар көп катталган. Ошол эле учурда шаарга жакын райондордо кыргыздар боюнча көбүртүп жабыртылган ушактар дагы таркалып, адамдардын канын кызыткан.


Жаңжалдан кийин...

Ошол эле учурда баяндамада жаңжалдан кийинки абалга баа берилип, мыйзамсыз камоолор жана күч колдонуу менен моюнга алдыруу өнөкөттөрү жергиликтүү укук коргоо органдарынын күндөлүк ишине айлангандыгы айтылат. Изидөөчүлөр мындай жагдай окуяга эч кандай катышы жок өзбек тектүү жарандарда бийликке ишенбөөчүлүктү жана тымызын каршылыкты жаратышы мүмкүн деп тынчсызданышат. Human Rights Watch уюмунун изилдөөчүсү Андреа Берг көпчүлүк учурларда бейкүнөө адамдар милициянын зомбулугунун курмандыгы болуп жатышкандыгына токтолду:

- Мыйзамсыз камоолор өтө көп орун алган. Мисал үчүн, Оштун четиндеги Шарк айылындагы имамдын орун басарын үйүндөгүлөргө билгизбей эле мечиттен кармап кетишкен. Анын кандай негиз же шектенүү менен  камалгандыгын дагы ачык айтып беришкен  эмес. Анан аялдар барып, арызданып жатып бошотушкандан кийин, анын денесинен ур-токмоктун белгилери табылган. Ушундай нерселер болуп жатат.

Укук коргоочуну ур-токмокко алыштыбы?

Жуманын шаршемби күнү укук коргоочу Азиза Абдрасуловага Ош шаардык мэриясынын алдына коогалаңдын жабырлануучулары тарабынан кол көтөрүү аракети менен коштолду. Белгилүү укук коргоочуну кармап алышкан аялдар аны титулдук этносту каралап жаткан чыккынчы катары айыпташкан. Буга Азиза Абдрасулова Акыйкатчы Турсунбек Акундун сыналгыдан ага байланыштуу айткан чагымчыл сөздөрү себепчи болуп, жабырлануучулардын канын кызыткан деп эсептейт:

-Материал теледен кеткенден кийин эле мага коркутуп-үркүткөн чалуулар келе башташты. Мен өзүм деле көргөн эмес элес. “Эже этият болуңуз сиз тууралуу катуу ушактар тарап жатат деп чалгандар да болду. Анан эле эрте менен мэрияга кирип бара жатсам элүү-алтымыштай аял киши мени тосуп алышып, кол салышты. “Турсунбек Акун айтты сен кыргыздарды жамандап, тыңчылык кылып жатыпсың” дешип тегеректеп алышып, кол көтөрүп жиберишти. Негизинен ошол окуяларда жакындарын жоготкон адамдар экен. Эки саат бою барымтадагы адамдай кармап турушту. Прокуратурадан арыз жазасызбы деп сурашты. Бирок мен аларга тең келбей, алар жакындарын жоготуп кан жутуп жатса, алар мени аябаса дагы мен аларды аяйын деп мага кол көтөргөндөр боюнча да мени, барымтага алышкандыктары боюнча да арыз жазган жокмун.

“Жарымы жалган жарымы чын...”

Анткен менен коогалаң учурунда, айрым укук коргоочулардын маалымат берүүдө аша чапкан учурлары көп болгондугун белгилегендер да аз эмес. Расмий бийлик өкүлдөрү мына ушундай жагдайлар коомдогу туруктуулукту камсыздоого тоскоол болгондугун эскертишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Курсант Асанов коомчулукта укук коргоочуларга карата жакшы эмес пикирлердин жаралышына алардын өздөрүнүн да, салымы бар деген ойдо:

-Азиза эже Абдрасулова Ош коогалаңы башталгандан кийин барган. Кээ бир учурларда эжелер туура эмес маалыматтарды берип жатышкандыгы байкалды. Айрыкча Наримандагы операция боюнча чындыкка коошпогон маалыматтарды берип жиберишкен. Эгерде бизде тынчтык болсун десек, эл ичинде ынтымакчылык калыптансын десек, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күйсөк ушундай маалыматтарды бериш керек беле. Ошондуктан кандай маалымат болсо дагы чын бышыгына жетип туруп анан жарыяласак. Болбосо капа болгон жактар көп болот экен. Азиза эже мага азыркы абалын айтып чалган. Анын өмүрүнө коркунуч бар экендиги анык болсо, бизге арыз менен кайрылсын.

Анткен менен укук коргоочулар шериктештиги кийинки мезгилде аларга карата жүрүп жаткан айрым терс аракеттердин артында мындан “эл душманын издеп” упай топтогусу келген кайсы бир саясий күчтөр турушу мүмкүн деп болжолдошот.

Укук коргоочу Изаттилла Рахматтуллаев мына ошондуктан баш көтөрүп, ачык сүйлөгөн активисттерди коомчулуктун алдында беделин кетирүү жана аларга карата күч колдонуу аракеттери орун алууда деп эсептейт:

- Азыркы учурда ОБОНдо жүргөн аялдар кайсы бир күчтөрдүн саясий буюртмасын аткарып жаткандай болуп жатат. Азыркы күндө мына укук коргоочу Азиза Абдрасуловага ушундай мамиленин болушу жана ошол эле учурда  Абдыманап Халилов деген укук коргоочуну уруп кетишкендиги эмнеден кабар берет. Жарандык коомду бири-бирине кайраштырам деген бир күчтөр бар окшоп турат. Болбосо жөнөкөй эл мынчалыкка барбайт болчу.

Бул апта Кыргызстандагы абал менен таанышып кайтууну каалаган чет элдик расмий өкүлдөрдүн иш сапарлары менен да жык болду. АКШнын улуттук демократия институттунун төрагасынын орун басары Томас Дешл жана Британия парламенттинин өкүлү Боб Стюарт мырзалар Бишкеке келишип, өлкөдө абал бир кыйла жөнгө салына баштагандыгын белгилешти. Аптанын аягы президент Роза Отунбаеванын жамааттык коопсуздук уюмунун Еревандагы саммитине барышы менен жыйынтыкталды. Анда Кыргызстанга мурда убада кылынган аскерий-техникалык жардам көрсөтүү маселеси чечилди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: АЛА-ТОО
24.08.2010 14:30
ПАТРИОТКО: ТЫ прав Жанын козуно корунгондо озунун атыны унутасын SOS деп жазмак турсун (я думаю это был типа план Б, на всякий?..) Сахаба сен эмне деп жатасын?!! Автомат, снайперлер кырып атса сени да корот элем! Эл айла жоктун ишин кылды! Ал эми териштируу боюнча бизге эл аралык уюмдардын кереги жок БЕКА айткандай Ошто 10 жашап кимдин ким экенин билишпейт алар. Информация согушунда биз женилип калдык, кылгылыкты кылып коюп анан бизди дуйно жузуно мыкаачы кылып оздору "татынакай" болуп кала беришти. Фергана.ру , адолат.сом сайттарына кирсенер билесинер! Буга да УО кунолуу!

кимден: sart
23.08.2010 16:51
Akylynar kirbeptir ex Mekendeshterim.

кимден: Кадыр каяктан: Оштон
23.08.2010 12:20
Кыргызым качан жер караган акыбалдан чыгаар экен ? Дагы эле ким эмне деп коёт деп же башкалар эмне дейт деп башкалардын пикири менен эсептешип журо беребизби , качанкыга чейин ? Кыргыздар бул акыбалды "жер коздук" деп коёт. Куноолуулор булар биздин бийликтин жана Кыргыз элинин жооштугуна кутурган , козун май баскандардын кылганы айдан ачык .

кимден: Илхом каяктан: ош
23.08.2010 12:10
Албетте мен Бекага кошулам. Кандуу тополонду ким баштаганы, аны ким каржылаганы деле баарына маалым. Кандуу тополонду албетте озбектер баштаган. Алар бул нерсеге абдан тыкан, так, коптогон жылдар даярданышкан. Бирок тилекке каршы алар максатына жетпей калдыю Бул жерде мен кыргыз элиме абдан ыраазымын жана кыгылышта курман болгон кыргыз баатырларына терен ыраазычылыгымды билдирем.Батыров жана башкалар качып кетишти, бирок аларды кармап олум жасасын бериш керек. алардын айынан канча адам курман болду. Ал эми чет элдик уюмдар коогалан баштала электе эле Ошко келе башташкан. Абдан коп келген.
А озбектер 10-июнга чейин эле Оштон, Жалал-Абаддан кете башташкан. Мисалы менин кошуналарым, баары озбектер, 8-июнда эле уйлорун култтап, озбекистанга кетишкен. Илхом Ходжаев. Ош.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
23.08.2010 11:52
Карап корсок 1991 жылдан бери канчалаган премьер министрлер, губерноторлор канчалаган мэрлер алмашты бирок бир Оштун Мэрин алмаштыра албагандай кийин томонку тушунук тура десек болот.

Убактылуу окмот алсыз же Мелисти эл аябай колдойт.

Медведев менен суйлошкондо Отунбаева жаш баладай жалтанып, Медведевди суйуп калгандай козун ала качып, жетим баладай мундуу суйлоду, улуттук лидер мындай болбош керек.
Жараткан кыргыз элиме стабилдуулукту берсин!


кимден: Алмазбек каяктан: Орусия, Екатеринбург
23.08.2010 11:11
Иликтоо жараяны бир беткей эмес, ар тараптуу иликтенсе гана анын натыйжаларына ишенууго болот. Бирок чет элдик иликтоочулорго ишенуу кыйын го деп ойлойм.

кимден: ПАТРИОТ
23.08.2010 10:57
мен бир нерсеге тан калам, эмне учун озбек кварталдарында "SOS" деген создор тамынын башынан баштап баскан кочолоруно чейин турат. Тополон учурунда элдердин антип жазмак тугул жанын алып качып жатышты го ал эми согуш башталгандан экинчи куну эле Озбекстандын чек арасында болуп калышкан озбек туугандардын кантип эле ушунча жерге жазышка улгурушконуно тан калам. Мен бул нерсенин алдын ала даярдалганына 100% кошулам.

кимден: Сахаба каяктан: Баткен
23.08.2010 09:49
Текшерсе, текшербесе деле кимдер баштагандыгы айдан ачык болуп турбайбы. Кыргыздар аскер кучторунун куралын тартып алышкан деген эмне соз...

кимден: Алик каяктан: Ош
23.08.2010 09:46
Бул коогаланды ким баштаганын баарына маалым.
Азыр маселе бул эки тараптуу кучтордун артында чет жактан ким турганын аныктоо зарыл.
Эмне себептен чет элдик журналистер тополон башталарга жакын эле Ошко келе башташкан.
Бул маселе эч бир жерде каралбай жатат.
Опозиция кучтору бул окуяны убактылуу окмотко каршы
пияр катары колдонушуп жатышат. Буга далил Оштун мери.

кимден: Жигит каяктан: Ош
23.08.2010 08:38
Абдыганы Эркебаевич чечимди туура чыгарды.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)