Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:24

Саясат

Таластан Элдик курултайга беш миңден ашык адам барат

Таласта «Ата мекен» партиясынын кеңсесинде өткөн жыйында 17-мартта Бишкекте боло турган Элдик курултайга катышуу жөнүндө маселе талкууланды.

Таластагы оппозициялык жыйындардан бир көрүнүш.
x
Таластагы оппозициялык жыйындардан бир көрүнүш.
Текст көлөмү - +
Эл эксплуатация болуп калдык. Бир оппозициясында, бир бийлигине басылабыз. Эл дегенди эзип бүтүштү оппозициясы да, бийлиги да”.

Мына ушундай пикирлерин Талас шаарындагы «Ата мекен» партиясынын кеңсесине чогулган айрым оппозициячыл лидерлер, бийликке жана республикада баштары көрүнгөн оппозиция башчыларына нааразылык ойлорун билдирип, буктарын чыгарып жатышты.

Ар кимиңер эле өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарды карайсыңар, анан кантип элди ээрчитесиңер”?-деп каршы пикирлер да айтылып жатты.

Бул жыйынга жаштар да катышып, сөз сүйлөшүп, «азыркы бийлик жаштарды маңкурттукка алып баратат» деген ойлорун билдиришти:

-Мектепте окуучулар билим албай эле чыгып атат. Мисалы биздин айылдын мектебинде 90 пайыз сабак өтүлбойт. Лидерлер ойгонбосо, эл кантип ойгонот? Азыр мисалы Текебаевди, Шерниязовду чакырабыз деп атат, алар ким, биз кимбиз? Биз деле алардай адамбыз. Биз аларга ишенбесек, анда өзүбүз ойгонуп чыгалы, - дейт Талас шаарынын тургуну Азиз.

Талас шаарынын тургуну пенсиядагы Каныш Бейшеналиева азыркы бийлик башчыларына ишенбегендей эле оппозиция лидерлерине да ишенбестигин “Азаттыкка” айтып, бийлик алмашаарына көзү жетпейт:

-Колдоп атабыз Текебаевди. Бирок менимче анын физикалык күчү жетпей атат.

Ошондой болсо да «Ата мекен» партиясынын Талас району боюнча лидери Талайбек Исмаилов аталган жыйын бул чоң ыңкылаптын башталышы деп таластыктар Нарын, Алайдагы бийликке каршы чыгып жаткан элдерди колдоорун билдирди:

-Нарындыктар, башка облустардын элдери көтөрүлүп чыгып атат. Биз дагы таластыктар көтөрүлүп чыгып, өз талабыбызды талашпасак, бул бийлик эллин ойлоюн деген максаты көрүнбөйт. Көчөдө элдин баары эле кантип жашайбыз деп кейип атат.

Атамекенчилердин жыйынына облус боюнча 30дан ашык оппозиция лидерлери катышып, алар жер жерлерде элдерге азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге элдерди 17-мартта Бишкекте боло турган курултайга үндөй турган болушту. Оппозициячылардын айтымында Таластан элдик курултайга 5 миңден ашык адам барат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Осон Чоконов каяктан: Ростов
11.03.2010 21:03
Алай,Аксы,Талас,Нарындыктар алга! Өзгөн эли сиздер менен! Бириккиле бүтүн кыргыз!

кимден: Осон Чоконов каяктан: Ростов
11.03.2010 20:06
Алай, Аксы, Талас, Нарындыктар алга! Озгон эли сиздер менен! Бакиевдерди акаевдин артынан кубалабасак Кыргызстанды курута турган болду. Бириккиле бутун кыргыз!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.03.2010 18:53
А.БЕКНАЗАРОВТУ ЭМНЕ УЧУН КОЛДООГО БОЛБОСУН,ЭЛ СЫНЫНАН ОТКОН ЖИГИТ,О.ТЕКЕБАЕВТИ ДЕЛЕ КОЛДОШ КЕРЕК,ОТКУР,ТАЗА САЯСАТЧЫ.БИРОК ОШОНДОЙ БОЛСО ДА АК ЖАГЫН КОЙО ТУРУП БУК БИЙЛИК МЕНЕН ЧЕЧИШИП АЛУУБУС КЕРЕК КО,ЖЕ АРЫ ЖЕ БЕРИ БОЛУП.ЭЛ УУЧУ КУРУ ЭМЕС,ТАТЫКТУУЛАРЫН ОЗУЛОРУ ЭЛЕ КОТОРУП ЧЫГАТ.АЛ ЭМИ КУРУЛТАЙГА БЕШ МИН КИШИ БАРАТ ДЕГЕНИНЕРГЕ АНЧА ИШЕНЕ БЕРЕ АЛБАЙ ЖАТАБЫС.МЫНА АЛАЙЛЫКТАРДЫН ЖОО ЖУРУШКО ЧЫГУУСУНА ТЫЙУУ САЛЫНЫПТЫР,ЭМНЕГЕДИР УНДОРУ УГУЛБАЙ КАЛДЫ,БИЙЛИКЕ БАШ ИЙБЕЙБИС ДЕП БАКЫРЫП ЖАТЫШТЫ ЭЛЕ.МЫНА АТА МЕКЕН ПАРТИЯСЫНЫН САЙТТАРЫН ИШТЕТПЕЙ САЛЫШТЫ,АЗАТТЫКТЫ БОЛСО УКПАЙ КАЛДЫК.
БУЛ ИНФОРМАЦИЯЛЫК АЧКАЧЫЛЫК БИЙЛИКТЕГИЛЕР УЧУН АБА МЕНЕН СУУДАЙ КЕРЕК.УШУНДАЙ МЕЗГИЛДЕ ОППОЗИЦИЯ АКТИВИСТЬ АГИТАТОРЛОРУН ИШКЕ САЛЫП,ТУШУНДУРУУ ИШТЕРИН ЖОНДОБОСО,БАШТАГАН ИШТЕРИ ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛБЕЙТ.АЗЫР ЭЛ АРАСЫНДА АНДАЙ ИШ ЧАРАЛАР БАЙКАЛБАЙТ ЭМНЕГЕДИР.БИР КАНА АЗАТТЫК РАДИОСУНУН УШУЛ САЙТЫНАН ОП ЧАП КАБАР АЛЫП ЖАТАБЫС,АЗЫР ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ ЭЛГЕ АНЧА МЫНЧА ЧЫНДЫКТЫ ЖЕТКИРИП ЖАТКАН МАЛЫМАТ БУЛАГЫ УШУЛ КАНА САЙТ.ЭГЕРДЕ ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ОКУП ЖАТСАНАР УШУЛ САЙТ АРКЫЛУУ ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ ЖАСАП,ОЗУНОРДУН ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТАНАРДЫН ДАРЕГИН БЕРИП КОЙСОНОР.АЗЫР КОПТОГОН МОБИЛДИК ТЕЛЕФОНДОР ИНТЕРНЕТТИ КЕНИРИ КАРМАЙТ,МАЛЫМАТ ЖЕТКИРУУНУН БУЛАГЫ БОЛОТ ЭЛЕ.ЭРТЕН ЭЛЕ БУЛ САЙТТЫ ДА МУУНТУП КОЙБОЙТ ДЕП КИМ КЕПИЛ БОЛО АЛАТ.

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
11.03.2010 17:35
Ооба! Бекназаровду колдойлу! Кыргызды, Кыргызстанды, территориялык бутундукту сактап кала ала турган улуу инсандардын бири Бекназаров!

кимден: Дуйшон каяктан: Аксы
11.03.2010 16:52
Бекназаровду колдойлу Кыргызстанды бир оңдосо ошо оңдойт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)