Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатына 20 жыл


Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты түзүлгөнүнө 3-июнь күнү жыйырма жыл толду. Жамаат түзүү демилгесин ал кездеги жаштар коммунистик бийликтин айтканынан чыга албаган улуу муундун тарыхчылары жаңы идея жараталбай калды деген негиз менен көтөрүп чыгышкан. Кыргыз туусу гезитинин башкы редактору Кыяз Молдокасымов жаш тарыхчылар жамааттын уюштуруучулардын бири. Ал “Азаттыкка” курган маегинде 20 жыл илгери уюшулган жаштар кыймылынын постсоветтик Кыргызстандын тарыхында кошкон салымы тууралуу айтып берген

- Кыяз мырза, 20 жыл мурун жаш тарыхчылар жамаатынын түзүлүшүнүн негизги себептери кайсылар болгон?

-Көптөгөн маселелер көз жаздымда калууда,тарыхий инсандар жаңыча каралбай ал эми тарыхый окуялар эскиче каралып келатат. Мектептерде болсо кыргыз тарыхын окутуу дагы эле жолго коюлбай атайын саат бөлүнө элек, китептер жок. Мына ушул сыяктуу суроолорду көтөрүп биз кайсыл убакка чейин славян элдеринин мамлекети болгон, ал эми кыргыздардыкы болгон эмес деген эски түшүнүктөгү тарыхты окуп жүрө беребиз деп ушулар тууралуу 1989-жылы демилге көтөрүп “Ленинчил жаш” гезитине макала жарыялаган элек. Мына ошол макаладан кийин идеялаш, тилектеш жаш тарыхчылар бириккенбиз. Бизге Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаевге окшогон тоталитардык режимде тепкиге кабылып келген улуу муундун тарыхчылары насаатчы болуп, жаш тарыхчылар жамаатын курууга мына ошондон улам белсенгенбиз.

- Жаш тарыхчылар жамааты түзүлгөндөн кийин негизги жыйынтыктар кандай болду? Көздөгөн максатыңырга жете алдыңарбы?


-Мын ошол мезгилде, 1993-жылга чейин мектептерде дээрлик кыргыз тарыхы деген атайын окуу китептери жок болчу. Биздин жаш тарыхчылар жамаатынын Тынчтыкбек Чоротегин, Адыл Кожобаев, Токторбек Өмүрбеков, Айдар Көчкөнов, Муратбек Кожобеков жана башка ушулар сыяктуу жаш тарыхчы өкүлдөрүнүн демилгеси жана аракети менен алгач окуу китептеринин программасы түзүлүп чыгып, андан кийин окуу китептери ошол жаш тарыхчылардын активдүү өкүлдөрү тарабынан жазылып чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин ошол китептер мектептерде окутулуп келет.

- Жаш тарыхчылар жамааты түзүлүп жатканда анын катарына кошулууну каалагандардын саны көп беле?

-Токсонунчу жылдары демократиянын орношуна, ошол мезгилдеги коммунисттик партиянын диктатурасын жана бул жактагы бийликти алсыздандырууда жаш тарыхчылар жамаатынын өкүлдөрү ачкачылыкка чейин чыгып, жана башка ушул сыяктуу ар кандай демилгелерге активдүү аралашып жүрдү. Биздин аракеттерибизди колдоп жаш тарыхчылар жамаатына кошулабыз деп кайрылгандар өтө көп болгон. Өлкөнүн ар аймагында жамааттын өкүлдөрү катталып, саны бир топко жеткен.

- Жаш тарыхчылар жамаатынын жыйырма жылдыгын утурлап, жамааттын мүчөлөрү чогулуп белгилеп дегендей атайын бир иш чара уюштурдуңарбы?

-Чынын айтсам жыйырма жылдык жөнүндө сиздер (“Азаттык”) телефон чалып сураганда эсиме түштү. Жыйырма жыл мурда раматылык Түгөлбай Сыдыкбеков, кытайдан келген улуу манасчы Жусуп Мамай, жазуучулардын өтө көп өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң бир жыйын болуп, өзүнчө бир дүңгүрөгөнүбүздү мына азыр эстеп отурам.

Бирок атайын бир иш чара катары же болбосо чогулуп алып, ошону бир белгилеген жагдай бүгүн болгон жок. Эми буюрса таптакыр болбой калгандан көрө, кеч болбосо да бир шартын ойлонуп, чогулуп тегерек стол сыяктуу уюштуруп, бүгүнкү күндөгү тарых илиминин абалы, келечекте жасай турган аракеттер боюнча чогулуп отуруп сүйлөшөбүз го...

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG