Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:56

Кыргызстан

М.Колеров: Кыргыз-орус алакалары абдан салкындай түштү

Москвадагы «Регнум» кабар агенттигинин башкы редактору Модест Колеров Кыргызстан-Орусия алакаларындагы оош-кыйыштар тууралуу ой бөлүштү.

Текст көлөмү - +

- Модест Алексеевич, былтыр Кыргызстан менен Орусия ортосунда кол коюлган айрым меморандум, алдын-ала макулдашуулар ишке ашпай, токтоп калды. Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын бир аскердик обьектин ачуу, Москвадан ири суммадагы насыя алуу пландарын айтам. Андан улам соңку кездери кыргыз-орус алакаларына жарака кетти деген маалыматтар да жарыяланып кетти. Сизде бул тууралуу кандай маалымат бар?

- Кыргызстан менен Орусиянын алакалары Москва тараптан эмес, Бишкек тараптан бузулду. Себеби – Кыргызстан Орусиядан кредит, финансылык жана башка жардам алыш үчүн өзүнө алган милдеттенме-шарттарды аткарган жок. Эң биринчи кезекте, акчалай жардам кайда кеткенин, эмнеге жумшалганын ачык айкын көргөзүү бардык эки тараптуу келишимдердин бирден-бир шарты. Инвестициялар максатка ылайык, натыйжалуу пайдаланышы зарыл. Тилекке каршы, кыргыз тарап Москва убада кылган ири суммадагы кредитти алыш үчүн Орусияны ынандыра ала турган планын көргөзө алган жок, ага кошумча карыз алыш үчүн коюлган шарттар аткарылаарын далилдей алган жок. Меним оюмча, эң башында эле Кыргызстан тарап соодалашуу ыкмасын колдонуп, Орусиядан эч ким текшерип-көзөмөлдөбөй тургандай ири өлчөмдө акча алыш үчүн аскердик обьект жана башка сунуштарын көтөрүп чыккан.

- Сиздин сөзүңүз боюнча, ал эки тараптуу макулдашууларда Орусиянын эч кандай кызыкчылыгы жок беле?

- Орусиянын кызыкчылыгы албетте, коопсуздук маселесине байланыштуу. Кээ бир стратегиялык маанидеги энергетикалык обьекттер болушу мүмкүн. Бирок дагы бир жолу кайталап кетейин, эң ириде бул обьекттер ачык-айкын иштеп, башкаруу органдарынын өзүм билемдигинен бекем корголмоюнча, эч кандай инвестиция тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Инвестиция, кредиттердин баары уурдалып-тонолуп кетет оңой эле. Орусиядагылар дал ошол башкы факторду Кыргызстан тараптан көрө алышкан жок.

- Макул, анда сиз азыркы Кыргызстан-Орусия алакаларын кандай баалар элеңиз?

- Менимче, Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери таптакыр начарлап кетпесе да, абдан салкын абалда десек болот. Айрыкча мобу акыркы кездери орусиялык журналист, эксперттерге, Орусиячыл маанайдагы адамдарга жасалган чабуулдардан улам – бери дегенде кыргыз бийликтери аларды коргоо чараларын көргөн эмес деп айтсак жарашат. Атүгүл, менин пикиримде, ошол орусиялык эксперт, журналисттерди куугунтуктоо - кыргыз бийликтеринин Орусия менен салкындап кеткен алакаларга карата жасаган реакциясы болушу мүмкүн. Балким, Москвага ошентип кысым көрсөтсөк, Орусия ийкемдүүрөөк болуп калабы деген бир өтө жапыз ойлонуунун кесепетиби деп шектенем. Орусия менен ошентип иш жүргүзсө болот деп ойлоо барып турган терең жаңылыштык экени айкын.

- Ошентип, Орусия убада кылган 2 млрд долларлык кредит берилбей калдыбы?

- Мен жана менден башкалар деле көңүл бурду, албетте. Максим Бакиев Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп отурбай, Кыргызстандагы ири долбоорлорго инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөр аяктай электе, Кытайга бара калып, ошол эле долбоорлордун айрымдарын Кытайга сунуш кылды. Мындай мамилени жоопкерчиликсиз деп айтсак жумшактык кылаар. Ушундан улам Кыргызстан-Орусия ортосундагы экономикалык алакалардагы башкы маселе – бул алакаларды өнүктүрүү эмес эле, жанагы ири суммадагы акчалай каражатты тезирээк ала калып, көзөмөлсүз ээлик кылуу болгону көрүнүп калды. Орусия менен андай оюндар өтпөөрүн түшүнгөндө, Кытай макул болор деген бир байоо сезим пайда болсо керек. Менимче, кимдир-бирөө Орусиядан алынчу 2 млрд долларлык кредитти кыялында алмак тургай, керектүү жагына коротуп да койгон окшойт. Анан Орусия “биз оңой эле бере салбайбыз” деп эскерткенде, катуу шок болгон өңдүү.

- Эми мындан ары эмне болот? Москва менен Бишкек бири-бирине кысым көргөзүп, ким жеңет деп карап турушабы?

- Кыргызстан Орусияга кысым көргөзө алат деп ойлобойм. Анткени Москвадагы эң акыркы утописттер деле былтыр Кыргызстан Орусия менен АКШнын аба базасы, андан тышкары түштүктө дагы бир аскердик обьект жайгаштыруу тууралуу соодалашканы өтө принципсиз, тайыз мүнөздө болгонун түшүнүп калды. Эгерде кыргыз өкмөтү ар кандай келишимдерди талкуулаганда экономикалык эмес шарттарды койгондон баш тартса, балким кайсы бир долбоорлор алдыга жылышы мүмкүн.

- АКШнын Кыргызстандагы базасы, азыр транзиттик борбор деп аталат эмеспи, ошол борбордун кыргыз-орус алакаларында ролу чоңбу?

АКШнын базасы эки өлкө ортосундагы мамилелерде чоң роль ойнобойт. Кыргызстандын бийликтери ошол базаны чыгаруу, калтыруу маселеси боюнча Орусия менен амалданып соодалашканы роль ойноду. Мындай нерселер саясатта унутулбайт. Коопсуздук жаатында жардамдаша турган, ошондой эле ири суммадагы акча алууга үмүт артып жаткан өнөктөш менен антип ачык, принципсиз соодалашууга эч убакта жол берилбеши керек.

- Чоң рахмат маегиңизге. 

Модест Алексеевич Колеров 2005-2007-жылдары ал кездеги орус президенти В.Путиндин администрациясында региондор жана маданият аралык байланыштар департаментинин башчысы болуп турган. Тарых илимдеринин кандидаты, Орусия Федерациясынын 1-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нурик каяктан: Бишкек
20.02.2010 17:51
Колеров убагында Путиндин администрациясында жооптуу кызматта иштеген анын айтканына ишенсе болот анткени биздин бийлик рф "кинул" ачыгын айтканда

кимден: Уран каяктан: Балыкчы
18.02.2010 20:32
Простойго
Урматтуу бир тууганым, сенин айтканыңа 1000% кошулам, жана айтканыңды 1000% колдойм!
Сенин айткандарың ар бир адам касиетин жогото элек адамдын жүрөгүндө болушу керек!

кимден: Кыргыз
18.02.2010 15:41
Березовский келип кеткенден кийин эле орустардын көңүлү калган бизден. Кремльдегилер бизге акча беребиз деп туруп, газды колго алып коюшту. Орустар алдатпай калсын! Дагы кудайга шүгүр кыргыз мигранттарга, гражданство ала коюшуп жумушка кирип кетишет. Акаевдин кыргыз элине кылган жакшылыгы. Орустар акча берсе да, өзүлөрүнүн кызыкчылыгы гана үчүн беришет.

кимден: Баки каяктан: Баткен
18.02.2010 14:09
Россия кредит акчасын бербегени жакшы, анын артында Березовскийдин командасы турарын алар жакшы билишет, бизде болсо өнүктүрүү агентиги ошол Березовский ж.б. таандык. Россиянын Президенти Медведев, Путин Кыргызстандан барган мигранттарга көңүл-кош мамиле кылбастыр деген ойдобуз. Бакиевдин курсагы ток, жылуу кабинетте отурат, мигранттардын проблемасы кызыктырбайт, азыр бийликти сактап калуу маселеси биринчи орунда турат. Россия үчүн арзан кара күч керек, ошондуктан биздин Президенттке өчөшүп мигранттарды кууп чыкпастыр. Миллионго чукул мигранттардын Кыргызстанда миллиондон ашуун үй-бүлөсү бар, алар жан багып жатышат, орустарга рахмат айтшыбыз керек. Мигранттардан келген акчаны сактап, алар келгенде кайра көбөйтүп бергендин ордуна, бул жактагылар той-топого чачып, кафелерде, ресторандарда, столовойлорд чачып жатышат. Ушул туурабы, андан көрө акчаларын сактап бергиле, келгенден кийин өздөрү каалаган жакка жумшасын, чыгымдарды азайтайлы, акчаны оңой жол менен таап жатышкан жок да...

кимден: Акыйкат каяктан: Москва
18.02.2010 00:28
Чындыгында эле 2 млд долларды алуу кыйынга туруп калды окшойт.
АКШнын американын базасы чыгарылат деген Бакиевдин жалаң сөзүн укканда орустар аябай сүйүнгөн эле, төмөндөгүдөй ыр жарыкка чыккан болчу:

«Манас» не для вас

Решил киргиз: «Герой Манас
Навряд ли бы одобрил нас,
Пробил американца час,
Не нужно нам заморских баз!»


кимден: Rasul каяктан: Centenders
18.02.2010 00:20
Түшүнбөгөндөргө түшүнө тургандай жооп болгондур, саясат базар эмес экенин, мамлекет короо жай эмес экенин, Максим мурсакор ээрге эмес үзөнгүгө бутун кыйшык салганы кирпиге да түшүнүктүүдүр. Эми кантип реакция жасайт банкрот болгондор. Кытай кредитти жөн бербестигин алардын орустарга караганда дагы күчтүүрөөк стратегиялык ой-максаттары жана принциптери бар экенин чала молдолор билбестигин жанада алардын орду базарда экендиги анык го.

кимден: Актилек
17.02.2010 21:37
Бакиевтин эки жүздүү тышкы саясатынын алгачкы жемиши деп койсок
туура болот. М. Колеров дагы жымсалдап, сылык сыпаа гана айтып өтүптүр. Максимдин Кытайга барып келгенинин туура болбой калгандыгын карапайым калк какшап эле айтып атпадыбы учурунда. Россия менен мамиленин салкындашы Кыргыз мамлекети үчүн абдан зыяндуу экенин баарыбыз эле билебиз. Бүгүн орус теле каналдарынан, Путин Рамадановскийди кабыл алып, орус атуулдарынын жумуш орундарын мигранттардын ээлеп алуусуна жол бербөө, ага көзөмөл жүргүзүү, ушул маселе боюнча иш-чаралардын аткарылуусу жөнүндө сурады. Мындан эмнени көрсөк болот? Үч айдан бери жумушка руксаат кагазын ала албай атабыз азыр. Имиш имиштерге караганда, андай руксаат кагазын алуунун тартиби дагы катуу болчудай. Баасы да бир топ кымбаттап кетти азыр эле. Эртеңки күнү казактардын жосунун орус бийлиги кайталабайт деген ишенич жок. Эптеп септеп кыйналып ит көрбөгөн азап көрүп үй-бүлөөсун багып жүрүшкөн бечара калктын көрөөр күнү эмне болоор экен? Эгерде ушунча кыргызды орус бийлиги айдап чыкса, бийликке ансыз да нааразы болуп жүргөн калк көтөрүлүп 2005- жылкы окуялар кайталанып кетиши мүмкүн.


кимден: Простой каяктан: Жалал-Абад
17.02.2010 21:08
Мен тарыхчы да, саясатчы да, чиновник да эмесмин. Мен Кыргызмын. Кыргыздар качан кылчактап, бирин-бирине сатып жашаган. Эптеп эбин таап, убактылуу жашагандан ачка калсак да Манастын, Ала-Тоонун эли экенибизди унутбайлы.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)