Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:14

Саясат

Мелис Мырзакматов мэр бойдон калды

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Ош шаарында борбордук аянтта чогулгандардын алдында Мелисбек Мырзакматовдун мэр кызматында кала берерин жарыя кылды. Ошто эки күндөн бери шаар башчысы кызматынан алынары тууралуу кабар тарап, ошол себептүү мэрдин миңдеген жактоочулары каршылык акциясын өткөрүп жатышкан.

Оштун мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат. Анын жанында вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров (солдо).
Текст көлөмү - +
Мен М.Мырзакматовду колдойм. Ал кыйын учурда мэрдик кызматты аркалап келди. Өзү бул ишти аягына чыгарам деп башка кызматтардан баш тартты. Аны кызматтан эч ким алган жок. Мен ушуну айтып коеюн деп келдим”, - деди А.Бекназаров. Ал дале болсо элди бөлгөн ар кандай ушактар, жалган сөздөр таратылып жаткан белгиледи.

Ал эми чогулгандар алдында сүйлөгөн М.Мырзакматов эч жакка кетпей турганын, мэр кызматын аткарууну улантарын айтып, кадрларды мурдагы-азыркы деп, Курманбек Бакиев учурунда иштегендерди бөлүү туура эместигин белгиледи.

Колдогу маалыматтарга караганда Мелисбек Мырзакматовго Бишкекте Материалдык резерв, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилиги кызматы сунуштулган.

Кечээтен бери Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун кызматынан алынары тууралуу кабар тарап, ошол себептүү анын тарапкерлери Оштун борбордук аянтында каршылык акциясын өткөрүп жатышкан. 

Мелисбек Мырзакматовду коргоо комитетинин төрагасы Токтобай Төрөгелдиев кабарлашынча, нааразычылык акциянын катышуучулары азырынча мэрди ордунда калтыруу жана ЕККУнун полиция кеңешчи тобун Кыргызстанга жолотпоо талаптарын гаан коюп жатышат, булар аягына чейин аткарылбаса, аргасыз кадамдарды жасашы ыктымал.

- Анча-мынча нерсеге алдандайбыз. Эгерде талаптарыбыз толук түрдө аткарылбаса, анда Ош шаарынын жана облусунун эли алдыдагы парламенттик шайлоого бойкот жарыялайбыз. Мындан тышкары президент Роза Отунбаева баш болгон бүтүндөй Өкмөттүн отставкасын талап кылабыз! – деген Токтобай Төрөгелдиев.

Мелис Мырзакматов апрель окуясынан кийин таасирдүү кызмат ордун ээлеп калган экс-президент Курманбек Бакиевдин бирден-бир кадрларынан. “Ак Жол” партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болгон бул саясатчы Ошко мэр болуп былтыр февралда барган. Ал ушул күнгө чейин Ош аймагындагы эң эле таасирдүү адамдардын бири катары саналат. Ар кандай нааразылык акциялардын, анын ичинде Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринин майдагы акцияларынын артында тургандардын бири да дал ушул адам экендиги тууралуу жоромолдор буга чейин арбын айтылып келген.

М. Мырзакматовдун жактоочуларынын арасында атчандар тобу да жүрдү
Июнь окуяларынан кийин эл ичинде ага улутчул деген жардык да көбүрөөк тагыла баштады. Айрыкча ЕККУнун полиция кеңешчилерине каршы аракеттердин артында дал ушул М. Мырзакматов турат дегендер аз эмес. Полиция кеңешчилерин киргизбөө жөнүндөгү Ош шаардык кеңешинин чечими буга айкын далил катары айтылат.

Ал эми шаар кеңешинин депутаты Асамидин Аттокуров М. Мырзакматовго каршы айтылган сындарга ынабайт:

- Мелис күндө өзүнүн үстүнөн өзү иштейт. Акыркы учурларда дүйнөлүк экономика жөнүндө көп адабияттарды, айрым тарыхый чоң романдарды окуганы менин эсимбе калды. Бир эле шаардын проблемасын эмес, Кыргызстандын проблемасын да терең ойлонгон жигиттердин бири.

Мырзакматовдун тарапкерлери болсо аны кызматтан алуу аракетин эл аралык уюмдардын кысымы деп, ага жол берген бийликтин кетишин каалашат.

Жергиликтүү калктын пикирлерине таянган бир катар эл аралык уюмдар, чет элдик таасирдүү саясатчылар Мелис Мырзакматовго терс пикирин ачык эле айтып келатышат. Өзүнүн улутчул экендигин “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда шаар башчы өзү да тастыктаган.

Айрым байкоочулар Мырзакматовду элдин улуттук сезимин өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп айыпташууда. Мындай пикирин “Азаттыкка” талдоочу Бакыт Аманбаев билдирди:

-Мелис Мырзакматов бүгүнкү күнгө чейин өз бийлигин карапайым элге жамынып, өзүнүн акчасы менен коргоп келе жаткан мурдагы Курманбек Бакиев түзгөн коррупциялык, үй-бүлөлүк, криминалдык бийликтин бүгүнкү күнгө чейин жашап жаткан өкүлү.

Президент Роза Отунбаева менен мэр Мелис Мырзакматов Оштун калкы менен жолугушууда. 30-июль 2010-жыл
Мырзакматовду колдобогон саясий күчтөр азыр анын жумушка кайра кайтарылышын азыркы бийликтин алсыздыгына жорушууда. Президент Роза Отунбаева Батыштын маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Мырзакматовду кызматтан алыш жеңил эмес экендигин мойнуна алган.

Акыркы жагдай боюнча президент жана анын маалымат кызматы эч кандай маалымат таратышкан жок. Ош шаар башчысы менен ымалалаш деп айтылып жүргөн вице-премьер министр Азимбек Бекназаров Ошто сүйлөгөн сөзүндө мэрди кызматтан алуу тууралуу сөз болбогондугун айтып тим болду.

Айрым байкоочулар кызматына кайтып келген Мырзакматов менен азыркы бийлик ортосундагы мамиле эми огобетер татаалдап, айрыкча парламенттик шайлоо учурунда кыйла кыйчалыш учурлар болорун болжоп жатышат. М. Мырзакматов “Коммерсантка” берген интервьюсунда өкмөттүн мыйзамдары түштүктө юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген.

Ишенимдүү булактардын маалыматтарына караганда ал Кара-Суудагы “Оомат”, Оштогу “Ош-Таатан” базарларына ээлик кылат.

"Азаттык" видео: Оштун мэри Мелис Мырзакматов ордунда калды


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 9 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кайрат каяктан: Озгон
23.08.2010 19:06
Не забывайте: НЕ ВАЖНО КАКОГО ЦВЕТА КОШКА,ГЛАВНОЕ,ЧТОБЫ ОНА ЛОВИЛА МЫШЕЙ. Мелис-молодчик.(за интервью "Коммерсанте")

кимден: Бакай каяктан: Америка
23.08.2010 15:53
Мелистин адамдык касиети жок болгондуктан туугандарын жана жакындары менен кошулуп орун талашып жаткандыгы бул анык чыккынчылык. Азимбектин деле эрекетик сапаты жок экен. Кимдин ким экенин байкуш бечара митингчилер эч качан билбейт жана билсе да ака-юка дегендер менен кошоматтанышат.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
23.08.2010 11:40
Мелис УО ту жениптир деген кептер тарады, Чындап эле Мелисти иштен алам деп убактылуу окмот кашыктап топтогон кадырын чакалап тогуп салды. Чындыгында бул оор маселе болуп жаткандан кийин куздо парламенттик шайлоодон кийин албайт беле?
Албетте мен Мелисти жактайм, гана ким Кыргыздардын артында тура алат Мелиске окшоп тура алат? Маркум Дооронбек агай айткандай туштукто саясатчыларды биз толуктап турабыз бирок Баямандай Рысбектей дем бере албайбыз деп.

Бизде эмне саясатчы коп, а Мелистей мекенчил адамдар ырас чуулгандуу окуядан кийин туруш керек бир канча убакыт, улуттун кызыкчылыгы маанилуу нерсе.

кимден: Ако каяктан: Питер
23.08.2010 05:39
Ушул макаланы даярдаган журналистерге чоң рахмат. А то там, Илим Жанузаков дегениңер такыр башкача бериптир. Мелис Мырзакматовдой инсандарды мына Питердеги кыргыздар дагы колдойт. Эгер мэрди иштен алса азыр Россияда атактуу болуп келеткан анекдот чындыкка айланып, азыркы президентибиз да тез эле бул жакка келип калышы мүмкүн. Бийликтегилер татыктуу кадрлар ордунда калыш керек.

кимден: суйор каяктан: ош
23.08.2010 03:49
айланып кетеийн кыргыз калкым кичине создун маанисине саресеп салсанар ош мелистин ош биздики дегени кыргыздыкы дегени кордунорго ош кимге отуп кетеийн деди.мелистей.камчыбектей инсандарыбыз болбогондо акыбалыбыз жаман болот эле.кыргыздар туура тушунсонор кичине эмотцияга алдырбай.доктур.ренат.нур.чыныгы кыргыз.алайбек.медер.марат.доки аты аталган кыргыз байлар силер тополондо ошто болуп туган уругунардан кудай эле сактасын бироо эле окко учканда мелиске окшогон инсандарды башынарга котормоксунор.эмне кыргыздарды кечеги ош окуясында малымат булактарында корбой атасынарбы олгондорун? Алайда бир эле айылда 17 бала мекени учун окко учту.биз булардын арбактары тебелебейли арбагы уруп кетет. бул инсандар биз учун кыргыз учун озун окко тосуп курман болушту.айланып кетейн кыргыз калкым болунбогулочу тундук туштук болуп.

кимден: Кудайдан корккула каяктан: Кыргызстан
22.08.2010 16:31
Урматтуу Форумчулар! Силердин пикирди эл окуп, жашоого багыт алып жатканын унутпагыла. Ар бир жазыоган пикир эгер курулай жалаа болсо эртедир-кечтир жооп бересинер. Азыр эч ким корбой-билбей калат дегенинер менен Кудай баарын билуучу жана коруучу. Мэрди курулай эле "шыбап" эч пайда таппайсынар. Тескерисинче, орду тогус зыян алып келип жатасынар. Эл деген акыр бироого ишениш керек да. Акаев, Бакиев, азыркылар да элди алдап, сатып жатат. Сырткы кучтор каалаган "оюнун" жасап жатат. Эми силер да мына ошол сырткы кучторго оз лдерибизди "шыбоо аркылуу" кызмат кылып берип жатасынар. Жоопкерчилкти сезгиле. Эч ким корбой-билбей калат деп ойлобогула...

кимден: тоолук кыргыз каяктан: Росия
22.08.2010 12:56
Бекназаров, Сатыбалдиев эмне жаны бийликти сатып бир нерсе чыгарганы турушабы. Мелис кызмат атандан калган эмес элди болуп ош меники дегенге акын жок кудайдан корк мен да оштук болом. катуу коопсун копкондо жаман болчу эле Бакиев акан жок уже

кимден: Нурпери каяктан: Ош
22.08.2010 03:13
"Төө десе бээни айткан Убактылуу Өкмөттөгүлөр" деп оолуккан Мырзакматовдун оозун карап, анан да бакиевдин бул куйругун жоготкондун ордуна колдоп аткан убактылуунун бири Бекназаровду бу жолу түшүнгөн жокмун. Жакшылап уксаңар эл арасында аны(Бекназаровду) канкор деп кыйкыргандар да болуптур. Ушундан эле бул митингдин артында кимдер турарын боолголоого болот, Шумдук!
Өзүм Ошто турам. Береги тамагы айлылганча "мелистеп" айкыргандар үчүн бул "баатыр" эмне кылды эле деп түшүнө албадым. Убактылуу Өкмөттөгүлөр, ушуга окшогон "баатырларды" жумуштан алалбагныңар эмнени каңкуулайт? Деги кимге ишенебиз? Кыргыз мамлекетиндеги жарандардын коопсуздугуна ким кепил боло алат ыя?

кимден: Oshtuk каяктан: Korea
21.08.2010 17:27
Assalomu Alleykum kyrgyz tuugandar.Tomondo arkanday oylor jaziliptyr.Ar birinin ozuncho chyndygy bar.Melis kriminal bolobu, bandit bolobu emnesi bolso da, ozum korbodum, uydogulorgo tel. chalganimda aytip berishet, Oshtu ondop koydu.Ozbekter kaalaganday kilip korungon jerlerge magazin - dukondorun kurup ketishti ele ani da tazalaptir azamat.Buga cheyin Jumadil Isakov, oshol ele siler aytkanday Oylonup suylogon Gramotniylar Mer bolgon.Birinin da korunuktuu ishin koro albadik.Baary ele kelip ozunun jeke biznesin onukturup alip oltura bergen. Kuday bilet, Melis mer bolbogondo urushta Oshtu kim alip kalmak.Ushunday patriottordu koldobosok anda miymindagan inteligentniy parakorlordu alip oltura bergile. Meliske ozu merliktin kipinday da paydasi jok.Baylik kerek bolso oshol tokoy charbada kala berbey bele? Anan bashka shaarlardin jashoochularinan suranip ketet elem, ozunordun merinerge bashinardi oorutsanizdar, ozubuzdun meribizdi ozubuz tandaybiz.

кимден: musulmanin каяктан: osh
21.08.2010 16:06
Adam balasy ushunchalyk dabdyr bolushun bilbegen ekem. Ushul adamdy koldop chykan adamga boorum achiyt. Adamdardy tuuradan tura olturgon,eki yntymaktuu bolup kelgen kalkty provokaciya kyldyryp urushturgan adamdy koldogon adamdardy kiyamatta KUDAYDYN balasi bolsun. Ushul turmushtada KUDAY ozu korsotup koysun.
MELIS BUL DEGEN GLAVNIY REJISER IYUN OKUYASYNA. BUGA MINGDEGEN FAKTAR BAR. EY KYRGYZ KALKY! KOZUNORDU ACHKYLA. MELIS MYRZAKMATOV JANA BASHKA MUNUN TALAPKERLERI KYRGYZ JERIN JOK KYLUGA ALYP BARAT. KYRZYZSTAN AZYR EN STRATEGIK JER BASHKA CHON BALYKTARGA.
Жалпы 9 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)