Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:24

Кыргызстан

Ж.Усманалиева: Казакстандагы эмгек мигранттарын кысып атышат

Соңку кездери Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын абалы мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу кыйла эле начарлап кеткени, аларга болгон мамиле кескин өзгөргөнү, басым-кысымдар күчөгөнү айтылып атат. Мындай маалымат Бишкекте өткөн миграция маселесине байланыштуу жыйында айтылган. “Азаттык” үналгысы Казакстандын Алматы шаарында жүргөн эмгек мигранты Жибек Усманалиева менен ушул маселенин айланасында пикир алышты.

x
Текст көлөмү - +
- Ушул тапта Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттары абдан кыйын абалда калышканы айтылып атат. Бишкекте өткөн миграция маселесине байланышкан жыйында да бул айтылды эле. Чынында абалыңыздар кандай? Кайсы мезгилден тарта кыйынчылыктарга кабылып атасыздар?

- Бул кыйынчылыктар Кыргызстандагы саясий туруксуздуктар башталгандан бери күчөдү. Мына апрель окуяларынан кийин Алматыдагы же бүткүл Казакстанда жүргөн кыргыз мигранттарынын абалы аябай начарлап, оорлоп кетти. Бизге карата кысуулар пайда болуп, айлабызды таппай калдык.

Азыр эми жакынкы абалды айта турган болсом, жаңы окуу жылы башталайын деп атканда Казакстандагы бардык кыргыз улутундагы балдарды, же болбосо Кыргызстандын жарандыгы бар кыргыз, дуңган улутундагы адамдардын Алматыда окуган балдарын мектептерге албоо иш-чаралары катуу жүрүп атат. Эми бул жакта жүргөн кыргызстандык жарандар Казакстандын жарандыгын албай турган болсо же туруктуу жашай тургандыгы тууралуу документтерин тапшырбаган болсо балдарын мектепке албай турган болуп атышат. Алматы шаардык прокуратурасынан мектептерге ушундай буйрук келген экен. Ошонун негизинде бизге мектептен телефон чалышып, “Ушундай болуп атат, документтериңерди оңдоп-түздөгүлө. Болбосо жарандык алганга же туруктуу жашоого уруксат алганга аракет алгыла”,- деп атышат.

Биз эми балдарыбыздын шылтоосу менен Казакстандын жарандыгын алышыбыз керек экен. Бул деген оңой маселе эмес да. Ар биризде мекенчилдик сезимдер да бар. Андан сырткары, жарандык алууга документтерибизди тапшырыш үчүн Кыргызстанда болгон бардык каттоолорубуздан чыгып, бул жакка алып келип бирөөгө тапшырышыбыз керек. Ал эми андай адамдар азыр абдан көбөйүп кетти. Алдап туруп документтерибизди, акчаларыбызды алып алышат, анан “Жарандык же туруктуу жашоого уруксат алып беребиз” деп убада берип коюшуп бир жылдап созуп жүрө беришет. Анын акчасы да оңой сумма эмес. 1000-1500 доллардай акчага жарандык алып беребиз дешет. Бирок ошолорго ишенип документтерин, акчаларын берип коюп көптөгөн кыргыз мигранттары кыйналып жүрүшөт. Биз ошондон коркобуз. Ошол себептүү биз жарандык алуу боюнча эч кандай кыймыл жасаган жокпуз.


- Сиздин өзүңүздүн Казакстанда мектепке барып аткан балдарыңыз барбы же бирөөлөрдөн угуп айтып атасызбы?

- Өзүмдүн кызым бар. Алтынчы класска көчтү. Биринчи класстан баштап Алматы шаарында 118-мектепте окуйт. Биринчи класстан баштап эле эң мыкты окугандардын бири. Эми мектебине барып жолуксам класс жетекчиси айтты, “Аябай өкүнүчтүү абал болуп атат. Мен бул кызды кетиргим келбейт. Эң жакшы окуган үч окуучумдун бирөө. Кандайдыр бир жол менен жок дегенде бир документ тапшырсаңар алып калат элек. Бизди шаардык прокуратурадан текшерип атышат. Эгерде биз Кыргызстандын атуулдарынын балдарын окутуп атканыбызды кармап калышса айып салат, сөгүш жарыялайт же жумуштан алып коюшу мүмкүн. Биз бир бала үчүн жумуштан айрылгыбыз келбейт”,- деп жооп беришти.

- Рахмат маегиңизге!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: тока каяктан: Москва
24.08.2010 02:36
Негизи бул жерден Назарбаевдин жылма саясаты журуп жатат
муну болгон массалык маалымат устундо Назарбаевдин озун каралоо керек, ал анткени кыргыз тараптан коп озуно каршы создорду укканына
байланыштуу десек болот.
ОБСЕнин кашкаруу кызматтында турган Казакстан лидери тетири саясат жургузуу максаты бул кыргыздарды алып чыгуу оз олкосунон
кыйын болсонор бизсиз жашап алгыла деген сыяктуу
каршылыгын билгизидо
Мындай маалда анча мынча электр энергиясын Алма Атага бир эки саат токтотуп кою керек,кыйын болсо жашап корушсун кыргыздарын эл
жарыгысыз
Дегеле Назарбаев кетмейинче кыргыз-казак бир тууган боло албайт

кимден: Замир каяктан: Баткен
21.08.2010 11:18
Чындыгында мамлекеттин тышкы министри жана посолство алжакта элдин койгойун ойлобой эшек такалап олтурабы. Же министрлике пара берип келип ошол парасын кайра жыйнаганы отурабы кыргыздардын таламын ойлобогон министрликтин жана посолдун кереги жок бизге бизге чыныгы кыргыз деп куйгон эр журок патриоттор керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.08.2010 19:27
Балдар эле эмес базардагы иштеген кыргыздардын шорун миграционный полиция катырып жатат. Биздин мамлекетте тышкы иштер министир деген барбы? Сүйлошсо болмок.

кимден: Бурул
20.08.2010 11:16
Азаттык, Илим, рахмат! Бул маселени коомго жеткируу бул парз болчу. Эми расмий кадамдарды да колдонолу.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)