Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:33

Кыргызстан

Кийинки президент аял затынан чыгабы?

Элдик курултай 17-мартта бийликке жети талап коюп, аны аткара турчу уюмдун башына Роза Отунбаеваны шайлады. Оппозициядагы айрым саясатчылар дал ушул фигураны улуттук лидер болуучу инсан катары атай башташты. Ар качан амбицияларынын айынан кагылыша кетчү оппозиция лидерлери бул фигуранын айланасына бириге алышабы? Бийлик тизгинин бекем кармап отургандардын тамыры бекемби?

Текст көлөмү - +
Жамы журттун лидери болуу тилеги менен далай саясий жана коомдук ишмерлер айланасына ар кыл күчтөрдү топтоого аракет кылып келишти. Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда эле атын чыгарып, өлкө башчысы болууга аракет кылган саясатчылардан Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Мелис Эшимканов, Исмаил Исаков сыяктуу өңчөй эркектерден турган саясатчыларды баса айтса болот. Ушу кезге чейин ушулар сыяктуу саясий салмагы зор, аркасында колдой турган күчтөрү бар бир дагы аял киши улуттук лидер болуу дымагы менен суурулуп чыга элек эле.
Бакиевден кийин келчү адам, ар-тарапка калыс адам болушу керек, репутациясы бузулбаган, таза адам болушу керек, эл аралык коомчулукка билинген адам болушу керек деп, издеп келгенбиз. Ошол талапкердин аты азыр айдан ачык эле билинип калды. Бул – Роза Отунбаева.
 
Эдил Байсалов


Эми ошол топ эркектин арасынан суурулуп чыгып, соңку кездери таскагы башкалардан катуу чыгып бараткан аял саясатчы - Роза Отунбаева болууда.

Р.Отунбаева - мурдагы президенттин тушунда эле көрүнүктүү саясатчылардын бири болчу. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, тышкы иштер министри, вице-премьер-министр сыяктуу кызматтарга чейин көтөрүлгөн жайы бар. Кийинчерээк деле ал оппозициянын катарында башкы фигуралардын бири болуп жүрдү. Бирок саясий серепчилердин баамында, соңку бир жыл аралыгында гана анын абройу болуп көрбөгөндөй артып, учурда лидерлик позицияга чыга келгендей.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов АКШга качууга аргасыз болгону, анын ордун баскан Р.Отунбаева бийликке кыргыйдай тийип, катуу жүдөттү. Бийлик чакырган Ынтымак курултайына атаандаша чакырылган Элдик курултайдын уюштуруу комитетинин төрайымы, кечээ эле анын чечимдерин аткаруу уюмунун төрайымы катары тандалды.

Ошол эле оппозиция ичинде аны улуттук лидер болууга татыктуу инсан катары сүрөгөндөр чыгууда. 2007-жылдагы парламенттик шайлоо алдында чет өлкөгө качууга мажбур болгон саясатчы Эдил Байсаловдун пикиринде, ушул тапта өлкөнү саздан чыгарып, чыныгы демократиялык нукка бура турган саясатчы – Роза Отунбаева болуп турат:
Эдил Байсалов

- Роза Отунбаеванын президентикке талапкер болууга дагы бир чоң артыкчылыгы бар. Анткени бул киши азыркы учурда парламенттик оппозициянын жетекчиси. Батышта болобу, башка өлкөлөрдө болобу парламенттик оппозициянын жетекчиси кызматтык даражасы менен эле кийинки президенттикке, премьер-министрликке талапкер деп билинет.

Бул кишинин андан тышкары депутаттык иммунитети бар. Ошондуктан бул киши башкаларыбыз айта албаган, Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Атамбаев айта албаган сөздөрдү айтып атат. Ошондуктан бул кишини Элдик курултайда аткаруучу комитеттин төрайымы кылып шайлашты.

Биз мурда эле сүйлөшүп келгенбиз. Бакиевден кийин келчү адам, ар-тарапка калыс адам болушу керек, репутациясы бузулбаган, таза адам болушу керек, эл аралык коомчулукка билинген адам болушу керек деп, издеп келгенбиз. Ошол талапкердин аты азыр айдан ачык эле билинип калды. Бул – Роза Отунбаева.

Булардын бардыгы советтер союзу убагында да кызмат кылып, Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да чоң кызматтарда болуп, анан кызматтан четтегенде эле оппозицияга өтө калышып кадыр-барктары кетти.
Ж.Жоробеков

Ошентсе да айрым саясат таануучулардын баамында, азыркы оппозиция арасынан жалпы элдин колдоосуна ээ болчу саясатчы көрүнбөйт. Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, оппозициядагы аял-эркек саясатчылардын бардыгы тең элдин ишениминен чыгып калган:

- Оппозициядамын деп жүргөн жигит-кыздардын арасынан элди аркасынан ээрчитип кете турган, жогорку деңгээлдеги, мүмкүнчүлүгү зор адамды көрбөй турам. Анткени булардын бардыгы советтер союзу убагында да кызмат кылып, Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да чоң кызматтарда болуп, анан кызматтан четтегенде эле оппозицияга өтө калышып кадыр-барктары кетти. Кызматтан кетсе эле бийликти сындап, “кыргыз эли үчүн өлөмүн, жанымды беремин” дей берип кадырын кетиришти.

Андан тышкары Ж.Жоробековдун пикиринде, болочок президент таза, жаңыча ойлонгон жаштардан чыгышы ыктымал. “Мындай лидерди президент деле калыстык менен тандап, мураскор катары тандаса болот”,- дейт профессор.

Анткен менен “Азаттыктын” бир катар угармандары жана окурмандары да балким аял киши президент болсо абал оңолоорун, Р.Отунбаевага үмүт артса болорун айтышат. Бишкек шаар тургуну, ардагер Орунбай Каработоев да “Азаттыкка” телефон чалып, ушундай пикирин билдирди.

Ал эми ири партия лидерлери, президенттикке мурдатан ат салышып келген лөктөр албетте аягына чейин күтүшөт. Алар бүгүн эле кайсы бир талапкерди, маселен улуттук лидер катары Р.Отунбаеваны колдоп ийишпеси бышык. Дал ушул бир лидерди тандоону үйрөнө албагандыктан кыргыз оппозициясы уттуруп келет дешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз каяктан: Москва
27.03.2010 23:20
эми бул жерде, балким болуп калышы мүмкүн деп айтылып жатат да. Болбосо, биринчиден Роза эжеге президенттикти бере койобу. экинчиден Роза эже чын эле катуу эле чыгып келе жатат, бирок ким билет, анын чыныгы деңгээли кандай экенин. Кыскасы мен Роза эжени тааныбайм деле анча. Кылган эткенин такталса жакшы болмок.

кимден: ШамАй каяктан: Астана
21.03.2010 17:12
Жогоруда бироо атын "Кыргыз" деп атап, Бакиев иштерин бутуруп алгыча унчукпагыла дептир. Мен ал жигиттин аты эле эмес озу кыргыз экенине ишенбейм. Бакиевин эми кайсы ишти бутурот, элдин козго корунгон ырыскысын чып-чыргасын калтырбай басып-сатып бутушту. Эми сен экообузду кошоктоп туруп сатаары эле калбаса.
Андан кийин Эл-жердин, президенттин кимге кереги бар.Сыягы, Бакиев бийлигинин узурун катуу коргондордон окшойсуз, Кудай тутканынызга караганда.

кимден: колдук кыз
21.03.2010 04:01
Чын эле эмнеге болушу мумкун эмес, мен Роза Отунбаевага добушумду бермекмин. Негизгиси чыныгы патриот, билимдуу, тажрыйбалуу саясатчы, дуйнолук аренада кыргыздардын лидери болууга татыктуу адам. Эми биздин оппозициянын Роза эжени колдоп кетууго эрки, кудурети жетсе болду. Роза эжеге ден-соолук жана ийгилик каалайм!
P.S. И.Исаковдун сотунда эч коркпой, тайманбай сотко " Наалат сага, наалат серик! " деп айтканы эске тушту, кыйын экен деп ойлоп койгом.

кимден: Мигрант каяктан: Россия
20.03.2010 21:10
О Текебаев, А Бекназаров , Р Отунбаева : Кыргызстандын озуп онугушу. соз эркиндиги . эл биримдиги. келечекте эркин мамлекет болуп саткталып калышын бугунку кундо сиздер гана ишке ашыра аласынар . Чыныгы лидер экенинерге калкыбызда куном жок . Мен, келечекте Кыргызстандын президентин Текебаев деп ойлойм

кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
20.03.2010 18:33
Poza Otunbaewa jelaem Wam Ucpexow na razwitie Kyrgyzstana, mi c Wami.

кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
20.03.2010 18:30
men Poza Otunbaewani kollaymin.Ona zaslujila.mi wse za Pozi Otunbaewoy

кимден: Kyrgyz
20.03.2010 17:54
Баарынардын оюнарга кошуламын бирок 2005-жылы Кыргызстанда ушул эле саясий акыбал болчу, бир айырмасы Акаев он беш жыл Бакиев 5 жыл иштеген болчу.Эми Бакиевге бир аз да болсо убакыт бериш керек деп ойлойм себеби Бакиев кетсе башка келген президент озунун адамдарын коюп башкасын тазалагыча жумуштун баары токтойт. Бакиев баштаган жумуштарын бутуруп алсын

кимден: Калбу каяктан: Москва
20.03.2010 14:35
Кыргызстан да болгон өзгөрүүлөр мени көп ойлонтот.Эне катары айтаарым! Мырзалар баарың чогулуп Роза Отунбаева эженерди колдоп, президенттике көрсөткүлө. Кыргызстандын ушул эженер гана оңдоп кетерине көзүм жетет. Баардык оппазициянын азаматтары силерге чоң күч каалайм. Манас атанардын арбагы колдосун. Кыргыздын элин жерин сактаганга аракет кылгыла. Алыста жүрсөм да мен силерди колдойм.

кимден: Касым каяктан: Бишкек
20.03.2010 04:33
Түштүктөнмүн деп тааныштырган тууганга айтат элем, сиз жалпы региондун атынан сүйлөбөй эле коюңуз! Курманжан даткага шек келтирген болосуз, антсеңиз!
Роза Отунбаева - бүт Кыргыз элинин үмүтү, бул накта патриот эже, такшалган дагы, жетишкен дагы. Путин, Назарбаев, Обамалар менен тең ата сүйлөшө алат. Коррупциянын баарын жойот. Оомин, мен Роза Отунбаевага ишенем, жанымдагылардын баары дагы. Калган жетекчилерди көрөр көзүбүз жок. Чарчадык!

кимден: New York каяктан: New York
20.03.2010 02:43
Roza Otunbaeva, presidenttike abdan tatyktuu!!! Eldi korgon, jerdi korgon intelligent sayasatchylardyn biri. Oz oyun daiym tak aitkan, chyndyktyn talapkeri.
Jakyp, ainybai andan koro sen aitkanday, ozyndyn jana bashkalardyn mentalitetin ondogongo araket jasa. Sen XVIII emes, XIX emes, XX emes, XXI kylymda jashap jatasyn. Bolboit ko , anan mynday go dep ainybai!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)