Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:46

Кыргызстан

Чүш-ш! Дубалда кулак бар...

Жогорку Кеңеш “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө. Ага ылайык УКК баштаган күч органдары бардык байланыш каражаттарын тыкыр көзөмөлдөп, кылмыштарды изин суутпай ачууга жол ачылмакчы.

Жогорку Кеңеш “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө
x
Жогорку Кеңеш “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө
Текст көлөмү - +
Бирок буга каршы чыккандар эми саясий себептер менен кайсы бир адамдардын телефондору тыңшоого алынып, жарандардын жеке турмушуна сүңгүп кирүү күчөөрүн айтышууда.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Турдукан Жумабекова баш болгон депутаттык топ сунуш кылган мыйзам долбоордун биринчи окууда кабыл алынышы айрым саясий чөйрөлөрдүн, укук коргоочулардын тынчын алууда. “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” деп аталган мыйзамдар өзгөртүлүп, эми Улуттук коопсуздук кызматы
Бул мыйзам – Кыргызстандагы оперативдүү чалгындоого укугу бар күч органдардын байланыш каналдары аркылуу изин суутпай издөө иштерин жакшы жолго коюшуна жардам берет.
Турдукан Жумабекова
баштаган органдар байланыштын бардык түрлөрүн көзөмөлдөй турган күчкө ээ болмокчу. Ал үчүн атайын техникалык каражаттарды ишке киргизүү да каралган. Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам ишке кирсе тартип коргоочулардын иштери жеңилдеп, террорчулардын, экстремисттик уюмдардын телефондон сүйлөшүүлөрүн, электрондук маалымат алмашууларын көзөмөлдөө жеңил болмок.

Бирок бир катар депутаттар, саясий ишмерлер жана укук коргоочулар аталган мыйзам долбоор кыйла эле чийки болуп калганын айтышууда. Маселен, эми оппозициядагы саясатчылардын бардык байланыштары тыкыр көзөмөлдөнүп калат деген чочулоолор бар.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Турдукан Жумабекованын айтымында, кайсы бир шектүүлөрдү тыңшоо, байланыштарын көзөмөлдөө Башкы прокуратуранын уруксаты менен жасалат. Террорчулар, кылмышкерлер күчөп аткан шартта мындай мыйзам керек болуп турат:
Турдукан Жумабекова

- Бул мыйзам – Кыргызстандагы оперативдүү чалгындоого укугу бар күч органдардын байланыш каналдары аркылуу изин суутпай издөө иштерин жакшы жолго коюшуна жардам берет. Байланыштын заманбап техникалык тутумдарын кеңири киргизүү керек. Изин суутпай издөө иштеринин усулдарын мыкты жана мыйзам базасынын алкагында жүргүзүү керек болуп турат.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары мыйзам долбоордо так көрсөтүлбөгөн бир катар кемчиликтер бар экенин да айтышты. Депутат Динара Молдошеванын айтымында, байланышты көзөмөлдөй турган 2,5 миллион доллардын тегерегинде бааланган техникалык каражатты сатып алуу байланыш
Бизде муну көбүнчө оппозициялык маанайдагы саясатчыларды текшерүү, алардын почтолорун кароо, аңдып-тыңшоодо колдонушмакчы.
А.Шыкмаматов
оператолорунун мойнуна жүктөлгөн. Мындай шартта уюлдук операторлор сүйлөшүүнүн бааларын дагы кымбаттатышы ыктымал.

“Ата Мекен” партиясынын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, эгер чындап эле террорчу-экстремисттер тарабынан коркунуч туулса атайын кызматтар изин суутпай изилдеп, алардын байланыштарын көзөмөлдөгөнү туура. Бирок Кыргызстанда бул иш-чара такыр тескери иштерге пайдаланылышы мүмкүн:
Алмамбет Шыкмаматов

- Бизде муну көбүнчө оппозициялык маанайдагы саясатчыларды текшерүү, алардын почтолорун кароо, аңдып-тыңшоодо колдонушмакчы. Ал эми ал саясатчылар мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына эч кандай коркунуч туудурган жок да. Ошондуктан аларды сотко кантип айтышат. “Буларды оппозициялык ишмердүүлүктөрү үчүн тыңшашыбыз керек”,- деп айтышса уят жана мыйзамсыз болуп калбайбы. Андыктан булар каалаганын жасай беришет...

“Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук корунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиеванын айтымында, эми бул мыйзам боюнча кайсы бир уюлдук оператордун абонентине карата кылмыш иши козголсо, ошол тейлөө кызматын көрсөткөн ишкананын иши токтотулушу да мүмкүн. Мындай болуп калса башка миңдеген абонеттер байланышсыз калуусу ыктымал. “Ушул сыяктуу кемчиликтери бар бул мыйзамды жакшылап оңдоп-түзөө керек” дейт Т.Мамбаталиева.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Mangkurt каяктан: chet olko
27.03.2010 18:48
emi kaidagi nerseni bashtabai,aga da kanchalagan akchani korotpoi,al akchani bashka problemalardi chechkenge jumshashsa jakshi bolboibu tegi.

кимден: жетим каяктан: Бишкек
27.03.2010 11:07
Эми бул Ак-жол паритясы жөн эле кнопка басканы барган турбайбы. бул парламентти тезинен таркатпаса кыргызстан жанагы Атамбаев айткандай кокон хандыгына айланат. эмне алар билбейт бекен, биздин УУК кызматкерлери бөрк ал десе баш алышарын. бул оппозицияга карата кабыл алынган иш. себеби башка почта менен башка IP менен террористтер байланыша берет. эгер каалашса. ал эми оппозиция интернетти маданияттуу колдонушкандыгы үчүн алар кармалып калышы ыктымал.

кимден: МЫЙЗАМ каяктан: МАНКУРТТАР АРАЛЫНАН
26.03.2010 23:58
Турдукан эжебиз келечек үчүн тереңирээк ой жүгүртсө жакшы болмок...

кимден: Раткум каяктан: Москва
26.03.2010 20:09
Эгерде максатка ылайык, депутат айымыбыз айткандай террористтер,экстремистерге пайдаланылса туура болот, бирок жеке менин шегим бар. Аны чындыкты бетке айткан адамдарга,чындыкты чагылдырган журналисттерге, оппозиционерлердин сөзүн тыңшоого пайдаланышар бекен ов! Ал үчүн эгерде кыргыз атуулунун сөзүн тыңшаса тынщаган адам жоопкерчиликке тартылат деп тактык киргизип толуктоо керек. Андай болбосо, адамдын укугун кемсинткендик болуп калат да конституцияга жана кээ бир мыйзамдарга каршы келип калат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)