Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:57

Кыргызстан

Жаратылыш менен кошо саясат да жанданабы?

2005-жылдын 4-мартында бийликке нааразы болгон жалалабаддыктар облустук администрациянын имаратын ээлеп алышкан. Ошондон тарта экс-президент Аскар Акаевдин бийлигине баш ийбөөчүлүктөр күчөп, натыйжада 24-март окуясы келип чыккан. Анын ордуна келген азыркы президент Курманбек Бакиевге деле дал ошол сыяктуу нааразычылыктар айтылып келатат. Деги бийлик өткөндөн сабак алып атабы?

"Кел-кел" жаштар кыймылынын акциясы, 24-март, 2005-жыл
Текст көлөмү - +
2005-жылдын февраль-март айларында парламенттик шайлоо өтүп, ага ошондогу президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев экөө тең катышкан. Ал кезде Б.Акаева бийликчил “Алга Кыргызстан!” партиясын жетектеп калган эле. Дал ошол шайлоо бийликке болгон наразычылыктарды күчөтүп, натыйжада жер-жерлерде баш ийбөөчүлүктөр башталган.
Акыркы кездери болуп аткан камоолор, куугунтуктар, өтө чоң деңгээлдеги саясатчылар менен таасирлүү журналисттердин буюртма өлүмдөрү кошумча болуп, саясатчылар да абдан эле ачык түрдө күрөшүүдөн чочулап турат.
Т.Акеров

2005-жылдын 4-мартында Жалал-Абадда митингге чыккан эл облустук администрацияны басып алышкан. Анын аркасынан башка региондордо да ири митингдер өтүп, миңдеген адамдар мамлекеттик администрация имараттарын басып ала башташкан.

22-март күнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялап, оппозиция өлкөнүн жарымын көзөмөлдөп калганына карабай Аскар Акаевдин катышуусунда жаңы парламенттин алгачкы сессиясы өтөт. Жер-жерлерде милиция менен атайын бөлүктөрдүн аскерлери өткөргөн элди күч менен таркатуу операциялары да ишке ашпай калган. Натыйжада, 24-март күнү Бишкекте өткөн ири митингден кийин эл “ак үйдү” да басып алып, президент үй-бүлөсү менен качууга аргасыз болгон.

Мурдагы жана азыркы окшоштуктар

Мурдагы президент менен азыркы президентке болгон нааразычылыктар негизинен окшош. Андан да оппозиция бийликти үй-бүлөлүк башкарууга жол бергени, өлкөнүн кирешелүү тармактарын басып алышканы, саясий куугунтуктар үчүн күнөөлөшкөн. Азыр деле президент Курманбек Бакиевге карата дал ошол сөздөр айтылууда.

Саясий серепчи Табылды Акеровдин пикиринде, эл арасында ошол 2005-жылдагы саяктуу эле нааразычылыктар көп. Бирок ошондогудай элдин активдүүлүгү байкалбай атат. Анын да себептери бар. Анткени 2006-2007-жылдагы миңдеген адамдар катышкан митингдерде бир катар оппозиционерлер бийлик менен жең алдынан сүйлөшүп, бийликке өтүп кеткендери болду. Ошол себептүү оппозицияга ишенич азая түштү:
Т.Акеров

- Буга чейин деле бир топ митингдер болду, оппозиция менен бийлик ортосунда өтө катуу тирешүүлөр болду. Ошондо оппозициядагы айрым саясатчылар элди аянтта таштап коюп бийлик менен жең алдынан сүйлөшүп, өздөрүнө портфелдерди алып, ары жакка өтүп кеткен учурлары болду. Ошондуктан эл бүгүн кайсы саясатчыны колдосо болорун так аныктай албай атат. Мындайча айтканда ишенимдүү лидердин, саясий күчтүн жоктугу кичине байкалып тургандай.

Экинчиден, акыркы кездери болуп аткан камоолор, куугунтуктар, өтө чоң деңгээлдеги саясатчылар менен таасирлүү журналисттердин буюртма өлүмдөрү кошумча болуп, саясатчылар да абдан эле ачык түрдө күрөшүүдөн чочулап турат.

Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек.
К.Бакиев, 2006-жыл

Ошондой эле талдоочунун айтымында, мындан аркы кырдаал оппозициянын 17-мартта өткөргөнү жаткан элдик курултайына байланыштуу болот. Эгер оппозиция курултайга миңдеген тарапкерлерин чогулта алса, абал 2005-жылдагыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Анткени бийликтеги беш жыл убактысында президент бийлигин катуу бекемдеп, андай кооптуу учурларга үчүн жакшы даярданып алды.

Тарых кайталанабы?

2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиев эл алдында көптөгөн убадаларды берген жайы бар. Оппозиция өкүлдөрү ошол убадалардын бирөө да аткарылбаганын, тескерисинче президент балдарын, ага-туугандарын бийликке алып келип алганын айтышат.

Президент К.Бакиев бийликке келген алгачкы жылы үй-бүлө мүчөлөрүн башкарууга аралаштырбасын бир курдай айтканы бар. Маселен, 2006-жылы К.Бакиев УТРКга интервью берип атып, өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасын айткан эле:
Kурманбек Бакиев

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Айта кетсек, президенттин кичүү уулу Максим Бакиев азыр өлкөдө экинин бири. Ал жетектеген Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги өлкөнүн бүтүндөй каржы-экономикалык тармагын көзөмөлдөп турат. Эл арасында аталган агенттик “жогорку өкмөт” деген атка конгон. Ал эми президенттин улуу баласы Коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары, иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматын башкарат, дагы бир иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде, дагы башкасы Сузактагы Ырыс айыл өкмөтүн жетектейт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ок бала каяктан: Алай
06.03.2010 13:54
Урматтуу азаттык силерге чооң рахмат. Атыңарга жараша иш кылып жатасыңар. Ушул бакиевдин сөзүн видеосу болсо сайтка чыгарып койбойсуңарбы силерден сураныч.

кимден: Алтынбек каяктан: Бишкек
06.03.2010 00:27
Бакиевдин балдары жөнүндөгү айткан сөздөрүн кайрадан Азаттыктан угуп алып бүткөн боюм дүркүрөп, жүрөгүм лакылдап, уктай албай чыктым. Ушундай да калпычы, ушундай да жүзү жок адам болобу деп таңкалдым. Ал эми ушундай кишини президенттикке түрткөн кишилер да өздөрү Бакиевге окшогон адамдар окшойт. Бу кишинин айтканынан кийин Кыргызстандын келечеги жогуна чындап ишене баштадым.

кимден: Баягы эле Кайратбек каяктан: Чымкент
05.03.2010 19:32
Андагы жыргатам куунатам деген Бакиев бүгүн башка иштерди жасап атат. Качанкыга чейин кыргыздар ушундай жашоого чыдашат экен... 17-мартта курултай каерде болот экен так дарегин айтып мага жөнөтүп койгулачы.

кимден: Адилет каяктан: Жалал-Абад
05.03.2010 17:49
Максымды, Жанышты, Акматханды,Марат-1, Марат-2 нин кызматтан кетирип, президенттин убадасы боюнча аны мөөнөтү бүткөнчө иштегенге мүмкүнчүлүк берип, жыйынтыгын көрүп ошого жараша иш кылуу керек.

кимден: kyrgyz каяктан: mıgrant
05.03.2010 15:06
Urmattuu mekendesh!!! General Isakovdun suttoy ak ekenine ishenbeym depsin. Oylonup jazbaysinbi!!!! Je senin dalilin bolso el aldina chigip ayt.Chek ara problemasin dal oshol Batkendikter jakshy bilet.Oylonup jaz.Isakov jonunda dagi bir nerse jazsan seni menen arkekce jolukkanga dayarmin/

кимден: Maratix каяктан: TR-BATKEN
05.03.2010 14:39
Rakmat Azattik silerge. Akievdin akirki ubaginda da ushintip aytip turdunar ele. Azir da zaman bashka, adamdar bashka birok oynolgon oyun bir. Chininda ele oshol kezde birden bir maksat Akaevdi ketiruu bolgon. Azir da maksat Bakievdi ketiruu emes anin orduna kim kelet oshonu oylonuu kerek. Orun almashtiruudan summa ozgorboyt. Oppozisiyada dele KGni guldotup jibere turgan ech kim jok. General Isakov dele suttoy apakay bolgonuna ishenbeym. Bolgonu biylikke karsi turgani uchun el kozundo abroyu kotorulup atat dep oyloym, antse de jokton koro jogoru degendey ani koldoshubuz kerek. Al emi azir dagi bir jolu tonkorush jasoonun keregi jok, bolgon kundo dele Lider jok kelgen lider dele ajoluk kila albayt. Bolgonu elibiz biylike kaalaganda taasir ete aluusun korgozushu kerek. A elibiz dele oppozisiyani kosh koldop koldop jibergeni jok. Elibiz japirt koldoshu kerek chikkan liderdi ozubuz korkoktuk kilip jash liderlerdi koldobosok anda liderler biylikke karsi emne kila almak bele. Kiskasi Jash liderlerge elibizdin koldoosu kerek. A anday lider ali sayasatka kele elek dep oyloym.

кимден: Исхак
05.03.2010 14:24
Менимче ажо бийлике кокусунан эле келгендей.Себеби ажо болуп жүргүзгөн саясаты акырын чоң саясий,экономикалык кризиске алып келди.Айткандарынын бири да ишке ашпай,кайра калп чыгып жатат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.03.2010 23:47
Эмнегдир интернет байланышы таталдашып баратат.
Бул жерде чындыктын үнүн,элдин үнүн өчүрүү аракеттери башталып жаткан жокпу...Ал эми оппозицияны эл колдоп жибербейт деген күмөндөр ойлорду таңууло туура эмес,эл үнүн угуш үчүн карапайым калк арасында көп болуу керек,жогортодон карап койуу аздык кылат.Акаев тууралу,Бакиев тууралу эл журтка эчак эле маалым болгон жагдайларды айтып сандырактоонун эмне кереги бар.Эл бүгүн жарылуунун чегине жетип калды,аянар эмнеси калды элдин,мекени чекесинен кетилип кетип жатса,эл байлыгын бир үй-бүлө каалагандай сатып жатса,баш көтөргөн балдарын атып жатса,камап жатса,айткылачы биз эмне кылышыбыз керек,отура берелиби өзүбүздү кошуп сатып жибергенге чейин.
Раматылык Докемдин айтканы бар,,эл Бакиевти кыйындыгы үчүн шайлаган жокпус,ошол кезде кимди болбосун президент кылып алуга даяр элек" деп.
Элге жек көрүнчү болгон Акаевти кетириш кана башкы максат болгон ошондо. Мына,биздин саясатчылардын сокурлугу,трагдиясы ушунда болгон. Эми болсо кокуйлап отурабыс.Бакиевтин бийлике келишине азыркы оппозиционерлер түгөл катышкан,бир Текебаевтен башкасы. Азыр экономикабыс да,элдин жашоосу да тунгуюка кабылды,мындай кезде БЕКтин даражасын ылдыйлатуунун камын көрбөй,андан көрө колдоп берели,азыркыдан жаман бары бир болбойт,эч болбосо жерибизди,эл байлыгын коргоп калалы.

кимден: kyrgyz каяктан: Mıgrant
04.03.2010 21:27
Men jaribagan akcha uchun talaada ar kanday korkud korup jurgon atuul katari, Kyrgyz armiyasin butka turguzgan patriat, atasina da uy saldyrbay Mekenge,Kyrgyzga, menin elime kyzmat kilip jurgon general Isakovdu kamagandardi ech kachan kechirbeym.Alardi Manas atamdin arbagi ursun.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)