Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:57

Кыргызстан

Апта окуясы: К.Бакиев Минскиден билдирүү жасады

Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин аялы жана эки кичине баласы менен Беларуска барышы, ал жакта туруп алып кызматтан кетпегени тууралуу билдирүү жасаганы бул аптанын башкы окуяларынан болду. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү муну айла кеткендеги жан-далбас катары баалашты.

Курманбек Бакиевдин көмүскөдөгү үй-бүлөсү. ( "Азаттыктын" кат куржунуна бир окурмандан түшкөн бул сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Текст көлөмү - +

Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевди Казакстан, АКШ, Орусия, Бириккен улуттар уюму, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму баш болгон күчтөр кепил болуп атып өлкөдөн чыгарып кетишкен. Казакстандын Тараз шаарынан ал президенттиктен кеткени тууралуу арызын жазып берип, анын түп нускасын кийинчерээк ЕККУнун ошол жакта жүргөн өкүлдөрү Убактылуу өкмөткө алып келип беришкен.

Кулатылган К.Бакиев Беларустан үн катканда

Беларус президенти Александр Лукашенко болсо коңшу өлкөдө жашынып отурган К.Бакиевди дүйшөмбүдө Минск шаарына алдырып кеткен. Кийин ал парламентте сөз сүйлөп атып, К.Бакиев менен кошо аялы, тогуз жашар кызы жана беш жашар уулу бар экенин айткан.

21-апрелде К.Бакиевди Беларус президенти А.Лукашенко Минскидеги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кеңсесине алып келип, ал журналисттерге чыгып тогуз пункттан турган билдирүү тараткан. Өз сөзүндө ал Кыргызстанда бийликти кылмышкерлер басып алганын, өзүн дале президент деп эсептээрин айтып, башка өлкөлөрдү Убактылуу өкмөттү тааныбоого чакырган болчу:

- Мен өзүмдүн кызматтан кеткенимди тааныбайм. Тогуз ай мурда кыргыз эли мени президент кылып шайлаган. Мен кыргыз элине кызмат кылууга ант бергем. Берген антымдан мени баш тарттыра турчу бир дагы күч жок. Мени бир гана өлүм токтото алат...

Ошентсе да азырынча Европанын акыркы диктатору атка конгон А.Лукашенкодон башка өлкө аны колдоп чыккан жок.

А.Лукашенко болсо К.Бакиевди жактап, ал Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн чын ниети менен иштегенин, Кыргызстанда куралдуу төңкөрүш болгонун, Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЖККУ) бир дагы мүчөсү кыйын абалда калган К.Бакиевге кол созуп койбогонун айтып, Орусия баштаган өлкөлөргө сын айтты. Ошондой эле ал Кыргызстан итке минген жакыр өлкө экенин, элдин жегенге тамагы, кийгенге кийими жок экенин айтып, К.Бакиевди өз мамлекетинде президент катары кабыл алганын баса белгиледи:

- Үй-бүлөнү биз талаага таштабайбыз. Биз анын балдарын, үй-бүлөсүн дарылайбыз. Эгер жардам керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүнө да жардам беребиз. Менин оюмча Кыргызстанда абал дагы деле калыбына келе элек. Кимде-ким алакан чаап, К.Бакиев өлкөдө жок деп аткан болсо, жаңылышат. К.Бакиев эч кайда кетпейт. Ал андай адам эмес. К.Бакиев өзүн президент деп эсептейт. Анан дагы эскертип коёюн, ал жактын эли да бүгүн эсине келе түштү.

Андан тышкары А.Лукашенко “Беларуста ушундай куралдуу төңкөрүш болуп, элдин башына балээ келсе аскерий-саясий бирикме болгон ЖККУга кирген өлкөлөр терс бурулуп кетеби?” деген суроону кабыргасынан коюп, андан көрө мындай уюмдун болбогону артык деген пикирин билдирди.

А.Лукашенконун пикиринде, Кыргызстандагы куралдуу төңкөрүштү үчүнчү күчтөр каржылаганы, атайын даярдалган адамдарды арак, баңги заттары, куралдар менен камсыз кылышканы көрүнүп турат. Ушуга окшош пикирин А.Лукашенконун жанына барган К.Бакиев да айтууда.

Кулатылган президент К.Бакиев эмнеге кызматтан кеткени тууралуу арызын тааныбай турганын төмөнкүдөй түшүндүрүүдө. Анын айтымында, ал Убактылуу өкмөткө анын санаалаштарын, туугандарын, жакындарын куугунтуктабоо талабынын негизинде гана арызын жазарын айткан. “Мага куугунтуктабоого сөз беришкен. Бирок азыр баары тескерисинче”,- дейт ал. К.Бакиев дал ушул себептен улам жазган арызын тааныбай турганын айтууда. Ошол эле маалда ал президент катары Кыргызстанга кайтуу ниети жок экенин айтууда.

Убактылуу өкмөт К.Бакиевдин айткандарын этибарга албоого чакырууда

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү К.Бакиевдин мындай жүрүшүн анын көнүмүш адаты, туруксуздугу катары баалашууда. Убактылуу өкмөттүн жетекчи орун басары, өлкөнүн каржы жана насыялар тармагын жетектеп аткан Темир Сариев бул боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, К.Бакиев кандай билдирүү жасаса да 7-апрелдеги 80 ашуун адамдын каны баарыбир коё бербесин, учурда адам өлүмдөрү жана экономикалык кылмыштар боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп атканын, анын негизинде К.Бакиевдин иши сотко өткөрүлөрүн айтат. Ал эми К.Бакиевдин Убактылуу өкмөттү тааныбайм дегенин азыр эч ким укпайт:

- Бизде баш мыйзамда жазылып турат, “Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн ээси, бийликтин бирден-бир тиреги эл” деп жазылып турат. К.Бакиев тааныйбы-тааныбайбы маанисиз. Эң негизгиси Убактылуу өкмөттү эл тааныйт.

Эми алыска барып алып, качып кетип, көп адамдарды зордук-зомбулук менен өлтүрүп, башпаанек тапкан жерге барып алып эми өзү жазган арыздан баш тартканы, “мен мамлекет президентимин” дегени, бул – дагы бир жолу кыргыз элинин, дүйнө коомчулугунун алдында туруксуздугун көрсөткөнү. Көрсө бул кишиге бийлик эле керек экен.


Ал эми Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсаловдун ырасташынча, К.Бакиев кыргыз элине карата абдан чоң кылмыш жасады. Эми анын күнөөсүн тиешелүү органдар далилдеп, сот мыйзам боюнча жазалашы керек. Ошондой эле ал Беларустун жетекчилигине, К.Бакиевге ошол жерде отуруп алып Кыргызстанда тополоң уюштуруусуна жол бербөөгө чакырды:

- Бул кишинин эки жүздүүлүгү эми жалпы кыргыз элине гана эмес, жалпы эл аралык коомчулукка, дүйнөгө белгилүү болуп атат. Биз дагы бир ирет айтып коюшубуз керек. Бул киши кылмышкер. Экинчиден, биз Беларус өлкөсүнө кайрылып кетишибиз керек. Анткени, ошол Беларус мамлекетинин территориясын пайдаланып, ошол жерде туруп алып кайра Кыргызстанга бейпилсиздик алып келе турган болсо жаман болот. Албетте өнөктөш мамлекет катары Беларус буга жол бербеши керек.

К.Бакиев – көп аялдуу президент болгон

К.Бакиевдин Кыргызстандан көмүскөдөгү аялы, тогуз жашар кызы жана беш жашар уулун ала качканы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Анын ырасмий аялы эмес, башка аялы менен качканын Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын жетектеп аткан Азимбек Бекназаров ырастады. “Азаттыктын” күйөрмандары телефон аркылуу да, интернет баракчабыз аркылуу да мурдагы президенттин көп аял алганын, кийинкилерин жашырып жүргөнүн катуу сындашууда.

Аял укуктарын коргогон “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, К.Бакиевдин үчүнчү аялы жана кичине балдары менен качканы дүйнөгө дүң болуп атканда, чет жерде кандайдыр бир билдирүү жасабай эле тынч жатса болмок. Эми аны териштирилип аткан башка кылмыш иштерине кошуп, көп аял алуучулук боюнча да соттоо керек:

- Аялдардын укуктары тебеленип атат. Мына, полигамияны мыйзамдан алып салабыз деп атышат. Анда эмне болот Кыргызстанда. Биз анда эмне диний мыйзамдар менен жашап калабызбы. Бирок диний мыйзамдар болгондо да калп айтпаш керек экен да. Биринчи аялынан уруксат сурап, ачык айтып, нике кыйып анан ага барыш керек экен. Бирок ал диний эрежелер биздин баш мыйзамга туура келбейт.

Мен да бүгүн ушул маалыматты окуп алып төбө чачым тик туруп атат. Эмне үчүн президент тогуз жашар жана беш жашар балдарын ушунча жыл катып жүрдү? Эми азыр кетип атканда ушинтип билинип атат. Эми андан кийинкилер эмне кылат?


Саясат иликтөөчү Марс Сариев “Азаттыкка” билдиргендей, эми кандай болгон күндө да Бакиевдердин ыры ырдалып бүтүп калды. Учурда алар керт башынын жана жыйган байлыктарынын камын жеп, акырына чейин соодалашып атышат:

- К.Бакиевдин арызынын түп нускасын ЕККУнун, Казакстандын өкүлдөрү Убактылуу өкмөткө алып келип бербеди беле. Бул жерде ал ошол мамлекеттерди да мыш кылып отурат. Менин оюмча К.Бакиев башка бир чоң күчтөрдүн же ошол эле Беларуска окшогондордун оюнчугу, марионеткасы болуп калды го.

Ал кызматтан кеткенден кийин, ошол Беларуста баш калкалап отургандан кийин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн унчукпай эле коюшу керек болчу. Өзү деле түшүнүп атат, мунусу бул жактагы ахыбалды курчутушу мүмкүн. Бирок К.Бакиевдин бийлиги эми келбейт да. Аны деле түшүнүп турат. Менимче бул башка эле күчтөрдүн оюну. К.Бакиевге үмүт берип атышат, ушундай кыл деп. Үчүнчү күчтөргө Кыргызстандагы кырдаалды курчутуш керек болуп атат. Биз билебиз, Борбор Азиядагы коңшуларыбыздын баары диктаторлук-авторитардык режимдер. Орусияда деле авторитардык режим турат. Ошондуктан К.Бакиевдин билдирүү бирөөлөргө керек. Анткени ушул режимдер чочулап атышат, “Кыргызстандагы революцияны кантип жайылтпай, Орусияга чейин кантип жеткирбеш керек” деп ойлонуп атышат. Менимче К.Бакиев бирөөлөрдүн оюнчугу болуп калды.


Эскерте кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 7-апрелде бийликтен кулатылды. Ошол күнү алгач Бишкектеги Социал-демократтар партиясынын кеңсеси алдына чогулган элге күч колдонулуп, андан соң Ак-үйдүн алдына келген митингчилер менен кагылышуу болуп, натыйжада сексенден ашуун адам көз жумуп, бир жарым миңдейи түрдүү жаракат алышты. Куралдуу тобу менен Жалал-Абадга качып барган К.Бакиев бир жумадай ошол жерде жатып, 15-апрелде Ош шаарында митинг өткөрүп аткандарга барган. Миңдеген митингчилер аны Ош шаарынан эки жүздөй тарапкерлерине кошуп кууп салышкан. К.Бакиев менен анын иниси Жаныш Бакиев куралчандарынын коштоосунда, асманга ок чыгарып атып араң кутулушкан. Ошол күнү кечке жуук ал Жалал-Абаддан Казакстандын аскерий учагына отуруп, үчүнчү аялын, тогуз жашар кызын жана беш жашар уулун алып өлкөдөн чыгып кеткен.

К.Бакиевдин ырасмий аялы орус улутундагы Татьяна Бакиева. Андан Марат жана Максим аттуу уулдары бар. Өзү президент кезинде улуу баласы Марат Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары болсо, кичүү уулу Максим Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигинин жетекчиси болуп, өлкөнүн каржы-экономикалык тармагын өз колуна алып, премьер-министрден да чоң күчкө ээ болуп турган. Анын башка ага-инилери, жакын туугандары да мамлекеттик чоң кызматтарга отурууга жетишип калышкан.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бирoo
10.05.2010 11:42
Дастан братишка.бoлуп суйлoгoнду кoелучу ее.Ынтымак бoлoлу деген сайын сендейлер тoйгoзду!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.05.2010 10:56
Бакиев биринчи жолу шайланганда коп жакшы иштерди аткарды аны эч ким тана албайт, болгону экинчи моонотко откондо катачылык кетирди деп ойлойм, эми убактылуу окмоттун да дараметин королучу,

кимден: Муса
26.04.2010 22:17
Убактылуу окмот убактылуу бойдон калат. Булар ТВ, радиону басып алып, жалган маалымат менен элди алдай албайт. К.Бакиев КР коп жакшылык кылды, Камбар-Ата ГЭСин курду, эми УО биз курдук деп чыкпаса болду, бюджетти 6 эсеге кобойтту, пенсияларды индексациялап жатты, коптогон коп кабатту уйлор курулду, Бишкек онукту, эми региондорду онукторобуз дегенде баскынчылар тоскоол болду

кимден: айзирек каяктан: ош
26.04.2010 21:19
рахат жана дастан Инилерим силердин созунорго ЖООП оштук сартбай менен мурдунун учун коргондор мусулмандар адамгерчулуктуу инсандар

кимден: Айнура каяктан: Каракол
26.04.2010 18:27
Бакиевдин да созун-унун угуш керек. Ал эми У.Окмотко айтарым, Элдин канынан жаралган бийлик жакшылыкка алып барбайт. СССР деле 70 жылдан кийин урап калды. Дегеле, бийлик учун кан-жанын бергендерди Баатыр дешке оозум барбайт.

кимден: БАЛА каяктан: РАША
26.04.2010 14:58
БАКИЕВ... УЯАЛБАЙСЫНБЫ?? СЕНИН КОЗУНЧО ЛУКАШЕНКО(БАТЬКА) КЫРГЫЗ ЭЛИН ЖАМАНДАП АТАТ. АЛАР МЫНДАЙ АЛАР УШУНДАЙ ДЕП... СЕН КЫРГЫЗСЫНБЫ НЕГИЗИ БЕТСИЗ НЕМЕ ЭКЕНСИН. УЯТ САГА....

кимден: Патриот каяктан: Оштон
26.04.2010 09:57
Урматтуу шеринечилер!
Башканын "аласына" кызыгып денгээлинерди (Кыргыздын денгээлин!) тушурбогулочу. Торолобуз мусулманча, АНАН олобуз мусулманча. А жашообуз ДИНСИЗ! Мына биздин проблема. Динибиз Ислам дейбиз! Куран окуйбуз... Мечитеттен чыккандан кийин жашообуз динсиз уланат. Мына биздин проблема! Дин болбогон жерде напси ойгонот. Напси ойгонгон жерде эч тукко турбаган маселелер опол тоодой корунуп, байлык, бийлик учун керек болсо бири-бирибизди ата баштайбыз. Динибизде коп аялдуулук кыянатчылыкка жатпайт. Аялынын ала жипти аттаган, зынаа кылган накта кыянатчылык болуп саналат.

кимден: Rahat каяктан: Bıshkek
26.04.2010 09:17
Урматтуу, "оштук сартбай" Формудун алдында эмне болгонун сиз кайдан билесиз? СНБ ошол куралдарды элге каршы колдонобуз деп алып чыкпаганда алар кайдан элде болот эле? Анан айтынызчы Бакиевдин кайсы жакшылыгын кордунуз? Инвесторлордон кам санабаныз. Алар 2005-жылдан кийин деле келген дагы деле келе беришет. Айрыкча эми "Бакиевдин неофеодалдык" доорунан демократиялык коомчулук куруп алсак, келбегенин королу...

кимден: muha каяктан: bishkek
25.04.2010 20:33
kanday bolgon kundo da ekige bolunuudon ech kanday jyiyntyk chykpait i chykkanda emes ,birok tomonku myndan 14 kylym murun aytyp ketken paigambarybyzdyn hadisin unutpsak.paigambarybyz mynday degen:besh turduu nersege besh kesepet bar.
1-egerde koom ozunun bergen ubadasyn buzsa anda al koomdu birin birine dushman kylyp koiot,
2-allahtyn tushurgon myizamynan bashka menen okum chygaryshsa al koomgo jakyrchylyk kelet,
3-buzukuluk achyk bolup kalsa anda kokustuk olum koboiot,
4-tarazydan,jana metrajdan aldap ish jurguzso anda dyikanchylyktaryn tushumsuz kylyp jaan chachyndy kerektuu uchurda tyiyp koiot,
5-alemi zeketterin berbei koiso anda alarga jaan jaadyrbay koiot myna! korduk emne bolduk ubadalardy toltura berip kelishimdi atkarbai koidu ele ozubuzgo ozubuz dushman bolduk anan aityp koioiun oshtuk sen ozuncho bolunbo erten kyiamatta bolungondugun uchun joop beresin biz bir ata bir enenin baldarybyz al adam ata jana obo ene men dele oshtonmun birok maga mekenim bir anyn baaryn kydyrgam i baary maga bir meken

кимден: колдук кыз
25.04.2010 17:12
экинчи аялы бар деп уккам, бирок учунчу деп жаткандары танкалычтуу., анда тортунчусу да бардыр.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)