Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Түркмөн бийликтерин сестенткен сүрөт


Тугуров тарткан сүрөт
Тугуров тарткан сүрөт

Ашхабатта белгилүү түркмөн сүрөтчүсүнүн көрсөтмөсү бийликтердин тыю салуусунан улам болбой калды, бирок бийликтер көзү өтүп кеткен Токар Тугуровдун сүрөттөрүн эмне үчүн көрүүгө болбой тургандыгына түшүндүрмө берген жок.

Токар Тугуров 65 жылдык мааракесинде чыгармачылык отчет берип, көргөзмө өткөрсөм деп жүргөн экен. 2008-жылы, 64 жашында кайтыш болгон маркумдун ушул тилегин эске алып, Тугуровдун урук-туугандары, жоро-жолдош, кесиптештери анын юбилейлик көрсөтмөсүн өткөрүүгө бир нече жолу аракеттенишкен, бирок бийликтер такай тыюу салып келген. Быйыл да бул тилек ишке ашпай калды.

Ашыркули Байрыев - түркмөнстандык көз карандысыз журналист. "Азаттыкка" даярдаган баяндамасында Байрыев Токар Тугуровдун ысмы Борбор Азия боюнча эл аралык энциклоподияга кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысмы менен катар киргенин белгилеп, анын көргөзмөсү кандайча болбой калгандыгын айтып берди:

- 28-майда кечки саат төрттө Ашхабаттагы сүрөтчүлөр Биримдигинде Тугуровдун көрсөтмөсү башталмак. Бул жөнүндө кире бериште жарнама илинип турган. Биз саат төрттө келсек, көрсөтмө залынын бардык эшиктери жабык. Карасак, көрсөтмө болбойт деген жазуу бар экен. Бирок анда мындай чечимди ким кабыл алганы, себептери тууралуу эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Тугуров өз чыгармасы менен

Тугуровдун чыгармалары бүгүн көп өлкөлөрдө көрсөтмө, музейлерде, жеке коллекцияларда бар. Көзү тирүүсүндө түркмөн бийликтери ага кээде гана чет өлкөгө барууга уруксат беришкен, бирок сүрөттөрү эл аралык көрсөтмөлөрдө коюлуп келген.

Өткөн аптада бийликтер Ашхабаттагы Көркөм Өнөр музейинде эскерүү кечесин уюштурган. Ага сүрөткердин достору, кесиптештери менен катар, АКШ элчилигинин өкүлдөрү келген. Ушуга караганда, андан эки күндөн кийинки көрсөтмөгө эмне үчүн тыю салынганы табышмак.

Сөз кайрадан Ашыргули Байрыевде:

- Тугуровдун чыгармачылыгын баалаган күйөрмандар көп келишти. Негизинен сүрөтчүлөр, жазуучулар, акындар, орто жана жогорку окуу жай мугалимдери болушту. Алтургай, Мари, Ахал, Балкан вилаяттарынан да келгендер бар экен. Бирок алар Тугуровдун чыгармаларын көрүп, аларга баа бере алышкан жок...

Сүйүктүү сүрөтчүсүнүн эмгектерин көрө албай томсоргондордун арасында түркмөн интеллигенциясынын дагы бир өкүлү Бердымурат Батыров болду. Ал "Азаттыкка" бийликтердин «шаарда башка маданий иш-чаралар көп» деп түшүндүрмө бергендигин, бирок иш жүзүндө өкмөттөгүлөр интеллигенциянын шаардын борборунда өз алдынча чогулганын каалабай тургандыгын билдирди.

Тугуров Эл аралык сүрөтчүлөр федерациясынын жана Орусиянын Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү болгон. Бул биримдиктин арачылыгы менен ал мындан бир нече жыл мурда Францияга келип, Париждеги Сүрөтчүлөр Резиденциясында эмгектенген. Эмка – Париждеги Эмка галереясынын көркөм директору. Ал Тугуров менен ошондо таанышкан. Тугуров ага келечек көрсөтмөгө деп бир нече сүрөттөрүн калтырып кеткен, бирок андан көп өтпөй Ашхабаттан атактуу сүрөткердин өлүмү тууралуу кабар келген. Эмка былтыр жазда өз галереясында Тугуровдун чакан көрсөтмөсүн уюштурган. "Азаттык" менен маегинде уюштуруучу сүрөтчүнү дүйнөгө таанымал сүрөткөрлердин катарында атаган.

Тугуровдун сүрөтү

Ал эми Ашхабатта Ашыркули Байрыев ушул аптада көргөзмө даярдалып жатканда эле Сүрөтчүлөр биримдигине келип, сүрөттөрдү көрүп кеткен. Ал Тугуров өтө эмгекчил сүрөткер болгондугун белгилеп, бул оюн кошумчалады:

Көрсөтмө ачыла электе эле бир нече жолу келип, коюлуп жаткан сүрөттөрдү көргөм. 500 чакты сүрөт бар болчу. Бул сүрөттөрдү Тугуров кезегинде өзүнүн 65 жылдык мааракесине деп чогулткан экен. Көзү тирүү болгондо, дагы кыйла сүрөттөрүн топтоп, дагы тартып, миң сүрөт коймогу экени анык.

Бул жерде Тугуровдун Париждеги көргөзмөсүнөн репортажды окуй аласыз:
http://www.azattyk.kg/content/article/1503442.html



XS
SM
MD
LG