Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Кыргыз футболу жаңы тепкичке көтөрүлөт


Топ лиганын алкагында болгон "Дордой" менен "Абдыш-Ата" клубдарынын беттеши. 5-ноябрь, 2014-ж. Кант шаары.
Топ лиганын алкагында болгон "Дордой" менен "Абдыш-Ата" клубдарынын беттеши. 5-ноябрь, 2014-ж. Кант шаары.

Кыргыз футболу 2015-жылдан баштап жаңы тепкичке көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. Кыргызстандын жогорку лигасында ойногон футболдук клубдарды Азия футбол конфедерациясы лицензиялоодон өткөрүүдө.

Ушул жылдан баштап Кыргызстан Азия футбол конфедерациясынын Kick OFF программасына кошулган.

Программанын алкагында маркетинг, медиа тармагын өнүктүрүү жана клубдарды лицензиялоо каралган.

Клубдарды лицензиядан өткөрүү менен кыргыз футболунун деңгээли жогорулай тургандыгын Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев белгилейт. Анын айтымында, лицензия алган клубдар гана келерки жылдан баштап топ лигада жана эл аралык мелдештерде ойной алат.

- Лицензиялоо футболдун өнүгүшү үчүн жаңы тепкичтердин бири. Эгер футболду жогорку даражага көтөрөлү десек, бул талаптарды аткарышыбыз керек. Буюрса сегиз команда өтүп калса, 2015-жылы топ лигада сегиз команда ойнойт. Өтпөй калгандары жогорку лига саналган топ лигада ойной албайт. Мурда топ лигада оюндар апрель айында башталып, ноябрь айынан баштап тыныгуу жарыяланчу. Келерки жылдан баштап клубдар жыл бою ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Кант шаарындагы борбордук футбол талаасы. 5-ноябрь, 2014-ж.
Кант шаарындагы борбордук футбол талаасы. 5-ноябрь, 2014-ж.

Лицензиялоо талаптарында клубдун оюн талаасы, кеңсеси, машыктыруучусу Pro категориясындагы жогорку квалификациялуу, интернет сайты жана дагы клубдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн тиешелүү адистер болушу керек.

Башкы катчы Дастан Конокбаев бул талаптар клубдардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга да зор салымын кошоорун белгилейт.

- Дарыгерден сырткары, маалымат катчы, маркетинг боюнча иш жүргүзгөн, трансферлерди өткөрүү боюнча атайын адиси жана каржы иштерин жөнгө салуучу кызматкери болуш керек. Андан сырткары ар бир клубдун өспүрүмдөр курама командалары болушу керек. Алар өлкөнүн чемпионаттарына катышуулары зарыл. Бизде 14 жаштан 16 жашка чейинки жаш курактагылар арасында улуттук чемпионаттар бар. Ал мелдештерге катышпаса лицензия берилбей калышы мүмкүн.

Кыргызстандын жогорку деп саналган топ лигасында быйылкы жылы сегиз клуб ойноду.

Кыргызстандын футбол лигасынан кабарлашкандай, бул клубдардын арасынан бүгүнкү күндө лицензия алуу үчүн жети клуб: “Дордой” (Бишкек), “Абдыш-Ата” (Кант), "Алга" (Бишкек), "Ала-Тоо" (Нарын), "Нефтчи" (Кочкор-Ата) жана "Манас" (Бишкек) клубу документтерин тапшырышкан. Куршабдын “Алдиер” клубу азырынча документтерин бере элек. Аталган клубдун президенти Алтын Ташиев лицензиялоо талаптарын аткаруу оор болууда дейт.

- Лицензиялоо талаптарын аткаруу оор. Акыркы мөөнөт 25-ноябрда деп белгиленген. Ошол убакытка чейин мүчүлүштүктөрдү жоюп, документтерди тапшырып калуу үчүн аракет кылып жүрөбүз. Биздин клуб айылдык клуб болуп саналат. Былтыр биринчи лигада чемпион болуп, топ лигада ойноого жолдомо алганбыз. Быйыл чемпиондуктун жыйынтыгында сегиз команданын арасынан бешинчи орунду алып, алдыга коюлган тапшырмабызды аткардык. Эми лицензия алып калсак, кийинки жылы кайрадан Кыргызстандын чемпиондугунда ойноп калабыз деп ишенем.

2014-жыл «Дордой» клубу үчүн олжолуу болду. "Дордойчулар" чемпион болуудан сырткары Кыргызстандагы эң негизги байгелер болгон «Супер кубокту» жана «Кыргызстан кубогун» ута алышты. 5-ноябрь, 2014-ж. Кант шаары.
2014-жыл «Дордой» клубу үчүн олжолуу болду. "Дордойчулар" чемпион болуудан сырткары Кыргызстандагы эң негизги байгелер болгон «Супер кубокту» жана «Кыргызстан кубогун» ута алышты. 5-ноябрь, 2014-ж. Кант шаары.

Кыргызстандын футболдук клубдарынын арасынан лицензияга ээ болуу “Дордой” жана “Абдыш-Ата” клубдары үчүн өзгөчө мааниге ээ. “Дордой” быйыл тогузунчу жолу өлкө чемпиондугун утса, “Абдыш-Ата” бешинчи жолу күмүш байгени тагынды.

2014-жылдан баштап Азия чөлкөмүндөгү өлкө биринчиликтеринде алтын жана күмүш байгесин уткан командалар Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн мелдештерге катыша баштаган. 2015-жылдагы АФК кубогу үчүн беттештерде "Абдыш-Ата" квалификациялык баскычтан, ал эми "Дордой" тайпалык тандоо оюндарынан мөрөй талашууга чыгат. Мелдештер 2015-жылдын февраль айында башталат.

Азия футбол конфедерациясынын лицензиясын алуу 2015-жылдын аягында биринчи лигада ойногон клубдарга да милдеттүү болот.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG