Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

АЛТАЙ БӨРҮБАЕВ: «МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ «БЮДЖЕТ ЖӨНҮНДӨГҮ» КОДЕКСТИН НЕГИЗИНДЕ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КЕРЕК»


18-апрелде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын иштегенине үч жыл толду. Бул датага байланыштуу спикер Алтай Бөрүбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, палатанын ишмердүүлүгү жана анын алдында турган милдеттер тууралуу маалымат берди.

Cпикер Алтай Бөрүбаевдин айтымында, палата үч жыл аралыгында натыйжалуу иштеп, 64 мыйзамды кабыл алып, 133 мыйзамды жактырды:

- Ушул үч жыл ичинде кворум жагынан бир да жолу пленардык отурум үзгүлтүккө учураган жок. Бир да жолу сессиябызды жылдырган жокпуз. 15 жолу сессия өткөрүлүп, 110 пленардык отурум болду. Ал отурумдарда 522 маселе каралып, 727 токтом жана чечимдер кабыл алынды.

Төраганын сөзүнө караганда, палатанын негизги милдети – мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамдарды өз убагында кабыл алуу болгондуктан, ал катуу тартипке салынды.

- Мурдагы чакырыктагы депутаттарга салыштырмалуу кийинки үч жылда биз бюджетти өз убагында - 1-январга чейин кабыл алып берип жатабыз. Айрыкча, акыркы эки жылда финансылык жылдан бир ай мурун кабыл алууга үлгүрдүк, - деди Алтай Бөрүбаев.

Палата бюджеттин реалдуу ишке ашырылышы үчүн өткөн жылдан тартып биринчи иретте акимдер, губернаторлор, жергиликтүү кеңештердин жетекчилери менен кеңешип, мыйзамга чыныгы каражат көлөмүн камтууга аракет кылууда. Андан тышкары депутаттар өкмөт көрсөткөн киреше булактарынан тышкары көз жаздымда калган киреше жолдорун табууга аракет көрүшүүдө. Натыйжада, 2003-жылдын бюджетин түзүүдө депутаттар бюджетке бир нече каражат булагын киргизүүнү сунушташты. Ал тууралуу спикер Бөрүбаев:

- Биздин депутаттар 800 миллион сомдук жаңы каражат булактарын таап беришти. Анын 321 миллион сом алына турган жолу өкмөт тарабынан таанылып, бюджетке киргизилди, - деп билдирди.

Мындан тышкары, палата ушул жылдан баштап ишкана-мекемелер ортосундагы «өз ара эсептешүү» деген түшүнүктү жойду.

- «Өз ара эсептешүү» деген жел акча болчу. Тигил же бул министрлик же чарбалар бири-бирине кат жазышып эле, карыздарын жоюп коюшчу. Азыр накталай акча түрүндө гана жоюуга милдеттүү болуп калышты. Бул зор жетишкендик. Ошондуктан биз муну катуу көзөмөлгө алабыз, - дейт Алтай Бөрүбаев.

Анткен менен азыр бюджет кабыл алууга өзгөчө мамиле кылууга убакыт жетти. Ошондуктан палата «Бюджет жөнүндөгү» кодекстин долбоорун даярдоого киришти. Анын зарылдыгы тууралуу Алтай Бөрүбаев мындай дейт:

- «Бюджеттик укуктардын негиздери» деген мыйзам азыр иштеп жатат. Бирок, ал мыйзамда өз ара эсептешүү, мекемелер ортосундагы байланыш сыяктуу маселелер толук чагылдырылган эмес экен. Ал мыйзамда көп маселелер жок болгондуктан, биз бюджетти кабыл алууда талашып-тартышып калабыз. «Мындай жобо мыйзамда жок экен, мыйзамда жок болгондон кийин эмне кылабыз?» деп отуруп калган учурлар көп. «Бюджет жөнүндөгү» кодекс мына ушундай талаш учурларды жөнгө салмак. Бул бизди ошондой мыйзам кабыл алууга түртүп жатат.

Палата үч жыл ичинде эл аралык байланыштарды, анын ичинде парламент аралык кызматташууну жөнгө салды. Натыйжада, азыр палата менен Орусиянын, Кытайдын, Түркиянын жана Беларустун парламенттери менен болгон алакалар күч алды. КМШга жана Евразия Экономикалык Шериктештигине кирген мамлекеттер ортосунда бир типтүү мыйзамдарды даярдап, кабыл алуу кадимки көнүмүшкө айланды. Андан тышкары, Кыргызстандын аймагынан тыш жактагы жана өлкө ичиндеги миграцияны жөнгө салууга катуу көңүл буруп, кыргыз депутаттары КМШнын жана ЕвразЭСтин парламент аралык комиссиялары менен бирге бул маселени далай жолу талкуулашты. Ушундан улам палата маселени жеткиликтүү чечиш үчүн атайын бир мекемени кайра түзүү зарыл деген бүтүмгө келди.

- Ушул маселени тартипке салыш үчүн биз өкмөткө миграция боюнча атайын агенттик түзүүнү сунуштадык. Ошол агенттиктин кызматкерлери сыртка кетип жаткан мекендештердин чакырыктары, ишке орношуусу жана башка маселелери боюнча кабар алып турушса бир топ жеңилдиктер болоор эле, - дейт Алтай Бөрүбаев.

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин эл арасында «Жогорку Кеңеш таратылат» деген имиш кеп пайда болду. Алтай Бөрүбаевдин билдирүүсү боюнча, буга эч кандай негиз жок. Парламент Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин иштейт жана өз структурасында эч кандай өзгөртүүлөрдү жүргүзбөйт. Анткени палатадагы комитеттердин саны Конституцияда көрсөтүлгөндөн ашпайт.

XS
SM
MD
LG