Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

СОВЕТ ДООРУНА ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНЫН ИЗИЛДЕНИШ ДЕҢГЭЭЛИ


XVIII к. экинчи жарымынан тарта кыргыз эли тарыхый изилдөө тармагына тартылгандан баштап, энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын байланышы жөнүндөгү маселе илимий иликтөөнүн негизги темасы болуп келет.

1713-1722-жылдары Сибирде жашаган швед туткун офицери Ф.И.Страленберг тарабынан табылган руникалык жазуулар Россия илим коомчулугунун көңүлүн буруп, түркий этностордун байыркы маданият башатын аныктоого чыйыр жол салынышына өбөлгө болду.

Кыргыздардын тарыхын изилдеген орус окумуштуулары Г.Ф.Миллер, Е.И.Фишер, И.Г.Георги, А.И.Левшиндер орто кылымдардын соңку мезгилинде энесайлык кыргыздардын Теңиртоого көчүп келгендигин белгилешкен.

Ал эми кытай жазма даректерин орус тилине которгон белгилүү синолог Н.Я.Бичурин кыргыздар байыркы мезгилден тарта эле Теңиртоо менен Чыгыш Түркстанды мекендеп келген деген оюн айткан. Ушундай эле көз карашты Карл Риттер да жактаган.

XIX к. ортосунда кыргыз жерин кыдырып, эл менен таанышып, бай фольклордук маалымат чогулткан таанымал казак окумуштуусу Ч.Ч.Валиханов санжыра маалыматтарга таянып, теңиртоолук кыргыздарды байыркы мезгилден тарта эле Анжиян менен Ысыккөл чөлкөмүндө жашаган деп белгилеген. Окумуштуунун илимий тыянагына караганда, кыргыздар байыркы мезгилде эле Энесайдан Теңиртоого чейинки көчүп-конуп жүрүшкөн. Кыргыз элинин эки очокко бөлүнүшү, моңгол жапырыгынын маалында же ага чейин болушу толук ыктымал деп, «кыргыз» аталышын ал этимологиялык эле окшоштук эмес, бир элдин белгиси экендигин айткан.

Батыш европалык тарыхчылар арасынан кытай жазма булак даректерин колдонуп кыргыз тарыхын изилдеген Вильгельм Шотт энесайлык жана теңиртоолук кыргыздарды бир этнос катары караган.

1862-1869-жылдары Түштүк Сибирь жана Кыргызстанды кыдырган академик В.В.Радловдун эмгектери жарык көргөн. Академик В.В.Радлов энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тегин бир эл катары кароо менен алардын этникалык тарыхы боюнча маанилүү көз карашын билдирген. Академик «Кыргыздар боюнча баяндамасында» кыргыздардын бир бөлүгү Х кылымда Теңиртоого көчүп келип, азыркы кыргыз элинин негизин түзгөн, кийин Чыңгысхандын жапырыгына кабылган кыргыз элинин басымдуу бөлүгү Энесайдан качып, Теңиртоонун батыш жагынан орун алышкан, деген оюн айткан.

Негизинен этнографиялык маалыматтарга басым жасаган окумуштуу Н.А.Аристов кыргыздарды усун этносунун теги катары караган. Ошол эле кезде, б.з.ч. II к. орто ченинде Борбордук Монголияда жашаган кыргыз жана түрк уруу бирикмесинен турган усун союзу хунндардын жапырыгы менен Батыш Теңиртоого көчүп келишкен, деген тыянак чыгарган. Окумуштуунун болжолуна караганда, усун союзундагы уруулар менен энесайлык кыргыздар бир эл болушкан жана алардын түпкү бабалары түрктөр, динлиндер менен аралашып кеткен.

Жазма маданият даректерин, археологиялык материалдарды эске албай, жалаң этнографиялык маалыматтарга таянып, кыргыздарды усун союзунун катарына киргизген Н.А.Аристовдун көз карашы азыркы кыргызтаануу илиминде колдоого алынган жок.

Орто кылымдардагы кыргыздардын тарыхы боюнча олуттуу изилдөөлөрдү жасаган окумуштуулардын бири Г.Е.Грумм-Грижмайло болгон. Ал энесайлык кыргыздардын европеоид расада экендигин белгилеп, алардын динлиндер менен этногенетикалык байланышта болгондугун айткан. Г.Е.Грумм-Грижмайло IX к. жарымында кыргыздардын эки канатка бөлүнгөндүгү боюнча академик В.В.Бартольддун көз карашын колдоп, 840-жылы энесайлык кыргыздардын бир жарымы Теңиртоого жер которгон деп эсептейт. Ал эми соңку кыргыз элинин куралышына бурут компоненти чечүүчү роль ойноп, буруттар XIII к. Түштүк Сибирден Теңиртоого көчүп, кыргыздар менен аралашуунун натыйжасында өз этнониминен ажыраган деген оюн айткан.

Орто кылымдардагы кыргыздардын тарыхын изилдөөдө академик В.В.Бартольддун салымы өзгөчө бөлүнүп, илимпоз белгилеген проблемалар азыркы күндө да актуалдуулугун жоготпой, айрыкча, илимге талпынган окумуштуулар үчүн маяк сымал кызмат өтөп келет. 1893-1894-жж. Орто Азияга илимий экспедицияга келгенден тарта, академик түрк тилдүү этностордун этникалык, этномаданий тарыхы боюнча көөнөргөс эмгектерди жараткан. Асыресе, XIX к. аягы ХХ к. башталышында илим тармагына кытай жазма булактарынын, араб-перс авторлорунун даректеринин кадыресе тартылышы жана аларды байырлап изилдөө багыты да В.В.Бартольддун калемине таандык.

Академик В.В.Бартольд кыргыздардын байыркы мезгилден тарта XIX к. аягына чейинки тарыхын, ошол кезде белгилүү материалдарды жалпылаштырып колдонуу жолу менен изилдеген. Ошондой эле Энесайдагы Кыргыз каганатынын өнүгүү баскычтары В.В.Бартольд тарабынан так белгиленип, Борбор Азиядагы түрк тилдүү этносторунун бийлиги Кыргыз каганатынын соңу менен аяктаарын аныктаган.

В.В.Бартольд «IX –X кк. Кыргыз Улуу дөөлөтү» деген аталышты тарых илимине тартуулоо менен катар, анын саясий, коомдук-экономикалык жактан калыптаныш себептерин аныктоого аракет кылган.

Асыресе, ошол убактагы кыргызтаануу илими боюнча жазма булактардын жетишсиз изилдениши жана археологиялык материалдардын так классификацияланбагандыгы кыргыздардын этносаясий тарыхын тактоого жолтоо болгондугу байкалат. Ошондуктан, В.В.Бартольд кыргыздардын баштапкы мекенин Батыш Монголиядагы Кыргыз-Нур көлүнө жайгаштырган. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, В.В.Бартольд Чыгыш авторлорунун маалыматтарынын негизинде энесайлык кыргыздардын IX кылымдын экинчи жарымында Чыгыш Теңиртоого жер которгондугун далилдей алган.


Сүрөттө: В.В.Бартольд (1869 - 1930)
XS
SM
MD
LG