Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

АЛТЫНБЕК САПАРАЛИЕВ: "ЧОРО КОЖОМЖАРОВГО ЖОЛУККАН ТАГДЫРЫМА ЫРАХМАТ"


Республиканын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Сапарлиев чыгармачылыктын түйшүгү жана кыргыз эстрадасынын башатында турган Чоро Кожомжаров жөнүндө "Азаттыкка" интервью берди.

- Алтынбек мырза, байыртан эле өнөрлүүлөр арасында устат болуу, шакирт күтүү, азыркы күндө педагогдордон окуу, таалим алуу бар экенин жакшы билесиз. Угуучулардын арасында сиздин улуттук эстраданын баштоочуларынан болушуңузга кезегинде эстрада музыкасын беш колундай билген Чоро Кожомжаров устат болгон деген кеп-келечтер айтылып келет. Эгерде ошол кеп чын болсо, устатыңыз кандай адам, музыкант эле, сизге жалпы эле ырчыларга кандай маңыздагы чыгармаларды сунуштачу эле?

- Чоро Кожомжаров деген жигитке жолуккан өзүмдүн тагдырыма ыраазымын. Анткени 1968-жылы филормонияга келип, эки жылдык студияда окуп жаткан элем. Ошондо көрсө Чоро мени баамдап, байкап жүрүптүр. Көп узабай эле өзү жаңыдан уюштурган эстрадалык топко кошуп алды. Ырахмат маркум Чорого жолуккан тагдырыма. Ал "кой оозуна чөп албайт" дегендей момун, жоош, ак көңүл, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган мыкты жигит эле. Жаңы уюшулган эстрада тобуна "Мен ырдайм", деген кыздар, жигиттер көп келишчү. Алардын арасында данектери бар, башкача айтканда, талантуулар өтө аз жолукчу. Аларга "Сен жарабайсың, тим эле кой" деп айткандан айбыгып, бизди жиберип "жарабайт" деп айтырар эле. Ишке өтө так эле. Ар бир ырчынын мүмкүнчүлүгүн өтө мыкты билүүчү. Жеңил-желпи ыр алып барсаң, мындан көрө ысык эле чай ичип алчы - дечү.
XS
SM
MD
LG