Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО, ЖОГОЛГОН АЛТЫНДЫН СЫРЫ


5-июлда жарык көргөн “Агым” гезитинде публицист Алым Токтомушев “Жолбүгүн” рубрикасында тарыхый окуялар менен личносттор эки ирет кайталанышы: биринде трагедия, экинчисинде фарс түрүндө болот деп, учурда Кыргызстанда тарыхый окуя фарс түрүндө кайталанып жатканын баяндайт. “Революция- деген коомдун социалдык- экономикалык, саясый түзүлүшүнүн түптамырынан бери өзгөрүшү. Ооба, зордук жолу менен. Кыргызстанда саны жагынан да, сапаты жагынан да эч нерсе өзгөргөн жок. Саясый бийликке чоочун чымын да конбоду. Бийлеп, башкарып жаткандар баягылар” деп жазат Алым Токтомушев.

Автордун пикиринде, азыр оппозициячыл гезиттерди табуу кыйын болуп калды. Андан ары Алым Токтомушев Аскар Акаевдин саясый амалдарын Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов фарс түрүндө кайталап жатканын айтып, ошол кездегидей талкуулар, азыркы бийлик саясатын бир добуштан колдоолор, Урмат Барыктабасовго бүткүл элдик каргыш жаадыруулар кампаниясы дээрлик баардык мекеме-уюмдарда өткөрүлүп жатканын баяндайт. “Аскар Акаев гана жетишпейт. Калганы өзү. Эл президенттик шайлоого адаттагыдай эле кайдыгер. Анткени ким шайланаарын билет. Шайлоо технологиясы анча- мынча өзгөрүшу мүмкүн, бирок бийлик элди утат, болгондо да Акаев алажүргөн эсеп менен. Феликс Шаршенбаевич жарыя айтпадыбы: Курманбек Бакиев 70-75 пайыз менен жеңет” деп. Аскар Акаев учурунда да ушинтип айтылчу” дейт “Агым” гезитинде Алым Токтомушев.

Автор Феликс Куловдун отставкага кетүүсүнүн себептерин мындайча божомолдойт: “Биринчиден, президенттик шайлоого өкмөттүк-административдик ресурстар пайдаланылбай койбойт. Азыр деле пайдаланылып жатат. Аткаруучу катары анын башына Феликс Кулов туруп калышы мүмкүн эле. Жаманатты болгусу келбейт. Экинчиден, Курманбек Бакиев Куловдун адамдык ар-намысына да тийип, ойноп койду. Өзүнүн милдетин, башкача айтканда өкмөт жетекчилигин Феликс Куловго ишенип тапшырган жок. Мыйзам боюнча да, өз ара келишими боюнча да тапшырыш керек эле. Адаттагыдай эле бийлик “оттелочулук кызганычын” кылды. Куловдон популярдуулукту кызганды. “Революция” түнүндө да ошондой болгон. Менимче “контрреволюция” деп аткан, а чындыгында адаттагы козголоң же нааразычылыктын бир түйүнү ушунда” деп жазат публицист Алым Токтомушев 5- июлдагы “Агым” гезитинде.

«Агымдын» ушул эле санында «легендарлуу» деп аталган парламенттин депутаты, генерал Бейше Молдогазиев Аскар Акаевдин бийлиги кыргыз алтынын кантип аласалдырып, кимдер аркылуу Цюрихке жүктөп кеткенин жана ушул алтын маселеси боюнча Дастан Сарыгуловго сын айтып, чындыктын бетин ачкан.

«Агымдагы» журналист Алым Токтомушевге берген интервьюсунда генерал Бейше Молдогазиев «Кыргызстандын 1 тонна 800 кг алтынын алдап алып кеткен Бирштейндин жеке менчик самолету «Манас» аэропотуна 17 рейс жасаганын, анын 9 жолкусунда кыргыз алтынын жүктөп алып кеткенин, президенттин күзөт башкармалыгынын жетекчиси Бошкоев 6 жолу, тышкы экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик комитеттин ошондогу төрагасы Аскар Сарыгулов 2 жолу, Санжар Айтматов бир жолу Цюрихке алтын жеткирип барганын, буга далилдүү фактылар, өздөрү жазган ишеним каттар бардыгын» айткан.

Ошондой эле Кыргыз алтыны барымтага коюлуп, Кыргызстан 13 миллион 800 миң америка долларын кредит катары алып, анын 2 миллиону Аскар Акаевдин кайнагасы Аскар Шамбетов аркылуу сарпталып, жеке кызыкчылыктар үчүн жумшалып, калганы башка банктарга которулуп, изи табылбай калганын, мындай «алтын операциясына» ошол учурда «Кыргызалтын» концернин жетектеген Дастан Сарыгуловдун салымы да чоң болгонун» генерал Бейше Молдогазиев айткан.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

1- июлдан бери АКШнын борборунда ОБСЕнин парламенттер аралык ассамблеясынын 14- сессиясы өтүп, ага Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Мелис Эшимканов катышып, өлкөдөгү 24- марттагы ыңкылап, учурдагы саясый абал, Өзбекстандык качкындардын тагдыры тууралуу сүйлөгөн сөзү жарыяланды. Окурмандардын суроолоруна жооп берген бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун “түз байланыш” маеги, “Заар калем” рубрикасындагы курч суроолорго жооп берген өлкөнүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновдун интервьюсу чыкты.

5-июлда жарык көргөн “Аалам” гезитинде алдыдагы президенттик шайлоо, талапкерлер тууралуу макалалар жарыяланды. Ушул 5-июлдагы «Аалам» гезитинде дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгендиги тууралуу редактордун орун басары Аида Надырбекова мындайча айтып берди:

- “Маскачан авторитет” деген маекте буйрутма киши өлтүрүү, учурдагы саясый абал, кылмышкерлер чөйрөсүндөгү талаш- тартышуулар, коррупция тууралуу кеп болот. Ошондой эле Баткен облусунун атуулдарынын ой- пикирлерине орун бердик. Алдыдагы президенттик шайлоого карата жаш шайлоочулардын пикирлери да жарык көрдү. Жогорку кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев менен болгон интервью чыкты.
.
5- июлда басууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” белгилүү акын Аман Токтогуловду калемдештери, замандаштары, акындын достору эскеришет. Ошондой эле Аман Токтогуловдун таамай сөздөрү, нускалуу кептер да жарыяланууда. “Адабий гезит” Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Архат” романынан жана Көчкөн Сактановдун “Сталинден кийинки заман” романынан үзүндүлөрдү сандан -санга жарыялоодо.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG