Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

ДАРЫГЕР ОМОРБАЙ НАРБЕКОВ КУШ ТУМООСУН АЙЫКТЫРУУНУН ЖОЛУН ТАПТЫ


Кыргызстандык белгилүү дарыгер Оморбай Нарбеков куш тумоосун тоо чөптөрүнүн жардамы менен дарылоо ыкмасын өздөштүрдү. Ал азыркы учурда Казакстандагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосун айыктыруу боюнча эксперимент жүргүзүп баштады.

- Куш тумоосун айыктыруу жана анын алдын алуу боюнча Сиз өздөштүргөн ыкманын кандай өзгөчөлүгү бар?

-Эми биз быйыл бир вируска карата вакцина алсак, эмдиги жылы башка вирус түшүп калып жатпайбы. Ошол үчүн тигил же бул вирус экен дебей, вирустарга жалпы таасир эте турган бир нерсени чыгаруубуз керек. Ушул маселенин үстүндө иштеп келатканыма көп болду.

Кыргызстандын өзүндө эле дарылык касиети күчтүү чөптөр көп. Алар-вирустарды көбөйтпөй, өстүрбөй өлтүргөнгө жарай турган чөптөр. Эми азырынча дары деп айтыш кыйын. Бирок, келечекте балким бир күчтүү дары да болуп калышы мүмкүн. Азырынча, ошол сасык тумоо менен ооруганга жол бербей турган, ооруса да бат тарап кете турган же жеңил өтүп кете турган затты ойлоп таптык десек болот.

Мен муну баса айтып атканым, бул аларды мурда адамдарга колдонгонбуз. Сасык тумоолоп өтө катуу ооруп калган адамдардын оор абалы орто абалга же жеңил абалга өтүп кетерин байкап көргөнбүз. Вирус адамдардын клеткасына кандай таасир этерин Санкт-Петербугдагы институт изилдеп аныктап чыккан. Вирустардын бир жаман касиети өтө тез көбөйөт экен, анын чыгарган уу заттары адам денесиндеги клетканын ядросун ээритип таштайт экен. Ал эми ядросу жок клетка эч нерсеге жарабай калат. Мына ошол биз вируска каршы колдонгон дары клеткалардын уусуна чыдамдуу болуп, клеткалардагы вирустар эрибей коет экен. Маселе ушунда болуп жатат.

Мен курортология институтунда директор болуп иштеп турганда, ошол Санк-Петербургдагы окумуштуулар менен 5-6 жыл илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, вирустардын табиятын иш жүзүндө текшерип көргөнбүз. Изилдөөлөр вирустардын баары эле окшош, баарынын эле таасири бирдей болорун көрсөттү. Адамдардын сасык тумоосун чакырган жана куш тумоосун чакырган вирустар окшош эле нерселер.Эми ал оорууларды айыктырганга кандайдыр бир деңгээлде дары чөптөрдү колдонсок, андан кийин аны өркүндөтүп, дары чыгарсак болот.

-Сиздер куш тумоосуна даба боло турган дарылык касиети бар чөптөрдү кайсы бир жерде колдонуп көрдүңүздөрбү?

- Эми куш тумоосу жакынкы Казакстанга келип калбадыбы? Биз алар менен да кеңешип иштеген жатабыз. Алардын канаттууларды өстүргөн фабрикаларында биздин дары чөптөрдүн таасирин сынактан өткөрүп көрсөк деген оюубуз бар. Азыр кандай оору болсо да канатууларды сактап калыш керек. Себеби канаттууларды өстүргөн миңдеген фабрикалар бар. Алар куш тумоосунан кырылып калса экономикалык, экологиялык зыяны орду толгус болот. Кытай , араб өлкөлөрү куштардын эти жана жумурткасы менен оокат кылат. Эң коркунучтуу жагы - куш тумоосу адамга өтүп баштаса, анда пандемия каптап кыямат күн келет.

Эгерде биздин дары-дармектерибиздин касиетин Казахстанга далилдеп бере турган болсок, экономикасы жакшы өнүгүп баратпайбы, аны дары катарында кеңири жайылтуу жагына колдоп беришет деп ойлоймун. Ошол эле учурда мен Сауд Арабия өлкөлөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Алар дагы эксперимент жүргүзүп, биздин дарылоо ыкмабызды байкап көрөлү деп турушат. Менимче, араб өлкөлөрү абдан кызыкдар.

XS
SM
MD
LG