Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

УЛУТ САЯСАТЫ: ӨЗБЕКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗБЕКТЕР


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарындагы Кыргызстандагы өзбектер коому Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы улут саясаты боюнча билдирүү таркатты. Анда Өзбекстандагы кыргыздардын жана башка улуттардын этникалык абалынын оордугу белгиленүү менен, Кыргызстандагы өзбектерди коңшулаш өлкөдөгү кыргыздарга салыштырбоо талабы айтылат.

Кыргызстандагы өзбектер коомунун билдирүүсүндө Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин санынын азайышы, алардын маданиятын өнүктүрүү багытында мамлекет алган милдеттемелердин аткарылбай жаткандыгы жана этникалык топтордун укуктарын талап кылган адамдарга карата саясий куугунтуктоонун орун алып жатышы боордош катары бизди дагы тынчсыздандырат деп айтылат. Мындан тышкары Кыргызстанда дагы этникалык саясатта өзгөрүүлөр байкалып жаткандыгы белгиленип, билдирүү ээлери жогорку мамлекеттик даражадагы жетекчилердин Өзбекстандагы кыргыздар менен Кыргызстандагы өзбектерди салыштыруусу туура эмес деп эсептешет:

- Өзбекстандагы кыргыздардын абалы оор экендиги жөнүндө билебиз. Өзбек бийликтери акыры түшүнүү менен абалды өзгөртөт деп дагы деле ишенебиз. Бирок кийинки учурда демократиялык башкаруудагы кыргыз бийликтери да улут маселесинде салыштыруу жүргүзө баштагандыгы бизди тынчсыздандырат. Биз кыргызстандыкбыз, бизди башка өлкөдөгү улуттук азчылыктардын абалы менен салыштырууга болбойт. Биз этникалык укуктарыбызды талап кылабыз. Бирок депутат Кадыржан Баатыров койгон талаптарга кошула албайбыз - дейт Кыргызстандагы өзбектер коомунун координатору Алишер Хамидов.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Жалалабат облустук өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Баатыров мырза маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Кыргызстандагы өзбек улутунун өкүлдөрүнүн өзбек тилине расмий тил макамын берүү талабы кыргыз бийликтери тарабынан одоно түрдө кабыл алынгандыгын билдирген эле:

- Президент өзү баш болуп трибунадан өзбек тили боюнча маселеде ага карата акаарат формасында өз пикирин билдириши туура эмес. Биз этникалык укугубузду гана талап кылганбыз. Өзбек тилине расмий тил макамын берүүнү сурануу бул кылмыш эмес. Ал деген элдин, менин кандаштарымдын өтүнүчү гана болчу. Мен мамлекет жетекчилигинин аталган өтүнүчтү курч формада кабыл алышын Кыргызстандагы өзбек элин сыйлабагандык катары кабыл алдым - деген эле депутат Кадыржан Баатыров.

Анткен менен Өзбекстандагы кыргыздардын Ош шаарындагы туугандары оор этникалык абалды баштан кечирип жатканына карабастан алар өзбек бийликтерине карата эч кандай талап койбой эле жашап жаткандыгын айтышты.

Ош шаарынын тургуну Абдыкерим Турдубаев улут маселесин талдоого алууда салыштыруу болбосо жыйынтык көрүнбөйт деген оюн ортого салды:

- Өзбекстандагы кыргыздардын жашоо тиричилиги авторитардык режимге байланыштуу демократиялык өнүгүү жокко эсе десек да болот, алар барганда ачык эле айтып калышат, бизди эч бир кызматка коюшпайт деп. Өзбек деп паспорт алышкандар да далил болгон.

Кыргызстандагы өзбектер коомунун координатору Алишер Хамидов коңшулаш эки өлкөдөгү этникалык абал боюнча билдирүү кыргыз жана өзбек бийликтеринин атына жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG