Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

КЫРГЫЗ ТЕЛЕЖЫЛДЫЗЫ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ ТИРҮҮ БОЛСО АЛТЫМЫШКА ЧЫКМАК


Өңү-түсү, келбети жана коңур үнү төп келген кыргыз дикторлору саналуу гана. Алардын бири- өлкөгө эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу жана диктор маркум Жолдубай Кайыпов тирүү болсо бүгүн 60ка чыкмак. Учурунда Жолдубай Кайыпов кыргыз тележылдызы, белгилүү алып баруучу катары таанылган.

Телекөрсөтүүлөрдө алып баруучу, дикторлор улуттук жүзү катары бааланат. Ушундай дикторлорун катарына көзү өтүп кеткен Роза Рысмендиеваны, Жолдубай Кайыповду, Жеңишбек Ашымовду жана Тамара Алсейитованы кошууга болот. Алардын бир Кыргызстанга эмгек сиңирген артист, обончу Жолдубай Кайыпов Атбашы районунун Жаңыкүч айылында жарык дүйнөгө келген. Ысыккөлдөгү айыл чарба техникумун, Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Атбашыдагы “Пограничник” чарбасында зоотехник болуу менен баштаган. 1973- жылдан өмүрүнүн акырына чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балте театрында солист, кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген. Учурунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өткөрүлгөн дикторлор сынагынын баш байгесин жеңип алган.

Жолдубай Кайыпов 26 жашында кыргыз телерадиокомитетине диктор болуп келгенин, көптөгөн теле берүүлөдү, айрыкча “Ыр кесенин” ажарын ача алып барганын учурунда бирге иштеген кесиптеши, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тамара Жаманбаева эскерип олтурду.

- “Таңкы поез” деген ыры менен телекөрсөтүүгө катышып калды. Бардык жагынан телеберүүлөргө ылайыктуу экенин байкап, кайда барып иштейин деп жатасын деп сурап калдым. Опера жана балет театрында иштегени жатканын айтты. “Сен телеберүүлөргө абдан ылайыктуу экенсиң, келечегиңди ушул ишке арна” деп кеңеш бердим. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство инситутунда окуп жүргөндө эле бизге ишке орношуп бирге иштеп калды. Ар бир айтылган сүйлөм, сөз жүрөгүң аркылуу өтпөсө, өзүн тексти түшүнбөсөң аны эч качан элге жеткире албайт. Жолдубай алып барган берүүлөр элге жетип, суктануу менен кастарлар көрүшөөр эле. 38 жаш күлгүн курагында мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн эстегенде каңырыгың түтөп кетет.

Учурда Жолдубайдай дикторлорго телекомпаниялар муктаж болуп турганын, ушундай дикторлорду издөө үчүн атайын конкурс жарыяланып жатканын мамлекеттик телерадиокомпаниянын башкы директору Кыяс Молдокасымов айтты. Анын айтымында күзүндө Жолдубай Кайыповду эскерүү кечелери өткөрүлмөкчү.

- Эми Жолдубай Кайыпов деген кыргыздын тарыхында, маданиятында калган инсаны. Совет доорунда кыргыз телекөрсөтүүсүн түптөп негиздегендердин бири ушул Жолдубай болгон. Учурда Жолдубай агадай бардык жагы шайма шай келген диктор, алып баруучуга муктаж болуп турабыз.

Жолдубай Кайыпов бир туугандардын улуусу болгондуктан агалык жол көрсөтүп, кеп- кеңеш айтып, жүрүм- туруму менен үлгү болуп келгенин иниси Бишкек шаардык маданият башкармасынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов эскерди. Анын айтымында Кыргыз телерадиокомпаниясынын алтын казынасында сакталуу Жолдубай Кайыпов алып барган телекөрсөтүүлөр, “Ыр кесе” жана башка майрамдык берүүлөр өчүрүлүп, сакталбай калган.

Жолдубай Кайыпов жетимиштен ашуун обон чыгарып, маданият тармагында да таанылган. Анын “Мекеним”, “Атам менен энеме”, “Көл үстүндө”, “Алгачкы кадам”, “Кел бийлейли, ырдайлы” жана башка ырлары элге кеңири белгилүү.

Анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн айылындагы мектебине аты берилген. Чакан берүүдө Жолдубай Кайыповдун чыгармачылыгын ачып берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан эскерүүнү анын аткаруусундагы «Атам менен энеме» аттуу ыры менен аяктайлы.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG