Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

БИШКЕКТЕ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭПОС ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ


Бул фестивалга дүйнөнүн жыйырма сегизден ашык мамлекетинен өкүлдөр келишти. Фестиваль 5-сентябрь күнү мамлекеттик тарых музейинин алдында ачылып, анда иш-чаранын коноктору сөз сүйлөп, фестивалдын ишине ийгиликтерди каалашты.

Иш чараны өткөрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Жыпар Жекшеев соңку убакта Маданият министрлиги тарабынан маданий иш-чаралар байма-бай өткөрүлө баштагандыгын белгиледи. Андан кийинки сөздү Кытайдан келген белгилүү окумуштуу Макелек Өмүрбай алып, иш-чарага карата жылуу пикирин билдирди.

-Манастын өзүнүн ордосунда бүтүн эпосту изилдөө боюнча ушундай чоң мааракени өткөрүп жаткандыгыңыздар менен куттуктайм. Ушул жолку чоң мааракенин ийгиликтүү болушун, көздөгөн максатына жетүүсүн каалаймын.




Фестивалдын алкагында “Кыргыз көчү” аттуу этнографиялык шаарча ачылды. Ага карата тарых музейинин алдына отузга жакын боз үй тигилди. Боз-үйлөрдүн кароо-сынагы менен катар өлкөнүн бардык аймактарынан келген чеберлердин эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда. Бул фестивалдын программасына ылайык “Эпикалык мурастарды сактоонун жолдору менен жаңы формалары” аттуу эл аралык симпозиум өттү. Премьер министр Феликс Кулов баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан бул симпозиумда эпосту мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору деген теманын тегерегинде сөз болду.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров эпосту таанучулардын, айтуучулардын жана дастанчылардын башын бириктирген бул фестиваль салтка айланган иш-чара болушуна тилектештигин билдирди.

Симпозиум бүгүн да өз ишин улантат. Аны менен катар “Дүйнөлүк эпостордун парады” болуп, ал ар бир өлкөдөн келген өнөрпоздордун театралдаштырылган оюн-зоогу менен коштолот.

Келген коноктор ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен жолугушуп, өлкөнүн маданий жайларын кыдырышат. Фестивалдын программасына ылайык конокторго көркөм тасмалар жана спектаклдер көрсөтүлөт.

9-сентябрда фестивалдын катышуучулары жана коноктору менен улуттук телеканалда көрсөтүү уюштурулат. Иш-чаранын соңунда боз үйлөрдүн кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар тапшырылат. Ал эми фестивалдын алкагында өткөрүлгөн симпозиумдун жыйынтыгында бүткүл дүйнөгө кайрылган меморандум кабыл алынат. Бул фестиваль 9-сентябрда улуттук филармонияда катышуучулардын гала-концерти менен жыйынтыкталат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG